Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:01

Жер ортолук деңизде мигранттар өлүмү көбөйдү


Жер ортолук деңизи аркылуу Европанын жээктерине жетүүгө азыр африкалык мигранттар умтулууда. Реггио Калабрия, Италия, 29-май, 2016-жыл.
Жер ортолук деңизи аркылуу Европанын жээктерине жетүүгө азыр африкалык мигранттар умтулууда. Реггио Калабрия, Италия, 29-май, 2016-жыл.

Жер ортолук деңизде соңку бир жумада кеминде 700дөн ашуун мигрант чөгүп кетти деп болжолдонууда. Акыркы аптада Ливиядан адам ташууга ылайыксыз кайыктар менен Европаны көздөй жолго чыккан качкындар менен мигранттар саны кайрадан көбөйдү.

Жер ортолук деңизи аркылуу мигранттар жана качкындар агымы көбөйгөнү тууралуу акыркы күндөрү Улуттар уюмунун качкындар иши боюнча комиссариаты жана Италиянын бийликтери билдиришүүдө. БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариатынын расмий өкүлү Уильям Спиндлер 29-май күнү Женевада буларды айтты:

- Италиянын флоту өз ишин эң мыкты аткарууда. Бир апта ичинде эле алар 14 миңден ашуун адамды куткарышты. Бирок, тилекке каршы адам өмүрү кыйылган учурлар да катталууда. Үч кеменин кыйроосунан кеминде 700 адам деңизге чөгүп кетти же дайынсыз жоголду деп эсептелип жатат.

Италия бийликтеринин айтымында, алардын жээктерин көздөй жол тарткан кайыктар негизинен Ливиядан адам аткезчилиги менен алектенгендердин жардамы менен жөнөтүлүп жатат.

Эл ташууга ылайыксыз кайыктарга жүктөлүп, ачык деңизге чыгарылган мигранттар негизинен Африканын Сахара бөлүгүнөн жана Батыш Африка өлкөлөрүнөн чыккандар.

Деңизге чөккөн мигранттын сөөгү чыгарылууда. 29-май, 2016-жыл.
Деңизге чөккөн мигранттын сөөгү чыгарылууда. 29-май, 2016-жыл.

Мындан сырткары арасында Ливиянын өзүнөн, Алжирден, Мароккодон, Египеттен келгендер да бар.

Деңизден куткарылган мигранттарды тосуп, аларды жайгаштырууга кол кабыш кылып жаткан бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү быйыл ата-энесиз жолго чыккан балдардын саны көбөйгөнүн белгилешүүдө:

- Биз байкагандай, Европага өз алдынча келип жаткан жашы жете электердин саны быйыл былтыркыдан көп. Биздин эсептер боюнча 14-17 жаш курактагы өспүрүмдөрдөн быйыл кеминде 6 миңден ашууну келди. Атүгүл мындан да жаш, жолдо ата-энесин же башка үй-бүлө мүчөлөрүн жоготуп койгон же өз алдынча эле жолго чыккан балдар-кыздар да бар. Эки күн мурда эле тогуз айлык нигериялык кыз, беш жаштагы судандык бала табылды, - дейт “Балдарды сактоо” деген бейөкмөт уюмдун Сицилиядагы өкүлү Жованна ди Бенедитто.

Эл аралык миграция уюмунун эсебинде, Италияга буга чейин 2014-2015-жылдардын ичинде кайык менен 320 миңден ашуун мигрант келип, 7000дейи деңизде чөгүп кеткен болчу. Деңизде куткаруучу кемелердин көбөйтүлүшүнөн улам быйыл кырсыктардын саны азайды.

Ал эми Италиянын кайрадан Европага кирүүчү дарбазага айланышы Түркия, андан кийин Греция аркылуу өткөн Балкан жолунун жабылышына байланыштуу.

Куткарылган мигранттарга жардам көргөзүлүп жаткан учур. 29-март, 2016-жыл.
Куткарылган мигранттарга жардам көргөзүлүп жаткан учур. 29-март, 2016-жыл.

Эл аралык миграция уюмунун эсебинде быйыл 25-майга карата Европанын жээктерине 195 миңге жакын мигрант келди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. Былтыр ушул мезгилде Жер ортолук деңизи аркылуу болгону 92 миңдей мигрант келген болчу.

Быйыл беш айда Жер ортолук деңизи аркылуу буга чейин каттагандардын басымдуу бөлүгү же 156 миң Грециянын, 40 миңдейи Италиянын жээктерине түштү.

Алдыда аба ырайы жылый баштаганын эске алганда Ливиядан кайык менен чыккандар саны көбөйөт деп күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG