Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

Путиндик Орусиядагы тарых окуу китептерининин бир беткей жактары


Авторлордун бири Владимир Мединский Орусиянын соңку жаңы тарыхына арналган жаңы окуу китеби менен. 2023.
Авторлордун бири Владимир Мединский Орусиянын соңку жаңы тарыхына арналган жаңы окуу китеби менен. 2023.

Орусиядагы орто мектептерде 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып соңку жаңы тарых жаатында жалпы тарых жана Орусия тарыхы боюнча бир тараптуу көз караштар камтылган жаңы окуу китептери окутула баштамакчы. Тарыхчынын блогу.

Орусиядагы жаңы окуу китептер

Постсоветтик алгачкы он жылдыкта КМШнын көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Орусиянын өзүндө да дүйнө тарыхы менен өлкө тарыхын жаңыча жазуу аракеттери жүзөгө ашырылды.

Арийне, Орусиядагы буга чейинки тарых китебин жазуу тажрыйбасы азыркы тапта Владимир Путиндин авторитардык режиминин өкүлдөрү тарабынан кескин сынга алынып келет.

Албетте, 1991-жылдан кийин Орусияда деле тарыхый доорлорду калыс жана ар тараптуу изилдөө жатында зор саамалыктар болду. Мурдагы СССРде айтылбаган, “табу” коюлган темалар боюнча көптөгөн архивдик маалыматтар ачыкталды, сталиндик репрессиялар тарыхы боюнча баалуу архивдик документтер интернетте да жарыяланды.

Тарыхка жаңыча (посткоммунисттик) көз караш жаатында орусиялык тарыхчылар башка КМШ өлкөлөрүнүн тарыхчылары менен биргелешип илимий долбоорлор жүзөгө ашырган учурлар арбын.

Бирок 2008-жылы августта эгемен Грузияга кол салып, анын эки аймагын каратып алган (БУУ жана дүйнөнүк басымдуу көпчүлүк өлкөлөрү азыркы тапта да Абхазия менен Түштүк Осетияны Грузиянын бөлүгү катары санашат), ал эми 2014-жылдын 28-февралынан тартып Украинанын чыгышына (Крым жарым аралына жана Донбасска) баскынчылыгын баштаган Путиндин режими үчүн калыс, либералдык тарыхнаама таптакыр керексиз болуп калды.

Быйыл жазында Бишкекте тарыхчы кесиптештерим 1916-жылкы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүш тарыхынын постсоветтик Казакстанда жана Кыргызстанда чагылдырылышынын мазмунуна ичи бышпаган бир орусиялык тарыхчынын катын көрсөтүштү. Анда ал тарыхчы өз бийликтерине 1916-жылкы көтөрүлүш тарыхын өз алдынча (империячыл мазмунда) чагылдыруу зарыл деген сунушту билдирген экен.

Эми, Орусияда жарыяланган соңку расмий маалыматтарга караганда, орусиялык орто мектептердин жогорку класстарына 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып соңку жаңы тарых боюнча бир тараптуу көз караш камтылган жаңы окуу китеби сунушталууда.

Орусия тарыхына арналган 10-класс жана 11-класс үчүн даярдалган окуу китептердин авторлору – Орусия президентинин жардамчысы Владимир Мединский менен Маскөөдөгү Эл аралык мамилелер мамлекеттик институтунун (МГИМО) ректору Анатолий Торкунов. Ал эми жалпы тарых боюнча 10-класс жана 11-класс үчүн окуу китептердин авторлору – жогоруда эскерилген Владимир Мединский менен Орусия Илимдер академиясынын Жалпы тарых институтунун илимий жетекчиси Александр Чубарьян.

Авторлор соңку жаңы доордогу жалпы тарых менен Орусия тарыхы “алгачкы жолу синхрондоштурулуп” (мезгилдик жана мазмундук жагынан өз ара шайкеш) жазылды, деп ишендиришүүдө. Анатолий Торкуновдун сөзүнө караганда, окуу китептерде чагылдырылган тарыхый окуялар алардын “эмне окуя болгондугу жана болуп жаткандыгы жаатындагы азыркы таптагы аңдоолоруна ылайык” сыпатталган.

Окуу китептерде айрым доорлор боюнча түшүнүктөр жаңыртылып берилген. Ал эми 1970-жылдардан кийинки окуялардын тарыхы, асыресе Украинага каршы баскынчыл согуштун тарыхы (авторлор бул окуялардын 2022-жылдын 24-февралынан кийинки кеңири өлчөмдө улантылышын “атайын аскердик амалдар” деген термин аркылуу чагылдырышат) айрыкча жаңы бөлүмдөр катары жазылган.

Бул окуу китептери 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып Орусиянын агартуу системасында кеңири колдонула баштамакчы.

Путинчил көз караштар

Орто мектептердин 10- жана 11-класстары үчүн жалпы тарых жана Орусия тарыхы боюнча жазылган бул жаңы окуу китептердин айрым гана өңүттөрүнө токтоло кетели.

1960-жылдар жаңы окуу китепте “бакыбаттык ыңкылабынын” доору катары жогору бааланган. Албетте, шаардагы турмуш-тиричилик шарттарынын жетишкендиктери Батыштагы өнүккөн өлкөлөрдөгү карапайым калайыктын турмушунан айырмаланып тургандыгы да белгиленет. Мында деги артта калгандык жөнүндө моюнга алынып айтылып жатабы?

Тескерисинче, авторлор Батыштагы демейдеги турмуштун артыкчылыктарын “чет элдик кинолор жана жарнамалык журналдар тарабынан гана түзүлгөн турмуш таризинин” көбүртүп-жабыртылган сыпаттамасы катары көрсөтүүгө тырышат.

Кызык, 1980-жылдары Ташкен шаарында америкалык орточо үй-бүлөлөрдүн турмушуна арналган бир көргөзмө уюштурулган эле. Ал көргөзмөдө карапайым америкалыктын үйүндө түстүү телевизор, кир жуугуч машине, идиш-аяк жуугуч машине, чоң муздаткыч, заманбап электр меши, ал түгүл автоунаа да бар экендиги шардана кылынган. Ошондо да көргөзмөгө катышкан далай советтик карапайым кишилер “булар – империалисттик жалган маалыматтар” деп өз көздөрүнө өздөрү ишенишкен эмес. Алар Батыштагы карапайым кишилер бүт таштандыдан азык издеп, ач-жылаңач жүрүшөт деп жапырт ойлошчу.

Далай чыгаан тарыхый инсандар актала элек кез. Орто жолдо, 1970–80-жылдары, Кубанычбек Нурбеков, Төлөгөн Касымбеков, Казат Акматов, Кушбек Үсөнбаев, Сабыр Аттокуров, ж.б. партиялык бийликтердин кысымына кабылып турган кез.

Бизде болсо “Анжела Дэвиске боштондук!” деп ар мектепте иш-чара өткөрөөр элек, бирок өз өлкөбүздөгү адам укуктарынын бузулушу темасын козгоого тыюу салынган.

Анжела Дэвис маалымат жыйынында. Сан-Хосе, Калифорния, АКШ. 1972-жыл.
Анжела Дэвис маалымат жыйынында. Сан-Хосе, Калифорния, АКШ. 1972-жыл.

(Айтмакчы, жаш муундар анчейин кабардар эмес маалыматты тиркей кетелик: 1944-жылы туулган укук коргоочу Анжела Дэвис (Angela Yvonne Davis) жаштайынан расисттерге каршы күрөшкө чыккан америкалык саясатчы айым. Ал коммунисттик көз караштары үчүн АКШда куугунтукка алынгандыгы анык. Бирок 1991-жылы августта АКШ Компартиясы Маскөөдөгү эскичил коммунисттердин “ГКЧП” делген кутум далаалатын колдоп чыккан соң, Дэвис айым коммунисттердин катарынан чыгып кеткен. Ал азыр Калифорния университетинде профессор болуп иштейт жана өзүн демократ жана социалист катары санайт).

Орусиядагы жаңы окуу китеп СССРдин президенти, маркум Михаил Горбачёвду жаманаты кылуу мүдөөсүн да аткарган. Аны СССРдин тышкы саясаты жаатын жармач аңдаган, “эч убакта ишкананын башчысы да болуп иштебеген”, өндүрүштөн алыс төбөл, бүлдүргүч мамлекет башчы катары көрсөтүшкөн.

Кыргыздар болсо бул либерал реформачыл мамлекет башчынын “Кайра куруулар” доорун баштагандыгын алкашып, анын кеңешчиси болуп кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов иштегендигин да сыймыктана эскерип келишет эмеспи.

Президент Владимир Путин СССРдин кулашын “XX кылымдагы эң зор геосаясий катастрофа” деп баалаганы бар. Албетте, жаңы окуу китепте путиндик бул баа өзөккү баа катары таңууланган.

Эгерде бул окуя “катастрофа” деп бааланса, анда кайра мурдагы СССРдин чегин калыбына келтирүү боюнча шовинисттик аракеттер “эң туура нук” катары кабылданышы керек эмеспи?

Орусиядан башка постсоветтик эгемен жумурияттарда болсо Советтер Биримдигинин биротоло ыдырашын “XX кылымдын этегиндеги эң мыкты прогрессчил окуя” катары сыпаттап келишет.

Жаңы китептердин авторлорунун “синхрондошкон” оюна караганда, 2014-жылдын февралындагы Украинадагы Виктор Януковичтин авторитардык режимине каршы элдик ыңкылап – тек гана “аскердик төңкөрүш”, “кандуу козголоң” болуп саналат.

Авторлордун оюнча, ушул тапта Украинада “неонацизм гүлдөп өсүүдө”.

Украин “неонацисттери” ушунчалык “ашынып” кетишкен экен, ал түгүл теги жөөт украин жараны Владимир Зеленскийди өздөрүнө президент кылып шайлап алышыптыр, деген келеке сөз аркылуу бул китептеги маанайга каяша айта кетсек жөндүү.

Чындыгында, азыркы тапта Украинанын эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү үчүн орус тектүү украин жарандары да салгылашып жатышат, бирок бул жаатта окуу китепте эч бир сап жок.

Эгемен Украина, бул китептердин авторлорунун оюнча, АКШ менен НАТОнун Орусияга каршы чеп дарбазасын бузуучу башкы куралы (“тараны”) катары даярдала баштаган.

Авторлордун оюнча, XIX кылымда борбору Львов шаары болгон австриялык Галицияда “украинсүйөрлөр (украинофил) кыймылы баш көтөргөн” да, бул кыймыл мындагы славяндарды падышалык Орусиядан качууга, украин элин “орус элинин бир бөлүгү эмес, өзүнчө элбиз” деген түшүнүккө ооп кетүүгө түрткөн имиш.

Бул көз караш көп кылымдык украин улутунун тарыхына рашисттик мамиле катары сынга алынып келет.

Президент Владимир Путин Конституциялык соттун төрагасы Валерий Зорькин менен Кремлде эски картаны талдашууда. 22.5.2023.
Президент Владимир Путин Конституциялык соттун төрагасы Валерий Зорькин менен Кремлде эски картаны талдашууда. 22.5.2023.

Жакында (22.5.2023) Путин менен байланыштуу дагы бир анекдоттук окуя болгону эсте. Анын жөкөрлөрүнүн бири – Конституциялык соттун төрагасы Валерий Зорькин XVII кылымдагы французча (латын тамгалары менен) чийилген тарыхый картаны президентке көрсөтүп, анда “Украина” деген өлкө жок экен, – деп маалымдады.

Путин болсо: “Бул жерлер Речь Посполита мамлекетине кирген, анан алар Москва падышалыгына суранып өтүшкөн. Өктөбүр ыңкылабынан соң чала жан мамлекет сымактар түзүлө баштаган. Совет бийлиги гана советтик Украинаны негиздеди. Бул – жалпыга маалым. Ага чейин адамзат тарыхында эч кандай Украина деген (мамлекет) жок болчу”, – деп кошумчалай кетти.

Башка бир учурда (2021-жылы декабрда маалымат жыйынында) Путин өз сөзүндө Украинаны Владимир Ленин эле түзүп салган, деп “ачылыш” жасаган.

Француз картографы Гийом Самсон чийген бул картаны окурмандар интернеттен өздөрү таап салыштырып карай алышат.

Иш жүзүндө бул картада Крым жарым аралынан башышыраакта “Украина” сөзү бар, анда “Украина, (славян) казактардын өлкөсү” (“Ukraine pays des cosaques”) деп даана жазылган. Крым жарым аралы “кырым татарларынын жергеси” (Krimsky tartares du Crime) деп көрсөтүлгөн.

Гийом Самсон чийген картада түндүгүрөөктө (Чыгыш Европада) чаканыраак тамгалар менен “Маскөө княздыгы” (“Duché dez Moscow”) деп жазылган, бирок ал жагын Путин жана анын жөкөрү сөзгө алышкан жок.

Постсоветтик Украинанын Европа Биримдигине жана НАТОго мүчө болуу жаатындагы өз эркине ылайык умтулуусу, ошентип, бир тараптуу бааланган.

Ал эми “тарыхый жактан бейтарап болуп келген” Финляндиянын НАТОго мүчө болуп киришин китептин авторлору Батыштын Орусияга карата арамза оюнун кезектеги жүзөгө ашырылышы катары сыпатташат, бирок окурмандарга Орусиянын Украинага каршы баскынчылык согушу Финляндияны НАТОго мүчө болууга аргасыз кылгандыгы жөнүндө эч маалымат беришпейт.

Ал эми эгемен Украинанын НАТОго өз эрки менен мүчө болуусуна жол койбоо керек болгондугун авторлор НАТО менен Орусиянын болжолдуу алааматтуу согушуна жол койбоо далаалаты катары “акташат”: “Бул (согуш), балким, цивилизациянын биротоло ойрон болушу дегенди туюнтмак. Буга жол берүүгө эч мүмкүн эмес эле”.

Демек, эгемен Украинага каршы баскынчыл согуш, китеп авторлорунун түшүнүгүндө, бир чети, украиналык “неонацисттерден” ал өлкөдөгү орус тилдүүлөрдү коргоого багытталса, экинчи жагынан, болжолдуу өзөктүк согуш алааматын болтурбоо аракети болгон тура.

Украинанын Киев облусундагы Буча шаарчасынын көчөлөрүндө баскынчы орус жоокерлери өлтүргөн украиндердин сөөктөрү. 02.4.2022.
Украинанын Киев облусундагы Буча шаарчасынын көчөлөрүндө баскынчы орус жоокерлери өлтүргөн украиндердин сөөктөрү. 02.4.2022.

Албетте, окуу китепте орусиялык баскынчы аскерлердин Буча, Ирпен, Мариупол, Бахмут, жана башка украин шаар-кыштактарындагы кыргын жана ойрондогуч аракеттери жөнүндө ныпым айтылбайт.

Украинадагы Путиндин согушунан соң киргизилген Батыштын санкцияларынан кийин олуттуу чет өлкөлүк ири компаниялар Орусияны таштап кетишкендиктеринен кийинки аянычтуу чарбалык абал ичкерки татынакай удул катары жогору бааланып: “Эми бул удулду өз учурунда колдонуп калгыла. Бүгүнкү Орусия – чынында да мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү”, деген шаңдуу маанайдагы сөздөр менен шөкөттөлгөн.

Сырттан таңууланган китеп четке кагылышы абзел

Борбордук Азиядагы айрым өлкөлөрдө (анын ичинде Кыргызстанда) Орусия каржылаган орто мектептер бар.

Биздин пикирибизде, Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги Орусияда жарыяланган ар кандай тарых боюнча окуу китептерин Орусия каржылап тургузган мектептерде да окутууга тыюу салышы керек.

Албетте, интернеттик мүмкүнчүлүктөр Кыргызстанда азыркы путиндик Орусияга салыштырмалуу кеңирээк. Айрым окуу китептерди каалаган киши интернет аркылуу деле өз алдынча окуй алат. Бул – башка кеп.

Ал эми шалаакылыктан улам, же саясий сабатсыздык кылып, же болбосо идеологиялык диверсияга ылым санап, путиндик бир тараптуу окуу китептерди Кыргызстандагы тиешелүү орто мектепте же ЖОЖдо атайылап колдоого алуу – таптакыр башка кеп.

XXI кылымда Кыргызстан үч ирет элдик ыңкылапты баштан кечирди (2005-, 2010- жана 2020-жылдардагы бул окуяларды, албетте, “төңкөрүш”, жөн гана “элдик толкундоо” катары баалаган замандаштарыбыз бар). Демек, Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаровдун бийлиги канчалык “Кремлге өнөктөшпүз” деп жарыялагандыгына карабастан, постсоветтик Кыргызстандагы жарандык коомдун демократиячыл жеңип алуулары Путиндин режими үчүн “коркунучтуу терс өрнөк” катары кабыл алынып келет.

Бир баса белгилей кетчү жагдай бар: Кыргызстандын тарыхчылары өз тарых китептеринде XXI кылымдын башындагы Аксы окуясын жана элдик ыңкылаптарды сыймыктануу менен чагылдырып келет.

Ал эми Орусияда деле анын жарандары бул путиндик жаңы окуу китептерди бир кылка кабыл алып жиберишкен жок.

Көп этностуу Орусия Федерациясындагы көз карандысыз илимпоздор, агартуучулар жана публицисттер соңку жаңы тарых боюнча бул жаңы окуу китептерин ачык сынга алышып, Путиндин авторитардык режими аяктаар замат эле бул китептер таштандыга түшөт деп ачык жазышууда.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG