Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Тил саясаты: Бишкектин чечими, Кремлдин таасири


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынганына быйыл 34 жыл болду. Бирок 1989-жылдан берки убакыт аралыгында эне тил мамлекеттин бардык чөйрөсүндө колдонулган орток, баарлашуу куралына айлана алган жок.

Кыргызстан ушул кезге чейин орус тилинин таасиринен чыга албай, маалымат, илим жана билим, технология жаатында көз каранды бойдон калып келет.

"Кыргыз тили илимдин тили болушу керек"

23-сентябрда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды тил майрамы менен куттуктады.

Анда ал кыргыз тилин мамлекеттик саясаттын негизги багыты катары карап, өлкөнүн расмий турмушуна терең сиңирүү кажет экенин белгилеген.

“Ар кандай документтерди башка тилде жазып, андан кийин гана кыргыз тилине которуу тажрыйбасынан арылуу керек. Мамлекеттик тилдеги билим берүү тутумунун пайдубалынан бери кайра карап, кыргыз тилинде билим алып, оюн туюнтуп, кагазга түшүрө алган кызматкерлерди азыртадан өстүрүп чыгуубуз зарыл. Артыкчылыктуу илим тармактарында кыргыз тилдүү окумуштуу, изилдөөчүлөрдүн жаңы муунунун жаралышына тиешелүү шарттардын баарын түзүү абзел. Жалпы илимдин жана кыргыз тилинин илимий базасын байытуу учур талабы болуп турат”.

Садыр Жапаров муну менен катар кыргыз тили чектелүү чөйрөдө: коомдук-саясий жана маданий тармактарда колдонулуп, билим, илим жана техника чөйрөсүнө сүңгүп кире албай жатканын белгилеген.

Айрым эксперттер кыргыз тилин илимдин, технологиянын тилине айлантуу үчүн саясий эрк, демократиялык нукта жаңыча ойлонуп, ишке ашыруу ыкмалары жетишпей жатканын айтып келет.

Жогорку технологиялар паркынын жетекчисинин орун басары Чубак Темиров IT тармагында эне тилди колдонуу үчүн мамлекеттик органдар ачык болушу шарт деген оюн ортого салды.

“Биздин парктын базасында жасалма интеллект боюнча бөлүм ачылган. Алар англис тилиндеги Siri, орус тилиндеги “Алиса” кызматтары сыяктуу кыргыз тилиндеги инструмент иштеп чыгышты. Ал азыр тест режиминде иштей баштады. Анын атын “Акыл I” деп коюшту. Анын кызматы - суроолорго кыргыз тилинде жооп берүү. Бул тиркеме бардык жерде, кыргыз тилинде кеңири колдонулат деп ойлойбуз. Болгону мамлекеттик мекемелердеги, министрликтердеги кыргыз тилиндеги маалыматтарды Open data түрүндө ачыкка чыгарса, бөлүшсө ушуга окшогон платформалардын пайда болушуна жана мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө чоң түрткү болмок”.

Саясатташкан тил маселеси

Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, орус тилине расмий макам берүү биринчи жолу 1995-жылы сунушталып, бирок ал парламентте колдоо тапкан эмес.

2000-жылы май айында ошол кездеги президент Аскар Акаевдин демилгеси менен аралаш тилдүү мекемелерде орус тилин колдонууга уруксат берилген. 2001-жылы орус тили расмий тил катары Конституция аркылуу бекитилген.

Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинде орус тилине макам берген жалгыз өлкө. Мындан улам тилге байланыштуу кандай талкуу болбосун Кремлдин көңүлүн буруп, орус саясатчылары ар кандай билдирүүлөрдү жасап келет.

Алсак, быйыл “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамга кол коюлгандан кийин Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров Бишкекти сындап, орус тили "басмырлоого" кабылып жатканын айтып чыккан.

Лавровдун бул билдирүүсү кыргыз коомунда кызуу талкуу жаратып, айрымдар муну Орусиянын Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсү катары баалаган.

Мындан кийин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек куруп, мыйзам орус тилин "дискриминация" кылбай турганын, өлкөдө эки тил тең бирдей шартта колдонуларын айткан.

Президент ага чейин да Кыргызстанда орус тили расмий макамын сактап каларын белгилеген.

Москва өз кезегинде Кыргызстанга орус тилинде билим берген тогуз мектеп куруп, аларды өзү каржылап, жетекчилерин өзү дайындоого белсенүүдө.

3-сентябрда Бишкек, Баткен, Караколдо алгачкы үч мектептин пайдубалын түптөө аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин онлайн катышкан.

Жергиликтүү активисттер мектептерди Кыргызстан башкарышы керектигин, болбосо коопсуздукка коркунуч келерин айтышууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, Бишкектеги 103 мектептин 14ү толук кыргыз тилинде, 16сы толук орус тилинде билим берет. Ал эми калган 73 мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлөт.

Көп тилдүүлүк мезгил талабы

2020-жылы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешмеде Баш мыйзамдан орус тилинин расмий статусун алып салуу сунуштары айтылган. Айрымдар орус тилинин ордуна англис тилине расмий макамын берүү демилгесин көтөргөн.

Кыргыз коомчулугунда орус тилине байланбай, жаш муундарга эне тил менен кошо бир нече тилди үйрөтүү чакырыктары көптөн бери жаңырып келет. Кыргыз бийлиги да көп тил үйрөнүү маанилүү экенин сөз арасында белгилеп турат.

Филология илимдеринин доктору, профессор Венера Акматова көп тил билүү мезгил талабы экенине токтолду.

“Кош тилдүүлүк бүгүн актуалдуулугун жоготту. Азыр кош тилдүүлүк эмес, көп тилдүүлүк эң керектүү, мезгил чакырыгына жооп берген көндүм болуп турат. Эне тилиңди, анан Конституцияда каралган расмий тилден тышкары башка чет тилди да билишиң шарт. Мисалы, англис тили азыр глобалдык интеграциянын, өнүккөн экономиканын тили. Ошондуктан биз көп тилдүүлүккө карай кадам таштай турган учурдабыз. Ошол эле маалда өзүбүздүн кыргыз тилинин колдонулушу, өнүгүшү боюнча көп жылдардан бери келаткан көйгөйлөрүбүз көп. Мектепте, бала бакча, жогорку окуу жайларында аны окутуу боюнча маселелер көп. Ошол маселелер топтолуп келип быйыл биринчи жолу мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынды да”.

Эске сала кетсек, быйыл июль айында “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамга кол коюлган. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар, эл аралык келишимдерди түзүү милдеттүү түрдө толук кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлүшү керек.

Мындан кийин Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев "Азаттыкка" курган маегинде мамлекеттик кызматта кыргыз тилин жакшы билгендерди көбөйтүү керектигин айткан.

"2021-жылдан баштап Б2ден төмөн упай алгандар, А1, А2, Б1лер мамлекеттик кызматта иштөөгө укугу жок деген ченем иштейт. Аны баары билет, бирок аткарылган жок. Мына эми жол-жоболор ишке кирсе, мамлекеттик тилди билбеген адисти иштетип жатканы үчүн министр керт башы менен жооп бериши шарт. Аны жумуштан кетирсеңер, ордуна кыргыз тилин билген 10 киши келет. Ачык сынак жарыялагыла деген талап коюп жатабыз”, - деген Осмоналиев.

“Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 32-беренесине ылайык депутаттар, Улуттук банктын, күч органдарынын кызматкерлери, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер жана башкалар кыргыз тилин билүүгө тийиш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG