Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Мигрант кыз-келиндер зомбулукту жашырат


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусияда зордук-зомбулукка кабылган мигрант кыз-келиндер коомдук айыптоодон дагы миграциялык документтерди текшерүүдөн чочулап, полицияга кайрылуудан качышат. Жергиликтүү укук коргоо органдары деле келгиндердин кайрылууларына көз жумгандай.

Жазгүл Москвага 15 жашында келген. Акыркы жети жылдан бери мигранттык турмуштун арабасын сүйрөп келет. Мектептен кийин кесиптик билим албагандыктан, бир топ жылдан бери Москвадагы кафелерде тейлөөчү кызматкер - официант болуп иштейт. Жаңы жылдын алдында аны бирге иштеген кесиптеши зордуктап койгон:

- Түнкү саат бирден кийин жумуштан чогуу иштеген үч кыз, эки бала менен чыкканбыз. Банкет тоскондуктан, баарыбыз аябай чарчаган элек. Анан экөөнүн бирөө мен жакка кетерин айтып, бирге такси тосууну сунуштады. Оюмда эч нерсе жок эле макул болдум. Жолдо келе жатып эмнеге өзүмдү жоготуп койгонумду билбейм. Эртең менен анын үйүндө ойгондум, төшөктүн баары кан... Биринчи ооруканага барып, анан полицияга арыз жаздым. Аны жумуштан кармап кетишти. Акча берем, үй алып берем деп жалдырап турду.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Айыпталуучу дароо камакка алынганына карабастан, эки айдын ичинде укук коргоо органдары айыпкерге эч кандай чара көрүшкөн эмес. Кечээ жакында Жазгүл айыпкер өз өлкөсүнө чыгып кеткенин уккан.

- Үч ай болуп калды, эмдигиче тергөө иши бүтпөй, ал соттоло элек. Кечээ бошонуп Өзбекстанга учуп кеткенин уктум. Тергөөчүгө барсам, “экспертизалык анализдер чыга элек, далилдер жок” деп ар нерсени айтышат. Элчиликке кайрылдым. Акыркы үмүтүм.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Жазгүлдүн арызы боюнча консулдуктун кызматкерлери тергөө кайрадан жанданып, Өзбекстандын жаранына кылмыш ишинин козголушу боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатышканын билдиришти.

"Кайсы элде жүдөө көрсөң зайыпты..."

Февралдын башында Тюмень шаарында кыргызстандык мигранттар дарылануучу ооруканага 23 жаштагы Айгүл аттуу кыз кайрылган. Ал бейтааныш кыргызстандык балдар шаардын чет жагындагы токойго алып барып, күч колдонуп зордуктап таштап кеткенин айтып берген.

Тюмендеги “Биримдик” кыргыз жамаатынын төрайымы Канзада Сманова шаардагы мекендештер айыпкерлерди табууга жапатырмак киришкенин, бирок жабырлануучу байланыш даректерин жашырып жатканын айтууда:

- Эми телефону өчүк. Полицияга дагы арыз жазбай койгон. Аябай уруп, коркутуп, жүрөгүнүн үшүн алып коюшкан да. Дүкөндө иштеген жеринен салып кетишип, токойго алып барып кордоп, таштап коюшкан. Коён издеп жүргөн бир татар киши эртең менен таап алып, тез жардам чакырып, аман алып калган. Тигилер “өлүп калат” деп ойлосо керек. Жетимдин колдоочусу бар дейт го, өзү жетим кыз экен, инилерин бакчу экен. Кыздар дагы ар кандай болот. Сураштырсам, бул байкуш ыймандуу, түз жүргөн неме экен. Тигилерге жөн жерден туш болгон. Биздин шаар кичинекей, бат эле табат элек зөөкүрлөрдү. Кыз коркуп жатат. Полицияга дагы “кыргыз балдар болчу” деп айтпаптыр.

Канзада Сманова мындай жабырлануучу кыз-келиндер коомдук айыптоодон жана өздөрүнүн Орусиядагы мыйзамсыз абалынан чочулашарын белгилейт.

Элүү жаштагы Зулпия Москвадагы таанышынан зордук көрүп, денесине оор жараат алган маалда дагы жашаган батиринде миграциялык каттоосу жок болгондуктан полицияга кайрылган эмес:

- Бир бөлмөлүү батир алып, эки балам жана үч квартирант менен чогуу турчубуз. Квартиранттын бири Өзгөндөн, 1979-жылы туулган Кеша деген бала эле. Эки ай жашап, акча бербей кеткен. Улам чалып сурасам, “берем, берем” деп жүрүп, эч ким жокто үйгө келип, камап алып уруп, зордуктап качып кетти. “Каралар” менен иштейм, бирөөгө айтсаң, түнү келип союп кетем” деп, жылаңачтап телефонго тартып коркутту.

Москвадагы Кыргызстандын ИИМинин өкүлчүлүгүнө бул окуя тууралуу маалымат түшүп, ыкчам жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында айыптуу адам камакка алынган. Ош облусунун Өзгөн районунун Мырзаке айылында туулган К.К. атуу жаранга Орусиянын Кылмыш кодексинин 131-беренеси боюнча иш козголгон.

Ал эми 15-февралда Москванын “Дон-Спорт” фитнес-клубунда 16 жаштагы Жылдыз Закиров Б. атуу кыргызстандык жаран тарабынан зомбулукка кабылган. Хамовники району боюнча полиция кызматкерлери тарабынан айыпталуучу жаран камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.

Кыргызстандын ИИМинин Москвадагы өкүлчүлүгү зордук-зомбулукка кабылган мекендештерди миграциялык документтердин мыйзамдуу-мыйзамсыздыгына карабастан жергиликтүү укук коргоо органдарына жана ИИМдин өкүлчүлүгүнө өз маалында кайрылууга чакырат.

"Азаттыктын" архиви: Москва: кордук көргөн кыздар. 13-октябрь, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG