Линктер

Нью-Йорктогу мода жумалыгында 2017-жылдын жазгы коллекциясын көрсөтүүдө хижабдын түркүн түсү чыгып, тарыхта алгач ирет кийимдин бул стили дүйнөлүк мода айдыңына кирди. Ал арада Кыргызстанда хижаб кийген кыз-келиндер барган сайын көбөйүүдө.

Быйылкы Нью-Йорктогу мода жумалыгына индонезиялык дизайнер Анниеса Хасибуяндын жибек, бермет менен шөкөттөлгөн хижаб коллекциясы өзгөчө көрк берди. Мода эксперттери хижабды талкуулап, анын дүйнөлүк мааниси арта түштү.

Мындай тенденциядан Кыргызстан да куру калбай, азыр өлкөнүн айрым дизайнерлери хижабдын кооз, стилдүүлөрүн чыгарышып, Түркия, Ирандан да аялдардын кызыгуусун жараткан мусулман кийимдери келүүдө.

Хижабдын кыргыз аялынын жашоосуна акырындап кирип, бир бөлүгүнө айланып баратканы айныгыс чындык. Оромолду араб аялдарындай оронуу кыргыз кыз-келиндери үчүн диний түшүнүкпү же маданий тенденциябы?

Жыйырма жаштагы Бактыгүл Бишкектеги борбордук мечиттин жанында аялдардын кийимин сатат. Хижаб кийген кыргызстандык кыз-келиндер деле модадан куру калбай, аны кубалашарын мындайча айтып берди:

- Кочкул кызыл түс азыр мода болуп жатат. Анан көбүнесе кызгылтым түстү да жакшы алышат. Күңүрт жашыл түс да модада. Мурдагыдай чымкый көк же кыпкызыл кийбей калышты. Анан карага оогондор да азайды. Капкара хижаб алат элем дегендер азыр дээрлик жок. Негизи биздин дүкөндөгү эң кымбат хижабдын баасы 5 миң сомдон жогору. Аябай шөкөттөлгөн, тойго кийгенге ылайык хижабдар жакшы өтпөйт. Күн сайын кийүүчү, жөнөкөй кийимдерди сатам.

Мода көргөзмөсү, Бишкек

Мода көргөзмөсү, Бишкек

Хижаб кийүүдөгү айрым эрежелер, сактай турган нормалар да бар. Сатуучу кээде туура эмес кийинген кыздарга эскертүү берип, кеңешин аябайт. Бактыгүл мындай кийимдерди сатаардан мурда өзү ачык эле кийинип жүрчү. Азыр ал хижабчан. Оромол салынуунун алдында ал бир нече этаптардан өткөн. Алгач жоолукту кыргызча эле башына салынып, андан кийин оронуунун ар кыл ыкмасын үйрөнгөн:

- Башында жоолукту артка салына баштагам. Анан Жадиникиндей кылып салынганды үйрөндүм. Дароо эле узун көйнөк, хижаб кийип кете албадым. Алгач туниканы ичке шым менен кийчүмүн. Бара-бара анан хижабга өттүм. Муну кийип жүргөндө кээде көчөдөн жаман сөз айткандар да болот. Маршруткадан кыргыз эжелер деле "эмне мынча шөлбүрөтүп узун киесиң, сен эмне Мухаммед пайгамдарбын доорунда жашап жатасыңбы?" деп жекиришет. Жайында айрымдар "Ысып кеткен жоксуңбу?" деп мурдун чүйрүшөт. Мен унчукпайм деле. Көңүл деле бурбай калгам.

“Дин менен кийимдин байланышы жок”

Орусияда аялдардын “Айым” коомдук бирикмесин башкарган Шахрезада Аданова акыркы учурда мигрант кыз-келиндердин арасында да хижаб кийүү маданияты жайылганын айтат. Өзү да оромол салынганына бир нече жыл болгон. Бирок Аданова кийим менен динди байланыштырууга кошула бербейт:

- Эми хижабды динге эле такаган туура эмес. Биринчиден, хижабдын маанисин терең талдоо керек. Эмнеге дене-мүчөңдү жап деп жатат деген суроону берүү зарыл. Дарыгерлер деле денени жаап, чаңдан сактап жүрүү ден соолукка пайдалуу экенин айтышат го. Эгер ачык кийинип алса, жакшы энергиясы кетип калат. Жерден энергияны узун көйнөктүн этегинен алса болот деп айтышат. Ошон үчүн айтар элем, хижаб менен Ислам дининин байланыштырбоо керек. Ислам дини таптаза дин. Ал эми хижаб болгону кийимдин бир түрү.

Хижаб – араб маданияты

Динде башы-көздү чулгап оронуп алуу деген түшүнүк жок экенин укук коргоочу Эркайым Садыкова да белгилейт. Ал өзү 2011-жылдан бери беш убак намазын үзбөй окуп, башына хижаб эмес, жөн гана жоолук оронот. Дин менен хижабды байланыштырууга Эркайым такыр кошулбайт. Аял кишинин уяттуу жерин жабуусу жеке эле исламда эмес, бардык диндердеги көрүнүш экенине токтолду:

Мода көргөзмөсү, Бишкек

Мода көргөзмөсү, Бишкек

- Хижаб менин оюмча араб маданиятынын бир бөлүгү. Куранда дал ушул хижабды же дагы башка кийимдерди кийип жүргүлө деп айтылган эмес. Куранда тек гана "аялдар авратын жаап жүрсүн" делет. Андыктан азыркы заманбап жашоого ылайык эле кыргыз келиндердей башты жаап жүрүү эч кандай динге каршы чыкпайт. Чач дагы авратка кирет. Анткени жакшынакай чач да эркекти кызыктырышы ыктымал. Андыктан аялдар үчүн чачты жаап жүрүү да мааниге ээ. Ал тургай христиан дининде да чиркөөгө киргенде же сыйынганда жоолук салынышат. Диндердин баарында эле аял киши чачын жаап сыйынышы керек. Ал сөзсүз түрдө хижаб болушу керек деген шарт эмес.

Эркайым Садыкова жоолук салынып, дин жолуна түшкөнү үчүн мамлекеттик кызматын таштап, өз алдынча иштеп жүрөт. Анын айтымында, кыргыз коомчулугунда азыр хижаб кийип же жоолук салынган аялдарга карата жекирүү мамиле уланып келет. Ошентсе да ал жоолук менен билимди айкалыштыра билүүнү далилдөөгө далалат жасоодо.

Financial Times гезитине мындан бир нече апта мурда мусулман аялдардын кийиминен келип чыккан Европадагы курч кырдаалды талдаган макала чыккан. Анда: “1950-жылдары Италиянын Римини курорттук шаарындагы жээктерде бикини кийген аялдарды полиция кармап, суракка алчу. 60-жылдарга чейин Францияда да жээкте ачык кийингендер жоопко тартылып, сууга түшкөндө азыркы тыйып жаткан буркиниге окшош кийим кийиш керек деген жарнамалар жайнап турчу. Тарыхчылар, антропологдор ондогон жылдардан бери аялдын денесин эмне менен жабыш керек деген маселе боюнча баш оорутуп келишет”, - деп жазылган.

Бишкекте өткөн мода көргөзмөсү. 2014-жыл (Сүрөт баян)

“Модага айланды”

Ал эми Кыргызстанда хижаб тенденциясы модабы же диний талаппы деген суроонун үстүндө талаш-тартыштар бүтпөй келет. Филология илимдеринин кандидаты, доцент Назгүл Мазекова да студент кыздардын арасында сурамжылоо жүргүзүп, хижабды кийүүнүн маанисин чечмелөөгө аракет кылган:

- Хижаб кийген кыздар бизде күндөн-күнгө көбөйүп бара жатат да. Ушундан улам мен мугалим катары хижаб оронгон кыздардын арасында сурамжылоо жүргүзүп, себебин билүүгө аракет кылып көргөм. “Беш маал намаз окуйсуңбу? Эмне үчүн хижабды кийдиң?”- деп сураганымда айрым кыздар күйөөсү беш маал намазга жыгылгандыктан, анын талабы менен оронгонун айтышса, кээ бири намаз окубаса деле кийгенин айтышкан. Анан биздин коомдо азыр мындай түшүнүк бар. Эгерде кыз-келиндер кыска кийип, боёнуп жүрсө эле анда “бузулган” же татыктуу жар боло албайт деп иргеп башташты. Мына ошондой сөзгө калуудан качышып, хижабды ыймандуу, акыл-эстүү, дин жолунда жүргөн, келечекте жакшы жар, келин болуп бере ала турган имидж жана жөн гана турмушка чыгуу максатында кийген кыздар да бар экенин байкадым. Ушундан улам бул кийимди диний талап эмес, учурдун модасы гана деп айтсак болот.

Эгерде кыз-келиндер кыска кийип, боёнуп жүрсө эле анда “бузулган” же татыктуу жар боло албайт деп иргеп башташты. Мына ошондой сөзгө калуудан качышып, хижабды ыймандуу, акыл-эстүү, дин жолунда жүргөн, келечекте жакшы жар, келин болуп бере ала турган имидж жана жөн гана турмушка чыгуу максатында кийген кыздар да бар экенин байкадым.

Мазекова акыркы мезгилде хижабды стилдүү, кооз кылып тиккен кыргызстандык дизайнерлер жана чет элден келген импорт узун кийимдер да көз жоосун алып, аялдардын диний көз караштан эмес, моданы кубалап кийүүсүнө өбөлгө болуп жатат деген пикирде. Албетте, буга Нью-Йорк мода жумалыгындагы индонезиялык дизайнердин хижабдары да эми жаңы толкун болуп берери шексиз. Себеби 48 түрлүү хижаб моделдери, үлпөт көйнөктөрү хижаб индустриясына кошулган чоң салым деп белгилейт Muslim Girl журналы. Ал эми коомдук ишмер, журналист Кален Сыдыкова Жакынкы Чыгыштын маданияты азыр кийим аркылуу кыргыз аялдарына таңууланып жатканына нааразы.

- Ал эми мода эмес да. Ошол башка жакта жашаган адамдардын, күнүмдүк кийген кийимдерин бизге алып келишип, таңуулап жатышпайбы. Атайын эле башкалардын маданиятын бизге сиңирүүгө жасаган аракет деп ойлойм. Албетте, кыргыздын кыздары эми өзүбүздүн эле кийимдерди кийсе болмок да. Мен негизи ушундайларга каршымын. Бизнес кылыш үчүн деле ошондой кооз, стилдүү хижабдарды тигип, аны элге жарнамалап, чоң киреше тапкандар бар. Алтургай мен айрым уюмдарды билем, акысыз хижаб таратышып, башка элдин маданиятын бизге таңуулап жатышат. Муну мен улутка каршы жасалган кылмыш катары кабылдаймын.

Аялдардын оромолунун айланасында дүйнөнүн булуң-бурчунда чоң талаштар болуп келген. Маселен, Европанын айрым өлкөлөрүндө оромолго тыюу салынган. Коңшу Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларында иштеген аялдар жана коомдук жерлерде кызмат өтөгөндөр хижаб кие алышпайт. 1925-жылы Түркияда республикалык бийлик орноп, оромолго жана паранжага окуу жайларда тыюу салынганы менен 2008-жылы Режеп Тайип Эрдоган башында турган АК партия бийликке келгени кайрадан жоолук салынууга уруксат берилди. Ал тургай түрк полиция аялдары да эми фуражканын алдынан жоолук салына алышат. Кыргызстанда болсо жоолуктун айланасындагы талаш-тартыш бир нече жылдан бери бүтпөй келет. Ошентсе да Баш мыйзам боюнча ар бир атуул каалаган динин тутуп, каалаган кийимин кийгенге укугу бар.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG