Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Каракалпак эгемендик кыймылы жанданды


Каракалпакстан. Соолуп бараткан Арал деңизи. 24-март, 2014-жыл.
Каракалпакстан. Соолуп бараткан Арал деңизи. 24-март, 2014-жыл.

Крымдан башталган "жикчилдик" соолуп бараткан Арал деңизинин боюна чейин жеткен өңдүү.

Крымдын Орусияга кошулуусуна куштарлануу болдубу, же өзбек бийликтерин кыртышы сүйбөгөн Москвадан шыкактоо болуп жатабы,айтор Каракалпакстанда Өзбекстандан бөлүнүүнү колдогон чакырыктар кайрадан жаңырууда.

Айрым маалыматтарга караганда, Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстан автоном жумуриятында өзбек өкмөтүн сестентүүчү чакырыктар ташталууда. "Шырак" деп аталган маалымат борбору эгемендүү өлкө болууга чакырган иш-чаралар бул аймакта март айынан бери өтүп жаткандыгын кабарлады. Жаңы түзүлгөн бул борбордун электрондук кат менен таркаткан маалыматында, мындай иш-чаралардын акыркысы 29-апрелде Коңырат районунда болуп өткөн.

Эгемендикке чакырыктар буга чейин акыркы жолу 2008-жылы болгон эле.

Аталган борбордун маалымдашынча, Коңырат районунда Ташкенттен бөлүнүүнүн тарапкерлери каракалпак жана орус тилдериндеги "Каракалпакстан – Өзбекстан эмес!" деген урааны бар билдирүүлөрдү жергиликтүү базарда өткөн жумада таратышкан.

Каракалпакстандагы жазуулар. 30-апрель, 2014-жыл.
Каракалпакстандагы жазуулар. 30-апрель, 2014-жыл.
"Шырак" борборунун ырастоосунда, бул иш-чаралардын артында "Алга, Каракалпакстан!" боштондук кыймылы турат.

Борбор таркаткан сүрөттөн үйдүн дубалында "Алга, Каракалпакстан!" деген жазууну көрүүгө болот.

"Азаттыктын" иликтөөсүнө караганда, “Шырак” маалымат борбору – Каракалпак демократиялык боштондук кыймылы" быйыл түзүлгөн. Мындан башка дагы "Эркин Каракалпакстан" жана "Каракалпакстан азаттык аракети" кыймылдары бар.

Коңураттагы акцияга чейин 25-апрелде бул аймакка президент Ислам Каримов келип кеткен. Айрым серепчилер Каримовдун каракалпак борбору Нукуска күтүүсүз барганын өлкөдөгү татаал коомдук саясий абал менен байланыштырууда.

Алардын айтымында, Каракалпакстандагы протестчил маанайды Украинадагы окуялар жандантты. Буга чейин Каримов Нукуста 2010-жылы болгон.

"Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлагандай, өткөн аптадагы сапары учурунда Каримов Арал деңизинин жанындагы Сургил газ кени жана химия заводунун курулушу менен таанышты.

Үстүрт түздүгүндө газ жана химия комплексин куруу тууралуу Өзбекстан үч жыл мурда Түштүк Корея менен төрт миллиард долларлык келишим түзгөн. Завод 2012-жылы курула баштаган. Сургил газ кени жылына 3.7 миллиард куб метрден газ өндүрүп, 387 тонна полиэтилен жана 83 тонна полипропиленди чыгарууга жарамдуу деп болжолдонууда. Каракалпакстандагы аталган кенде 130 миллиард куб метрден ашуун табигый газ бар.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын билдиришинче, Каракалпакстанда Каримов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жабык эшик артында жолугушуу өткөргөн. Ал сүйлөшүүдө эмне тууралуу кеп болгону беймаалым.

Президенттин сапарын утурлай Коңурат шаарынын үч жеринде "Алга, Каракалпакстан!" деген көлөмдүү баннерлер пайда болгон. Айрым өзбекстандыктар каракалпак боштондук кыймылын орусиячыл топ деп ырасташууда.

Бирок "Алга, Каракалпакстан!" кыймылынын мүчөлөрү алардын максаты – Орусиянын курамына кирүү эмес, эгемендүүлүк референдумун өткөрүү экендигин билдиришти. Бул тууралуу "Шырак" борбору маалымдады.

Өзбекстандын Конституциясы Каракалпакстандын референдум аркылуу эгемендик алышына жол берет. Бирок расмий Ташкент буга жол береби, бул – өзүнчө маселе.

Арал деңизи жылдан жылга соолуп баратканы айтылууда.
Арал деңизи жылдан жылга соолуп баратканы айтылууда.
Орусиядагы "Ёрдам" укуктук борборунун жетекчиси Бахром Хамроев Каракалпакстандагы протестчил маанайга өзбек бийликтери өзү күнөөлүү деп эсептейт.

Бул – Каримов жүргүзгөн саясаттын жыйынтыгы, бул – анын саясатында жаракалар пайда болгонун айгинелейт. Себеби, анын саясатында аймакты өнүктүрүүнүн айкын жолдору жок. Каракалпакстандагы экологиялык жана экономикалык абал өтө начар. Каракалпактарды гана эмес, Каримов бүтүн өзбек элин репрессиялап келе жатат. Ал коомду аргасыз абалга өзү такап койду. Каракалпактардын эгемендүүлүккө чакырганы – элдин протестчил маанайын даана көрсөтүп турат, – деди Хамроев.

Каракалпакстанда күч алган протестчил маанайдан улам, бийлик оппозиция мүчөлөрүнүн жакындарына кысым көрсөтө баштаган шекилдүү. "Шырак" борбору кабарлагандай, 17–18-апрелде Кара-Өзөк районунун прокуратурасына мурдагы каракалпак өкмөтүнүн мүчөсү Аман Сагидуллаевдин беш тууганы суракка чакырылган. Сагидуллаев өзү 2011-жылы саясий куугунтуктун айынын Өзбекстандан чыгып кеткен.
Каракалпак эгемендик кыймылы жанданды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:58 0:00
Түз линк

"Шырак" борбору билдиргендей, тартип түзүмдөрү Сагидуллаевдин туугандарынан анын дарегин айтууну жана анын жубайы Токтогүл менен жаш балдарын өлкөгө кайтып келүүсүн талап кылышкан. Кара-Өзөк прокуратурасы Сагидуллаевдин туугандарын “бийлик менен кызматташпасаңар, силерди жалган жалаа менен каматабыз, Сагидуллаевге эл аралык издөөгө жарыялайбыз” деп коркутушкан.

Каракалпакстан – Өзбекстандагы эң ири административдик аймак болуп саналат, жери чөл, көлү шор аймакта болгону эки миллионго жетпеген калк жашайт. 1936-жылга чейин Казакстандын курамында болгон жумурият Өзбекстандагы эң жакыр аймактардын бири деп эсептелет. Арал деңизинин дээрлик кургап калышы аймактагы элдин саламаттыгын жана жергиликтүү экономиканы орду толгус жоготууларга кириптер кылды.

XS
SM
MD
LG