Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

КДК: Советтик доордогу ири демократиячыл блок


КДКнын лидерлери Бишкектеги жыйында. 1990-ж.
КДКнын лидерлери Бишкектеги жыйында. 1990-ж.

25-26-майда “Кыргызстан” демократиялык кыймылы (КДК) саясий блогунун түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду. Жаш тарыхчы Махабат Жунусова КДКнын жөн жерден уюшулбагандыгы тууралуу өз серебин сунуштайт.

Бороондон мурдараак...

Эгемендикти эңсеген кулундары жок эл болбойт.

Чет өлкөлөрдө калып, Кыргызстандын СССРден эгемендигин жактаган Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу сыяктуу атуулдар бар экендигин жамы журт билет.

Бирок советтик жумурияттын өзүндө дагы эгемендик идеяларын ачык козгоп чыккан атуулдар борлгон жана алардын тарыхый салымдарысыз КДКнын негизделиш тарыхын элестетүү эч мүмкүн эмес.

СССРдин мезгилинде, Кыргызстан көзкарандысыз мамлекет боло электе эле, тактап айтканда, 1972-жылы кыргыздын алгачкы юридика илимдеринин докторлорунун бири, профессор Кубанычбек Нурбеков өзүнүн “В. И. Ленин жана улуттардын саясий жактан өз тагдырын өзү чечүү укугу” деген макаласын жарыялайт. Ал кыргызстандык укук адистеринин ичинен биринчилерден болуп демократиялык принциптердин түзүлүшүн теоретикалык жактан белгилеп, өз алдынча мамлекетте жашаган улут кандай баалуулуктарга ээ болуш керектигин таасын белгилеп айтып кеткен.

Макаласында ал Кыргыз ССРинин аймагы кол тийбес экендигин белгилеп, анын аймагынын чек арасын өкүмзордук менен өзгөртүү далаалаты Кыргыз ССРине баскынчыл кол салууга тете экендигин көрсөткөн. “Кыргыз эли –– өзүнүн мамлекеттик аймагынын толук кожоюну” деп да жазган. Анын башкы идеяларынын бири –– СССРдин Баш мыйзамында жарыяланган ыйгарым укуктарына таячнып, Кыргызстан СССРдин курамынан чыга алдат, деген илимий жана укуктук жобо болгон.

Чынында да ал ССРдин Башмыйзамына таянган, бирок айрым жоболорду курулай сөз катарвы Башмыйзамга жайгаштырып койгон совпеттик бийликтер үчүн бул оор кылмышка тете эле.

Өзүнүн “козголоңчул” эмгектери үчүн укукчу илимпоз Кубанычбек Нурбеков кыргызстандык айдың «диссидент» катары саясий куугунтукка учураган. Ал дароо КПССтин катарынан чыгарылып, кызматынан алынган.

Айтмакчы, Кыргызстан Компартитясынын Борбордук комитети атайын токтом кабыл алып, анда “жолдош Нурбеков өзүнүн кетирген теориялык жана саясий каталарын толук мойнуна алды” деп белгиленген. (КР Коомдук-саясий уюмдарынын Борбордук мамлекеттик архиви. Фонд 56, каттоо 188; Иш кагаз: 72, беттери: 50-52.)

Эгемендик доорунда гана профессор К.Нурбеков тууралуу чындык айтыла баштады. Маселен, анын Лариса Георгиевна Нурбекова биз менен маегинде күйөөсү эч качан “өз күнөөмдү мойнуна алдым” деп эсептебегендигин жана өмүр бою өзүнүн туура ой айтканын айтып өткөнүн баса белгиледи.

К.Нурбеков 1985-жылдын 29-декабрында К.Нурбеков узак оорудан кийин бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. Эң өкүнүчтүүсү –– анын кыргыз элинин көз карандысыз мамлекеттүүлүккө жетишкендигин көрбөй калгандыгы.

Укукчу К.Нурбеков сыяктуу ачык жазбаса да, кыргыз акын-жазуучулары да мурдагы эгемен турмушту даңазалаган чыгармалар жаратышкан. Алардын арасында Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков сыяктуу жазуучулар болду.

Ал эми Чыңгыз Айтматовдун өз тарыхын, салтын өтмүшүн билбеген маңкурттарга каршы чакырыгы, “Ысык-Көл шеринеси” сыяктуу эл аралык баарлашууну уюштурушу, “Манас” эпосунун элдүүлүгүн тастыктаган эмгектери жана кош тилдүүлүк идеясы аркылуу кыргыз тилин колдоого алышы –– 1980-жылдардагы ойгонуу үчүн олуттуу салым болгон.

Михаил Горбачев, профессор Илзе Циртаутас, Чыңгыз Айтматов, ж.б. (оңдон солго). Кыргызстан. 18.7.1997.
Михаил Горбачев, профессор Илзе Циртаутас, Чыңгыз Айтматов, ж.б. (оңдон солго). Кыргызстан. 18.7.1997.

“Кайра куруулар” илеби

СССРдеги “Кайра куруулар” доору Борбордук Азиядагы алгачкы ойготкуч саясий окуя Алматыдагы 1986-жылдын 16-декабрындагы “Желтоксон” окуялары менен коштолгон. Бул окуя жана андан кийинки айрым куугунтуктоолор (этнограф Сабыр Аттокуров, саясат таануучу Давлен Айкеев, ж.б. ак жерден куугунтукталышкан) улуттук демократиячыл күчтөргө кайра дем берди.

Таалайбек Ылайтегин 1986-жылы декабрдагы "Желтоксон" окуяларын басууга байланыштуу советтик аскердик сыйлыктан баш тарткан жоокер болгон. Кийин ал КДКны негиздөөгө катышты.
Таалайбек Ылайтегин 1986-жылы декабрдагы "Желтоксон" окуяларын басууга байланыштуу советтик аскердик сыйлыктан баш тарткан жоокер болгон. Кийин ал КДКны негиздөөгө катышты.

1988-1989-жж. СССРде, анын ичинде Кыргызстанда жаңы кырдаал түзүлгөн.

Эгерде буга чейин кайра куруу жогортодон, бийлик тарабынан жүргүзүлүп келсе, эми ал төмөн жакка түшүп, ага эл массасы, коомдук уюмдар активдүү катыша баштаган. Коомдук турмуштун саясатташы тездик менен жүргөн.

Өзгөчө 1988-жылдын экинчи жарымынан тартып Кыргызстанда жаштардын алгачкы дискуссиялык, саясий клубдары пайда болгон. Алар коомдук турмуштун актуалдуу маселелерин кызуу талкуулашып, өздөрүнүн пикирлерин эркин билдире башташкан.

1988-жылы 17-августта “Эколог” аттуу көз карандысыз экологиялык тайпа түзүлгөн. Кыргызстандагы алгачкы реформачыл бейөкмөт бирикмелердин арасында «Комсомолец Киргизии» гезитинин алдында уюшулган «Демос» клубу, Электрондук эсептөөчү машиналар заводунда негизделген «Замандаш» саясий клубу бар эле.

1988-89-жылдары жаштардын дискуссиялык кыймылдары активдүү чыга баштаган. Кыргыз Мамлекеттик университетинде «Замандаш», Мамлекеттик пландоо комитетинин экономика институтунда «Көз караш», Нарын областынын Миң-Куш кыштагындагы «Оргтехника» заводунда «Демилгелүү жаштардын биримдиги», Москва шаарында кыргыз жаштарынын «Акыйкат» дискуссиялык клубдары, Ленинградда “Ак кеме” уюму, ж.б. иштеген.

1989-жылы атаандаш талапкерлерди колдоого жол ачкан шайлоо өнөктүгүнүн башталышы менен Кыргызстандагы ар кыл бейрасмий уюмдар саясий теориялык дискуссиядан практикалык иштерге, шайлоого жигердүү катышууга өтүшкөн. Дал ошол 1989-жылы Кыргызстанда өз алдынча коомдук бирикмелер козу карындай жайнап чыкты.

“Мемориал” коомунун Кыргызстандагы уюмунун биринчи чогулушу 1989-жылдын 19-апрелинде болгон. Анын курамына “Демос”, “Эколог” жана “Поиск” киноклубунун мүчөлөрү биригишкен.

“Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты” (КЖТЖ) уюмунун уюштуруу жыйыны 1989-жылы 3-июнда Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин жыйын залында өтүп, анын кыргызча отуруму синхрондук түрдө орусчага которулуп турган. Тарыхчы Т.Чоротегин кийин белгилегендей, бул жыйындагы синхрондук котормолорду КМУнун (азыркы КУУнун) тарых факультетинин студенттери Арслан Капай уулу, Венера Койчиева жана Алмаз Кулматов жүзөгө ашырган.

Уюмду уюштуруу демилгесин көтөргөндөрдүн арасында Кыяс Молдокасымов, Адыл Кожобаев, Александр Тузов сыяктуу жаш тарыхчылар, Динара Иманова, Жаңыл Турганбаева сыяктуу тарыхчы студенттер болгон. КЖТЖнын жобосунун кыргыз жана орус тилдериндеги долбоорун Тынчтыкбек Чоротегин даярдаган.

1989-жылы жайында КЖТЖ уюштурган алгачкы археологиялык экспедиция анын жетекчиси, азыркы бараандуу окумуштуу, профессор Кубатбек Табалдыевдин археолог катары чыгармачыл тушоосун кескен. Бул уюмдун туңгуч экспедициясынын илимий кеңешчиси –– новосибирскилик кыргыз таануучу, археолог Ю.С.Худяков болгон.

(1989––95-жылдары КЖТЖга ошол кездеги тарых илимдеринин кандидаттары Айдарбек Көчкүнов, Дөөлөтбек Сапаралиев жана Тынчтыкбек Чоротегин төрагалык кылышкан).

“Ашарчылар” жана башка үй куруучулар

Жаңы уюшулган коомдук бирикмелердин ичинен эң орчундуулары –– өзүмдүк үй куруу үчүн жер тилкесин басып алуу (англисче “squatter”) кыймылынын кыртышында бири-бирине удаа түзүлгөн коомдук уюмдар болду.

Маселен, демилгелүү кыргыз жаштары 1989-жылдын май-июль айларында “Ашар” коомдук-саясий кыймылын жана башка үй куруучулар уюмдарын түзүшкөн.

“Ашар” коомунун ишмердүүлүгү анын Кеңеши жана аткаруу комитети тарабынан жүргүзүлгөн. 1989-жылдын 15-июлунда Ашар” коомунун уюштуруу жыйыны өткөрүлгөн. Ага 250дөн ашык делегат катышкан. Жыйында 41 мүчөдөн турган “Ашар” кыймылынын Кеңеши түзүлүп, анын алгачкы төрагасы болуп “Кыргыз айылы” журналынын редакторунун орун басары, журналист жана публицист Жумагазы Садырович Усупов шайланган. Ал эми экономикалык жана каржылык маселелери боюнча жетекчи болуп сүрөтчү Жыпар Жекшеев дайындалган.

“Ашар” коомунун жобосу (уставы) Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын Ленин райондук аткаруу комитети тарабынан расмий каттоого алынган. Эмилбек Каптагаев, Алмазбек Акматалиев сыяктуу жаш окумуштуулар да бул уюмду түптөөгө салым кошкон.

КПССтин Бишкектеги Ленин райондук комитетинде “Ашардын” жобосу колдоого алынгандыгына карабастан, бул уюм жалпы улуттук кыймылга айлана баштаганынан чочулап, андан кийинки учурларда (өзгөчө 1989-жылдын ноябр-декабрынан тартып) коммунисттик бийликтер жана КГБ өкүлдөрү уюмдун жетекчилерин жаманатты кылууга, уюмду бөлүп-жарууга жана башка тоскоолдуктарды түзүүгө өтүшкөн.

Ири толкунда жаралган улам жаңы уюмдар

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин отурумунда “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамда Кыргыз ССРинин аймагында кыргыз тили гана мамлекеттик тил катары колдонулаары, ал эми СССР элдеринин улуттар аралык баарлашуу тили катары орус тили колдонулаары белгиленген. Демек, де-юре орус тили мамлекеттик тил макамын ала албай калган.

Бул мыйзам да жумурияттагы демократиячыл жамаатка чакан болсо да жеңиш сигналын жана маанайын берген.

1990-жылы январ-феврал айларында Бишкекте алгачкы антикоммунисттик нааразылык демонстрациялары стихиялык түрдө өткөрүлгөн.

Андан соң 18-февралда демократиячыл күчтөр менен Кыргызстан Компартиясынын жетекчилигинин ачык дебаты имарат ичинде уюштурулган. Ачык интеллектуалдык дебат түрүндөгү бул коомдук жыйынды уюштуруу тобунун төрагасы –– Райымбек Апсаматов мырза эле.

Кыргызстан КП БКнын Биринчи катчысы Абсамат Масалиевге каршы өз жүйөлөрүн айтып чыккан демократиячыл коомчулуктун өкүлдөрүнүн арасында Ч. Базарбаев, С. Мусаев, С. Кайыпов, Б. Талгарбеков, Б. Өмүралиев, Т. Абылкасымов, С. Дыйканов, Ж. Темирканов, Б. Жумабаев, К. Кулуев, Т. Чоротегин, Т. Эшенкулов жана башкалар болуп, мамлекеттин ичиндеги көйгөйлүү маселелер боюнча өз сын пикирлерин жана сунуштарын айтып чыгышкан.

1990-жылдын феврал-март айларында Ош шаарында кыргыз жарандары “Ош аймагы” коомун түзүшкөн. Бул коомдук бирикменин түзүлүшүнүн негизги максаты –– Ош шаарындагы тургундардын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү болгон. 1990-жылдын июн айында бул коомдун саны 5-6 миң адамга чейин жеткен.

Ош шаарында "Адолат" элдик кыймылы да түзүлүп, анын айрым өкүлдөрү Ош шаарында өзбектердин автономдук шаарын түзүү сыяктуу радикалдык талаптарды да көтөрүшкөн.

1990-жылы апрелде Бишкекте “Асаба” коомдук-саясий уюму түзүлүп, ал 1-майда атаандаш антикоммунисттик демонстрацияга чыккан. Жер-жерлерде башка да саясий уюмдар негизделе берди.

КДКны уюмдар жана демилгелүү атуулдар түзгөн

Ошентип, 1990-жылдын 25-26-майында Бишкекте “Кыргызстан” демократиялык кыймылы аттуу кубаттуу элдик майдандын уюштуруу жыйыны өткөнгө чейин эле Кыргызстанда көптөгөн демократиячыл уюмдар иштеп жаткан. (Бул Уюштуруу жыйынын 1991-жылы февралда өткөн КДКнын I курултайы менен чаташтырбоо керек).

Ошентип, мындан 30 жыл илгери жумурияттагы ар кыл саясий, социалдык жана демократиячыл уюмдар, кыймылдар, клубдар жана демилгелүү жарандар биригишип, “Кыргызстан” Демократиялык кыймылын (КДК) түзүшкөн. КДКнын курамына 30дан ашык (айрым маалымат боюнча – 24) саясий бирикмелер жана коомдук уюмдар биригишкен. Алардын арасында демократиячыл реформаны жактаган айрым коммунисттер жана комсомол өкүлдөрү да болгонун калыстык үчүн айтуу абзел.

Жигердүүлөрдүн арасында Наталья Аблова, Казат Акматов, Турсунбек Акун, Райымбек Апсаматов, Чапырашты Базарбаев, караколдук христиан диниятчысы Владимир ата, Төлөн Дыйканбаев, Салмоор Дыйканов, Жыпар Жекше, Ракыя Жусупова, Камиля Кененбаева, Кадыр Матказиев, Сабыр Мукамбетов, Бакыт Орунбеков, Райкан Төлөгөнов, Топчубек Тургуналы, Таабалды Эгембердиев, Мелис Эшимканов, ж.б. бар эле.

КДКнын айрым мүчөлөрү. 1991.
КДКнын айрым мүчөлөрү. 1991.

Этностук курамы жагынан КДК кыргыз, орус, украин, немис, жөөт, дунган, ж.б. тектеги кыргызстандыктардан куралган, бирок уюмдун басымдуу көпчүлүгүн кыргыздар түзгөн.

“Кыргызстан” Демократиялык кыймылы –– советтик Кыргыз жумуриятында жергиликтүү мыйзамдарга ылайык иш алып барган жана коомду радикалдык-демократиялык негизде жаңыртууну жактырган өлкөдөгү коомдук, коомдук-саясий уюмдарды, чакан партияларды жана өзүнүн жергиликтүү уюмдарын бириктирген өз алдынча антикоммунисттик коомдук саясий блок катары калыптанды.

Лариса Нурбекова (оңдо) жана Махабат Жунусова. 01.4.2019.
Лариса Нурбекова (оңдо) жана Махабат Жунусова. 01.4.2019.

Бул блок Кыргызстандын андан аркы демократиялаштырылышына жана мамлекеттик көз каранды эместикке жетишине бараандуу салым кошкон. (Кийинчерээк, 1992-1993-жылдары бул уюм табигый түрдө бир нече партияга ыдырап кеткен).

Махабат Жунусова,

тарыхчы, изилдөөчү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG