Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Грекия: Мамлекеттик телерадиокомпания садага чабылды


Көгүлтүр экран мамлекеттик ЭРТ телерадиокомпаниясы жабылгандан кийин.
Көгүлтүр экран мамлекеттик ЭРТ телерадиокомпаниясы жабылгандан кийин.

Грек өкмөтү мамлекеттик ЭРТ (ERT) телерадиокомпаниясын жапты. Мындан улам шейшембинин кечинен тартып, мамлекеттик телерадиоберүүлөр токтоду.

Журналисттер менен кызматкерлер иш орундарында калды. Грекиянын профсоюздары буга каршы 24 сааттык иш таштоо өткөрүүгө чакырышты. Журналисттер союзу ЭРТлык кесиптештерине тилектештик ирети жумуштарын токтотту. Мамлекеттик телерадиокомпанияны жабуу - өкмөттүн бюджетти үнөмдөө саясатынын алкагында жасалды.

Грек өкмөтү ЭРТ (ERT) телерадиокомпаниясын каржылоого жылына 300 миллион евро сарптачу. Акыркы жылдары катаал насыя кризисине кабылган Грекиянын өкмөтү батыштык кредиторлордун талабына ылайык бюджеттин чыгымдарын кыскартканга аргасыз. Бул Европа биримдиги менен Эл аралык валюта корунун Афиныга 240 миллиард долларлык насыяны берер алдындагы шарты.

Шаршемби күнү Грек өкмөтүнүн өкүлү Симос Кедикоглу телерадиоберүүлөрдүн токтотулуусун актап, туура кадам деп атады:

- Биз туура иш кылып жатабыз. Ачык айтканда, башка жол жок. Анткени акыркы айларда ЭРТ берүүлөрдү токтоткон: жаңылыктар да жок. Журналисттер өзгөчө макамды каалашып, Грекиянын мамлекеттик сектору иш таштап жатканына карабай, иш таштоого чыгышкан. Башка чара болгон жок. Биз бул кадамга үч ай ичинде барабыз деп жарыялачу болсок, ЭРТ иш таштоодон улам жабылмак. Ошон үчүн азыр жапканды ылайыктуу көрдүк.

Грекиянын мамлекеттик телестанциясынын сыртына ЭРТнын жабылганына нааразылык билдирип, чогулган адамдар. Афины, 11-июнь 2013
Грекиянын мамлекеттик телестанциясынын сыртына ЭРТнын жабылганына нааразылык билдирип, чогулган адамдар. Афины, 11-июнь 2013
Симос Кедикоглу шейшемби күнү түндө сүйлөп, өкмөттүк телерадиокомпанияны ашыкча чыгымдардын, жемсөөлүктүн жана сабатсыз башкаруунун очогуна айланды деп сындаган эле.

Өкмөттүн түшүндүрүшүнчө, ЭРТнын ишин жоготкон 2,5 миңдей кызматкеринин айрым бир бөлүгү жаңы түзүлчү жана мурдакыдан чакан телерадиокомпанияга жумушка алынат. Жаңы компаниянын жылдык бюджети, маалымдалганга караганда, 100 миллион евро болот. Ал, өкмөт өкүлүнүн айтышынча, эрте дегенде бир нече жумадан кийин, кечигип барса эрте күздө иштей баштоого тийиш.

Мамлекеттик телерадиокомпаниянын кызматкерлери Антонис Самарас башындагы өкмөттүн чечими алар үчүн чак түштөгү чагылгандай күтүүсүз болгонун айтышууда. ЭРТда 13 жыл иштеген журналист Катерина Иваниду айымдын билдиришинче, телерадиокомпаниянын кызматкерлерине бир нече айдан бери маяна төлөнбөй жаткан:

- Биз жаңылыктар станциясы татыктуу болсун үчүн ага өз өмүрүбүздү, өз жаныбызды бердик. Биз эчендеген түндөр иштеген элек. Аныбыздын акысы эч качан төлөнбөйт эми. Бул жерде жан аябай эмгектенген бардык кызматкерлер ноябрдан бери маяна ала элек. Алар бизди ушинтип таштап салууда. Бул - уят, шермендечилик.

Кээ бир талдоочулар ЭРТны жабуу Грекиянын араң турган үч партиялуу өкмөтүн ыдыратышы ыктымал деп боолгошот. Себеби коалицияга кирген Жалпы грекиялык социалисттик кыймыл - ПАСОК жана “Демократиячыл солчулдар” партиясы премьер-министр Самарас мамлекеттик телерадиоканалды жабууда алар менен масилеттешпегенине нааразы.

XS
SM
MD
LG