Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Фаллужадан качкандар гуманитардык кризиске кабылды


Фаллужадан качып чыккан эркектерди Ирак армиясы "Ислам мамлекети" тобуна тиешеси бар-жогун да текшерүүдө. 18-июнь, 2016-жыл.
Фаллужадан качып чыккан эркектерди Ирак армиясы "Ислам мамлекети" тобуна тиешеси бар-жогун да текшерүүдө. 18-июнь, 2016-жыл.

Ирактын өкмөтү Фаллужа шаарынын басымдуу бөлүгү “Ислам мамлекети” террордук тобунан бошотулганын жарыялады. Бирок Улуттар уюму бул шаардан качып чыгууга аргасыз болгон миңдеген тургундар гуманитардык кризиске кабылганын эскертүүдө.

Ирактын өкмөттүк күчтөрү Фаллужада “Ислам мамлекети” террордук тобун жеңгенин премьер-министр Хайдар ал-Абади мындан үч күн мурда расмий жарыялаган эле:

- Биз Фаллужаны бошотууну убада кылганбыз, аны кайра алдык. Өкмөттүк мекемелердин баарына жарандарга кол кабыш кылып, аларга гуманитардык жардам көргөзүүгө көрсөтмө бердим. Ошондой эле Фаллужаны көзөмөлдөп жаткан биздин каарман күчтөрүбүзгө жеке жана коомдук мүлктөрдү жана адамдарды коргоону тапшырдым.

Ирактын премьер-министри өкмөттүк күчтөр Фаллужанын борборун ээлешкени менен, анын ар кайсы бөлүктөрүндө уруштар жана шаар аймагын согушкерлердин очокторунан тазалоо операциясы жүрүп жатканын жана бул “бир нече сааттын” иши экенин кошумчалаган эле. Уруштар Фаллужанын бөлүктөрүндө ушул дүйшөмбү күнгө карата да токтогон жок.

Ирак армиясынын генералы Хайдер ал-Обейдинин айтымында, соңку күндөрү “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлери аларга каршы ракеталарды атышты, жанкечти айдаган унааны жардырышты, ошондой эле аскерлерди снайперлер да бутага алып жатат.

Жолмо-жол мина көмүлгөндүктөн, аскерлер халифатчылардын очокторун көздөй акырындык менен гана жылууда. Фаллужанын башкы ооруканасынын имараты армиянын колуна ушул ишемби күнү гана өттү.

Уруштар уланып жаткандыктан БУУнун Качкындар иши боюнча мекемеси Фаллужадан качып чыккан жайкын тургундардын саны алдыдагы күндөрү да өсөт деп күтүүдө. БУУнун качкындар агенттигинин Ирактагы өкүлү Бруно Жиддонун айтымында, гуманитардык уюмдар саны чукулунан көбөйүп кеткен качкындарга жардам көрсөтүү жагынан ушу тапта олуттуу кыйынчылыктарга кабылышты.

Ирак өкмөтү Фаллужанын басымдуу бөлүгүн алдык деп жарыялаган 17-июндан бери эле шаардагы уруштардан улам оң миңге жакын адам качып чыгууга арагасыз болду.

Фаллужадан качкандар. 19-июнь, 2016-жыл.
Фаллужадан качкандар. 19-июнь, 2016-жыл.

Ага чейин май айында Фаллужаны бошотуу операциясы башталгандан бери БУУнун Качкындар агенттигинин эсебинде, калаадан 85 миңге жакын адам кеткен:

- Жолдордун баары миналанган. Алар биздин балдар менен аялдарды өлтүрүп жолго таштап кетип жатышты. Исламда мындай мүмкүн эмес да. “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин исламга эч тиешеси жок, - деди Фаллужадан качып чыккан тургундардын бири, 45 жаштагы Аббас Инад Обеид "Рейтердин" кабарчысына.

Ирак армиясы өз кезегинде, аскерий өкүлдөрдүн айтымында, Фаллуждан качып чыккан эркектерди аларга кабылган учурда “Ислам мамлекети” тобунун согушкери эмеспи деген жүйө менен атайын текшерүүдөн да өткөрүп жатат.

Фаллужанын борбору. 18-июнь, 2016-жыл.
Фаллужанын борбору. 18-июнь, 2016-жыл.

Качкындар болсо Фаллужа курамына кирген Анбар провинциясынын аймагындагы лагерлерге агылууда. Бирок бул аймакта иш жүргүзгөн уюм - Норвегия качкындар кеңешинин өкүлү Карл Шембри Анбардын качкындар лагерлериндеги гуманитарды абалды “катастрофалык” деп атады. Анткени өкмөттүн жана эл аралык уюмдардын карамагындагы лагерлер качкындарды батыра албагандыктан миңдеген адамдар ачык асман алдында, эч бир башпаанексиз, санитардык шарты жок жерде күн кечирүүдө.

Борбор Багдаддан 65 чакырым эле алыстыкта жайгашкан, 300 миңдей калкы бар Фаллужа - Ирактын “Ислам мамлекети” террордук тобуна өтүп кеткен алгачкы шаары болчу. Аны халифатчылар 2014-жылдын январь айында эле басып алган.

Фаллужада негизинен сунниттер жашагандыктан өкмөттүк күчтөрдүн чабуул учурунда калк арасындагы жоготуунун көбөйүп кетиши Иракта диний араздашуунун күчөшүнө салым кошпойбу деген камтамачылыктар да жаралган.

Фаллужа "Ислам мамлекети" террордук тобунан толук тазаланган күндө деле халифатчылар али өлкөнүн түндүгү менен батышынан бир катар аймактарды, анын ичинде эки ири шаар - Мосулду көзөмөлдөөдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG