Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Фухтел: Кыргызстанга грузин ыкмасы керек


Ханс Йоахим Фухтел
Ханс Йоахим Фухтел

Германиянын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу секторунун өкүлдөрү Бишкекке атайын иш сапар менен келди.

Германия экономикалык өнүгүү жана кызматташтык министринин орун басары, ондогон жылдар бою парламентте эл өкүлү болгон Ханс Йоахим Фухтел баштаган топ өкмөттүк деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүүдө.

Фухтел "Азаттык" радиосуна атайын маек берип, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу тармагындагы коррупция, бюрократияны жоюу маселелери тууралуу ой бөлүштү.

"Азаттык": Кыргызстандагы бийликтин эң башкы баш оорусу - жемкорлук жана бюрократия. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн кандай жолдорду сунуштайсыз?

Германияда биз бир мыйзам кабыл алсак, анда ага окшош эски мыйзамды жокко чыгарабыз. Бюрократия деген эмне? Мыйзамдардын ашыкча көптүгү да.

Ханс Фухтел: Бюрократия проблемасы бизде, Германияда да бар. Азыркы учурда дүйнө коомчулугунда мамлекеттик системадагы бюрократияны азайтуу аракети жапырт жүрүүдө. Бул маселени чечүү үчүн жаңы ыкма сунуштайт элем. Маселен, Германияда биз бир мыйзам кабыл алсак, анда ага окшош эски мыйзамды жокко чыгарабыз. Бюрократия деген эмне? Мыйзамдардын ашыкча көптүгү да.

Ал эми коррупция дүйнө жүзүндөгү чоң көйгөй. Анын ар кандай түрү бар. Биздин министрлик Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерине тажрыйба алмашуу программасын сунуштап жатат. Менимче, Германиянын жергиликтүү бийлигиндеги иштөө ыкмасын Кыргызстандан өкүлдөр барып көрүп, таанышып, үйрөнүп келсе болмок. Маселен, бир айыл өкмөтү же аким кандайдыр бир көйгөйдү чечүүгө белсенип, бирок аягына чыга албай жарга такалды дейли. Андан ары иштин көзүн таба албай турат. Ошол учурда бул көйгөй башка мамлекетте кантип чечилген деп ойлонушу керек. Алардын тажрыйбасын колдонууга неге болбосун? Ошол эле Германиядагы бийлик да кандайдыр бир көйгөйгө тушукса, балким аны Кыргызстанда эбак чечишкендир.

"Азаттык": Коррупцияны жоюуда орток бир модел барбы? Кайсы өлкөнүн үлгүсүн мисал келтире аласыз?

Менимче, коррупция менен күрөшүүдө Грузиянын мисалы мыкты. Жеке эле КМШ өлкөлөрүндө эмес, бүтүндөй дүйнөдө Грузиянын жемкорлукка каршы системасы жеке өзүмө жагат.

Ханс Фухтел: Жемкорлук жергиликтүү бийликте көбүнчө тендер өткөргөн учурларда кездешет. Ушундан улам тендер өткөрүү процесси өтө таза ишке ашканы жакшы. Менимче, коррупция менен күрөшүүдө Грузиянын мисалы мыкты. Жеке эле КМШ өлкөлөрүндө эмес, бүтүндөй дүйнөдө Грузиянын жемкорлукка каршы системасы жеке өзүмө жагат. Себеби, грузин бийлиги мамлекеттик ишмердиктин көбүн электрондук формага өткөрүп салган. Ушундан улам ал жакта транспаренттүүлүк, калыстык жана тазалык сакталып жатканын жеке өзүм байкай алдым. Албетте, Кыргызстанда мыйзамдар жакшы жазылган. Бирок ошолорду ишке ашырууга келгенде маселе жаралууда. Мен бүгүн Кыргызстандын каржы министри менен сүйлөшүп, ага сунуш кылдым. Бизде Германия эл аралык кызматташтык уюму бар. Ошол уюм жемкорлук менен күрөшүүдө дал ушул грузин ыкмасын Кыргызстанга киргизүүгө колдоо көрсөтө алат деген ойдомун.

"Азаттык": Сиз лекция окуп жатканда саясатта үнөмдөө ыкмасын Шотландия Германиядан үйрөндү деп айттыңыз. Кыргызстанда да бул системаны ишке ашырса болобу?

Ханс Фухтел: Сөзсүз түрдө. Кыргызстанда каражат тартыш болгондон кийин үнөмдү үйрөнүүгө туура келет. Менин тээ алыста калган саясий жашоомон бир тажрыйбаны сизге айтып бергим келет. Германияда бюрократия күчтүү, аны жумшартуу керек деп даттана беришет.

Эсиңизде болсо 1990-жылдары эки Германия бирикпеди беле? Ошондо Германия демократиялык республикасында саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер таптакыр азайып кеткен. Анан "бюрократтар көп" деп кыйкырып жаткан эл "мамлекеттик кызматкерлер эмнеге жетишсиз?" деп нааразы болушту. Ушундан улам кандайдыр бир мыйзам жазылып жатса Германияда алдын ала анын чыгымдарын анализдөө деген процесс аябай тыкыр өтөт.

Кыргызстанда да ушул системаны иш жүзүнө ашыруу абзел. Эгер ошол мыйзам долбоору ишке ашса, канча каражат сарпталарын, канча үнөмдөлүп, канча киреше түшөрүн так белгилеп алган жакшы.

Мамлекеттик кызматкерлерден же саясаттан акчаны үнөмдөө жаатында менин бир чоң кыялым бар. Германияда жаңы интернет программа ачмакмын. Ал программа жанагы тамгаларды жеген мультфильмдин каарманына окшош, тиши бар болмок. Коррупция менен бюрократиясы көп органдарды аныктоого элди тикелей катыштырып, дал ошол мультфильм тасмасындагыдай жемкор бюрократтарды капканга түшүрүп турмакмын. Тилекке каршы, бул эми кыял бойдон. Бирок ишке ашса жемиштүү болмок. Кайсы министрликте жемкорлук көп, дароо интернеттен чыгып турса деп ойлойм. Ар убак элдин ою, пикири менен эсептешүү керек. Азыр менин милдеттерим башка да. Мамлекеттик кызматкермин дегендей.

"Азаттык": Эки тараптык кызматташтык жаатында Грузия моделинен башка дагы кандай жаңы долбоорлор ишке ашат? Кандай сунуштарды айтып жатасыз?

Ханс Фухтел: Маселен, бүгүн Кыргызстандын Каржы министрлигине мен сунуштаган Грузия модели долбоор катары эмес, тек гана эки тараптуу сүйлөшүү учурунда ооз учунан айтылган сунуш бойдон калды. Негизи эле иш сапар учурунда биз жалпы маселелерге кайрылып, конкреттүү бир долбоорлорго токтоло элекпиз. Кийинки Германия жана Кыргызстандын өкмөттөр аралык сүйлөшүүсүнө даярдык көрүп жатабыз. Ошондо гана алдыда жасай турган иштерибиз аныкталат. Негизи эле биз эки тараптуу кызматташууга ар дайым ачыкпыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG