Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:19

"Пропаганданын куралына айланбашы керек". Орусия каржылаган мектептер


Бишкек, Баткен, Караколдо Орусия каржылаган үч мектептин курулушуна капсула салуу учурунда тартылган сүрөт. Эки өлкөнүн президенттери ага онлайн катышкан. 1-сентябрь, 2023-жыл
Бишкек, Баткен, Караколдо Орусия каржылаган үч мектептин курулушуна капсула салуу учурунда тартылган сүрөт. Эки өлкөнүн президенттери ага онлайн катышкан. 1-сентябрь, 2023-жыл

Орусия Кыргызстанга тогуз мектеп салып берет. Бишкек, Баткен, Караколдо алгачкы үч мектептин пайдубалын түптөө аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин онлайн катышты. Москва каржылаган мектептердин жетекчилерин орус өкмөтү дайындай турганы кабарланды.

Айрым активисттер аларды Кыргызстан башкарышы керек деген көз караштары менен бөлүшүп жатышат.

1-сентябрда мектептер курула турган жерге президенттик администрациянын өкүлдөрү келип, мындан тышкары видео аркылуу эки мамлекеттин президенттери катышты.

Алгач сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров Орусиянын колдоосу менен тогуз мектептин үчөө алгач Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларына куруларын айтты. Ал мектептерде окуу орус тилинде эки өлкөнүн стандарттарына ылайык өтөт деп белгиледи.

"Өлкөбүздүн ар бир облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында Владимир Владимировичтин жеке колдоосу менен ар бири 1224 орунга эсептелген тогуз заманбап мектеп курула турганын кубанычтуу белгилеймин. Мектептер бардык зарыл нерселер менен камсыздалат, анын ичинде жогорку технологиялык жана заманбап жабдуулар, бассейндер, спорттук эс алуу жайлары. Бүтүрүүчүлөр эки өлкөнүн аттестатын алат. Окутуулар орус тилинде өтөт, ал эми окуу программалары эки өлкөнүн мамлекеттик стандарттарына негизделет", - деди Садыр Жапаров.


Орусиянын президенти Владимир Путин курула турган мектептер дүйнөлүк стандартка жооп берет деп ишендирди.

"Жаңы билим берүү мекемеси заманбап технологиялар менен жабдылат. Бул окуу процессин ыңгайлуу, кызыктуу жана көңүлдүү өтүүсүнө өбөлгө түзөт. Кыргызстандын сейсмикалык абалын эске алганда мектептин имараты коопсуздук боюнча бардык стандартка жооп берет. Курулушка кеткен бардык чыгымды, спорттук аянтчалар, жабдуулар, окуу китептерин Орусия өзүнүн моюнуна алат".

Ошондой эле Владимир Путин Орусиядагы жогорку окуу жайларын аяктаган мугалимдер сабак берерин кошумчалады.

Орусия курууга белсенип жаткан тогуз мектеп Кыргызстандын жети облусуна жана Бишкек жана Ош шаарларына курулат. Бул үчүн жалпысынан 500 млн. рубль акча кетет жана ар биринде экиден бассейн, экиден спорт аянчалары болот.

Мектептер толук ишке киргенден кийин аларда 1224 окуучу билим алат деп пландалууда. Алгач капсула салынган үч мектепти 2025-жылга, ал эми калганын 2029-жылга чейин ишке берүү мерчемделүүдө.


Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргызстандык жаштардын Орусияда билим алууга, орус тилин үйрөнүүгө кызыгуусу соңку жылдары артып жатканын айтты. Владимир Путин Садыр Жапаровдун колдоосу жана жеке катышуусу менен Кыргызстанда “орус тилинин позициясын сактоого өтө чоң көңүл бурулуп жатканын”, “мындай уникалдуу абал Кыргызстан ортодогу мамилени өнүктүрүүгө чоң маани берерин айгинелеп турат” деди.

Жаңы салына турган мектептердин директорлорун Орусиянын Агартуу министрлиги дайындап, Кыргызстандын Билим берүү министрлиги менен макулдашары айтылууда.

Мындан улам айрым активисттер орус мектептердин башкаруусу кандай болот деп чочулап турушат. Билим берүү боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаров Орусия ачып жаткан мектептерди Кыргызстан башкарышы керек деген пикирде.

Кеңешбек Сайназаров
Кеңешбек Сайназаров

"Мектептер Кыргыз Республикасынын аймагында тургандан кийин мыйзам ченемдерге баш ийиши керек. Демек, башкаруу системасы тууралуу сөз болуп жаткандан кийин ушул маселелерди так аныктап алыш керек. Мисалы, ошол эле мектепти Кыргыз Республикасынан барып туруп Орусияда ачып, анан Кыргызстан өзү башкарып, кызматкерлерди өзү алып окутабыз деген - абсурд".

Орусиянын Мамлекеттик думасы өткөн жылы бардык мектептер үчүн бирдиктүү программа кабыл алган.


Ага ылайык, мамлекеттик жана жеке мектептердеги окуу китептери мамлекеттин тапшырыгы менен гана чыгат. Ошондой эле орус тили, адабият, география, жашоо коопсуздугунун негиздери, тарых сабактары өзгөртүлөт. Мисалы айрым китептерде Орусиянын Украинадагы агрессиясы "атайын аскердик операция" деген бөлүм менен толукталган. Мындан сырткары тарых сабагынын айрым беттеринде Орусияга санкциялар киргизилип, чет элдик компаниялар өлкөдөн чыгып кеткенден кийин, “жаштарга бизнесте карьера жасоо үчүн фантастикалык мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат” деп жазылган.

Жарандык активист Айбек Теңизбаев Орусиянын бул мыйзамы Кыргызстанда ачыла турган мектептерге да тиешелүү болорун болжолдоп жатат. Анын пикиринде, бул мектептер Кремлдин пропагандалык куралына айланышы мүмкүн.

Айбек Теңизбаев
Айбек Теңизбаев

"Эң башкы маселе мектеп салынгандан кийин кайсы өлкөнүн программасы менен жүрөт? Кыргызстандын бийлиги ушуну жакшылап такташ керек. Анткени Орусия жаңы стандарт кабыл алды. Өзгөчө тарых сабагын карай турган болсок, Орусиянын Украинага болгон кол салуусун өзгөчө камтып кетиптир. Ал жакта Орусия көз карашын ачык-айкын пропагандалап жатат мектеп окуучуларына. Анан элестетели, азыр тогуз мектеп салынып жатат. Жылына Кыргызстандагы миңдеген окуучуга ошол китептер аркылуу Орусияга жана Путиндин стандартына жооп берген пропагандалык китептер аркылуу кыргыз окуучуларынын мээси жуулуп кетет. Ошону көзөмөлгө алыш керек. Бул Кыргызстанга чоң коркунуч жаратат. Учурда Орусия тарабынан салынган Кыргыз-Орус Славян университетин карай турган болсок, ал жакта баары орус тилинде билим алышат. Ошол идеологияга сугарылат. Университти бүткөндөн кийин алар кызматын Кыргызстан үчүн эмес, Орусия үчүн өтөп калышы толук ыктымал".

Теңизбаев айтып жаткан Кыргыз-Орус Славян университети Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин негизинде 1993-жылы ачылган. Окуу жайдагы сабактар дээрлик орус тилинде өтөт. Университеттин бүтүрүүчүлөрүнө кыргызстандык жана орусиялык үлгүдөгү диплом берилет. Ошондой эле университеттин жетекчилерин да Орусиянын Агартуу министрлиги дайындап, Кыргызстандын Билим берүү министрлиги менен макулдашат деп көрсөтүлгөн.


1-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусия кура турган үч мектептин пайдубалын түптөө салтанатында сүйлөп жатып, Ош мамлекеттик университетинин базасында Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылганын, ошондой эле Каракол шаарында дагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачыла турганын билдирди.

Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов чет мамлекеттин таасири менен ачылган окуу жайларга дайыма көзөмөл кылып туруу керек деген пикири менен бөлүштү.

Дүйшөн Шаматов.
Дүйшөн Шаматов.

"Ким болсо дагы мектеп курам дегенди колдойм, бирок Орусиянын Кыргызстанга мектеп куруусу кандай максатта же өзүнун саясатын кеңейткиси келип жатабы, муну талдап көрүш керек. Азыр чет мамлекеттер кийлигишкен окуу жайлардын баары кыргыз жарандарын окутуп жатат да. Ошол жарандар бирдиктүү пикирде боло алабы, же меники гана туура деп калабы деген коркунуч бар. Башка мамлекеттин таасири менен салынган мектеп болсо, башка мамлекеттин саясатын эмес, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн окуткан окуу жай болушу керек. Керек болсо чакырып алып "бул жериңер туура эмес кетип жатат" деп оңдоп турсак жакшы болот. Себеби эртеби-кечпи башка мамлекеттен келген окуу жайлар өзүнүн идеологиясын түртө берсе, кыргыздын коом катары калыптанышына терс таасири тийип калышы мүмкүн".

Орус тили расмий деген макамга ээ болгон Кыргызстанда 250дөн ашык орус тилдүү мектептер бар. Алардын көбү Бишкек шаарында.
2021-жылы февралда Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз класстары менен тайпаларын ачуу буйругун чыгарган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, Бишкектеги 103 мектептин 14ү толук кыргыз тилинде, 16сы толук орус тилинде билим берет. Ал эми калган 73 мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлөт.

17-июлда Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар дагы мамлекеттик тилде өткөрүлөт. Ошондой эле расмий документтердин жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик тилдеги нускасы түп нуска болуп саналат.

Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров 19-июлда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушканда Кыргызстанда кыргыз тили мыйзамынын кабыл алынышын сындап, орус тили "басмырлоого" кабылып жатканын айтып, сынга алган.

Лавровдун билдирүүсү кыргыз коомунда кызуу талкууланган. Көп өтпөй президент Садыр Жапаров анын сынына жооп кайтарып, мыйзам орус тилин "дискриминация" кылбастыгын, өлкөдө эки тил тең бирдей шартта колдонуларын белгилеген.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев Кыргызстанда кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” конституциялык мыйзам тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип, мыйзам орус тилин басмырлоо үчүн эмес, мамлекеттик тилдин деңгээлин көтөрүү максатында кабыл алынганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG