Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Иран: Мусави менен Карруби абактабы?


Ирандын оппозициячыл лидерлери Мир Хусейн Мусави (солдо) жана Мехди Карруби (оңдо) маркум айатолла Хусейн Али Монтазеринин сөөгүн коюу жөрөлгөсү маалында. Ыйык Кум (Ком) шаары. 2009-жылдын 21-декабры. AFP PHOTO/STR.
Ирандын оппозициячыл лидерлери Мир Хусейн Мусави (солдо) жана Мехди Карруби (оңдо) маркум айатолла Хусейн Али Монтазеринин сөөгүн коюу жөрөлгөсү маалында. Ыйык Кум (Ком) шаары. 2009-жылдын 21-декабры. AFP PHOTO/STR.

Бүгүн (шейшембиде) Иранда кечкурун өкмөткө каршы нааразылык жыйыны башталаары алдын-ала кабарланды. Ирандагы оппозициялык күчтөр расмий Тегерандын саясатын ырааттуу сынга алган оппозициядагы ишмерлер Мир Хусейн Мусави менен Мехди Каррубини боштондукка чыгарууну талап кылып жатышат. Ал эми расмий Тегеран болсо бул эки оппозициячыл саясатчы камакка алынганы тууралуу кабарларды төгүндөөдө.


1-мартта расмий Тегеран оппозициячыл лидерлер Мир Хусейн Мусави менен Мехди Каррубинин камалганы тууралуу кабарларды төгүндөп, бирок алардын кайсы жерде экени тууралуу эч кандай маалымат беришкен жок.

Ирандын Баш прокурору Гулам Хусейни Мохсени Ежейи алиги саясатчылар камалды дешген айың кепти “кас маанайдагы маалымат каражаттары таркатып жатат” деп айтты.

Ал эми Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Рамин Мейманпараст болсо чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү Ирандын ички көйгөйлөрүн бул мамлекетти жаманатты кылуу үчүн пайдаланууга далаалат кылып жатышат деп айтты, бирок Мусави менен Каррубинин кайерде экени тууралуу суроону жоопсуз калтырды.

Дүйшөмбүдө (28-февралда) оппозициячыл “Кэлеме” интернет барагы оппозициячыл лидерлер Мусави менен Карруби Тегеран шаарындагы абакта кармалып жатат деген маалымат таркаткан.

Алардын кармалгандыгын оппозициячыл саясатчылар 1-мартка белгиленген нааразылык жыйынын алдында Иран бийлиги көргөн атайын чаранын бир бөлүгү катары сынга алышты.

Мусави менен Карруби 2009-жылы июндагы президенттик шайлоодо азыркы президент Махмуд Ахмадинежадга каршы атаандаш болушкан жана шайлоо өтө одоно бурмалоолор менен коштолду деп, анын жыйынтыгына каршы толкундап чыккан элди Тегеран режими ырайымсыз басканда, бийликти ырааттуу сынга алышкан.

Маалыматтарга караганда, бул эки оппозициячыл саясатчы калайыкты 14-февралдагы нааразылык жыйынына чакырганы үчүн үй камагына алынган.

Бул уруксатсыз жыйындар Мусави менен Каррубинин катышуусуз эле өттү, ага катышкан ирандыктар Тунистеги жана Мысырдагы элдик толкундоолорго тилектештик билдиришти.

Ирандык журналист Шахрам Рафизаденин оюнча, оппозициядагы “Жашылдар” кыймылы Мусави менен Каррубинин камалаар-камалбастыгына карабастан өзүнүн расмий Тегеранга каршы күрөшүн уланта бермекчи.

- 14-февралда Мусави менен Каррубиге оппозициячыл жыйынга катышууга тоскоол жасалды. Ошого карабастан, абдан көп киши нааразылык жыйынына чогулду. “Жашылдар” Кыймылы жетекчилиги жок эле жигердүү аракеттенип, нааразылык чараларын уланта бермекчи. Бул – алиги кыймылдын өзгөчөлүгү болуп саналат.

Стэнфорд университетинин Иран таануу программасынын деректири Аббас Милани мырза “Азаттыкка” кеп куруп, алиги эки оппозициячыл лидердин тутулуп жатканы тууралуу кабарды тастыктоодон расмий Тегеран чочулап жатканын белгиледи:

- Иран бийлиги бул режим саясий козголоң дооруна кептелип калганын дурус билет. Алар өздөрү “мына-мына атылып чыгат” деген жанар тоонун чокусунда отуруп калганын да аңдашат. Алар калайыктын толкундоосуна кандай окуя от тутантаар учкун болуп бериши ыктымалдыгын гана биле албай жатышат.

Милани мырзанын оюнча, азыркы режимге каршы ачык күрөшкө чыгууга даяр ирандыктардын катары улам калыңдап барат.

Ал эми расмий Вашингтон болсо Мусави менен Каррубини тез арада бошотуу талабын дүйшөмбүдө билдирген. 28-февралда бул талапты Ак Үйдүн басма сөз өкүлү Жэй Кэрни кабарчыларга ачыктаган.

XS
SM
MD
LG