Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Чөлкөмдөгү боордош өлкөлөр орток латын алфавитин талкуулашы абзел


Латын арибиндеги кыргыз тилиндеги бир нече аталыштагы китептер жана документтер.
Латын арибиндеги кыргыз тилиндеги бир нече аталыштагы китептер жана документтер.

Өзбек, казак алфавиттеринин соңку учурлардагы жакшыртылыш аракеттери Борбордук Азия түрк калктарынын чөлкөмдүк орток латын алфавит түзүү жүрүмүн талкуулоо үчүн жаңы удул жаратып жатат. Илимпоз Гүлзура Жумакунованын кезектеги блогу

Эмне үчүн латын жазуусу тандалышы керек?

Бул суроо – түрк элдеринин жакынкы тарыхында көп жолу кабыргасынан коюлуп келаткан суроо. Учурунда, бул суроо 1860-жылдары бул маселенин алгачкы жактоочусу, азербайжандык акын-драматург жана агартуучу Мирза Фатали Ахундовго да, 1926-жылы ар кайсы түрк журттарынан Бакуга Түркология Курултайына келген 131 делегатка да берилген, 1927–1929-жылдары Мустафа Кемал Ататүрктөн да, Касым Тыныстановдон да сурашкан, алар анын жообун берүүгө, бул жазуунун артыкчылыгын жана зарылчылыгын түшүндүрүүгө бүт аракетин жумшашкан.

2019-жылы мен кыргыз тилинин латын алфавити долбоорун түзүп алып, Бишкекке таанытканы барганымда, бул суроо мага да крч берилди. Демек биз, түрк элдери XIX кылымдын ортосунда баштаган латын жазуусу жаатындагы эңсөөбүздү бүгүнкүгө чейин же толугу менен аткара албай, же толугу менен баш тарта да албай келет окшойбуз.

Түрк дүйнөсүнүн 150 жылдык мөөнөт ичинде латын жазуусунан баш тарта албай келишинин негизги себептери 1860-жылдары кандай болсо, бүгүн деле баш-аягы дал эле ошондой: 1) латын жазуусунун түрк тилдеринин тыбыштык түзүлүшүн эң мыкты чагылдырышы; 2) окууга жана жазууга оңтойлуулугу; 3) учурдаш дүйнөнүн улашым (коммуникация), билишим (информация) тармактарында эң көп артыкчылык берилген жана эң көп колдонулган жазуусу болушу.

Түрк элдеринин жазууларынын бирдейлиги эмне үчүн маанилүү?

1920-жылдардын башында Түркияда жана башка түрк аймактарында жазуу алмаштыруу маселеси бир өлкөнүн жалаң эле жазуусун алмаштырууну көздөгөн маданий маселе эмес, социалдык жана диний көз караштардын да талашын алоолонткон, ал түгүл белгилүү жаатташмаларга чейин жеткен саясий маселеге айланган.

Ошол себептүү 1926-жылы I Түркология курултайында ар түрдүү темада 38 баяндама сунулса да, эң башкы теманын алфавит маселеси болушу бекеринен эмес эле. Ошол кезге чейин эле Советтер Союзунун түрктөрү бул маселеде бир далай дың казып коюшкан болчу.

Түрк калктарынын ичинен латын арибине 1917-жылы алгачкы болуп якуттар өткөн. 1922-жылы азербайжандардын да латын алфавитине өтүшүнүн артынан Оренбург, Казан, Уфа сыяктуу түрк маданий борборлорунда да демилгелер кызып, алфавит даярдыктары башталат.

Татар, башкырттардын жаңы алфавит үлгүлөрү 1924-жылы “Эшче” (Ишчи) гезитинде жарыяланат.

Советтер өлкөсүндө алфавит маселесинин мынчалык ээн-эркин жана тез жол алып кетишинини себеби, В.И.Ленин баштаган Большевиктер партиясынын латын жазуусун дүйнө пролетарларынын орток жазуусуна айландыруу кыялдарына дал келгенинен улам болгон жана бул демилгелер Сталиндин борбордук өкмөтү тарабынан да күчтүү колдоо тапкан.

Баку курултайында алынган чечимдер түрк элдеринин латын жазуусуна өтүшүндө кескин бир бурулуш болгон.

Курултай чечимдеринин негизинде уюштурулган Борбордук Алфавиттик Комиссияга бардык түрк аймактарынан келген сунуштарды талдап чыгып, аларды унификациялоо, б.а. тамгаларды ылгоо-ыңгайлаштыруу аркылуу орток түрк алфавитин жаратуу милдети тагылган болчу.

Маселеге канчалык олуттуу мамиле жасалганын Кыргызстанда Жаңы Алфавит Комиссиясынын башчысы болуп Кыргыз БАКтын төрагасы Абдыкадыр Орозбеков, жардамчысы болуп Эл агартуу министри Касым Тыныстановдун дайындалганынан эле көрүүгө болот.

Борбордук Алфавиттик Комиссия жер-жерлерден келген 18 долбоорду талдап, ылгап отуруп, 33 тамга, бир белгиден турган “Яналиф” (татарча: jaŋa әlifва) аттуу унификацияланган алфавитти түзгөн.

Бул жалпылаштырылган алфавиттен ар бир түрк тили өз тилинин ыңгайына жараша тамга тандап алуусу керек эле.

Берлинде 1943-жылы Сатар Алманбетов чыгарган Тыныбек Жапый уулунун “Манасы”.
Берлинде 1943-жылы Сатар Алманбетов чыгарган Тыныбек Жапый уулунун “Манасы”.

Яңалифтин артыкчылыгы эмнеде эле?

Биринчиден, бардык түрк тилдеринин тыбыштары кылдаттык менен изилденип чыккан. Яңалиф жер-жерлерден келген 18 долбоордогу 39 тыбыштан ылгоо-ыңгайлаштыруу жолу менен 33+1 тамга тандалып жаратылган. Бул алфавит жалпы болуп, ар бир улуттук тилди өзүнчө тамга жаратуу машакатынан куткарган.

Экинчиден, бирдиктүү жазуу болгону үчүн бардык түрктөр бири-биринин жазуусун эч кыйынчылыксыз окуй да, жаза да алган. Өз ара байланыш, маалымат алышма жеңилдеген.

Үчүнчүдөн, дүйнөлүк жазуу системасында да жалпы түрк алфавити катары таанылып, татыктуу, абройлуу орунга ээ болгон.

Өрнөк катары назарыңыздарга Яңалиф (“Жаңы алфавит”) жана ага негизделген 19227-28-жылкы кыргыз латын алфавитин сунуштап көрөлү.

1926-жылы сунушталган Яңалиф (Jaꞑalif) орток латын алфавити. Анын негизинде 1927–28-жылдары кыргыз латын алфавити түзүлгөн.
1926-жылы сунушталган Яңалиф (Jaꞑalif) орток латын алфавити. Анын негизинде 1927–28-жылдары кыргыз латын алфавити түзүлгөн.

Ал эми 1927–1928-жылдарда кабыл алынган кыргыз латын жазуусу 31 тамгадан турган.

Мында Ы тамгасы үчүн кирил жазмасындагы ичкертүү белгинин Ь тамгасы, Й тамгасы үчүн J тамгасы колдонулган. Б тамгасынын латынчасынын кичинекей (баш тамга эмес) түрү да кичинекей в тамгасына окшош кабыл алынган.

Латынча C тамгасы Ч тыбышы үчүн, Ç тамгасы Ж тыбышы үчүн, Ŋ тамгасы Ң үчүн, латынча Y тамгасы Ү үчүн, Q тамгасы каткалаң К үчүн (кат, кылым сөзүндө), Ƣ тамгасы каткалаң Г үчүн (агыш, кыргыз сөзүндө) колдонулган.

Тамгалардын басымдуу бөлүгү Яңалифтикине окшош болгон.

1927-1937-жылдардагы кыргыз тилинин латын алфавити (1938-жылы жумшак ж үчүн Ƶ тамгасы киргизилген жана h тамгасы кыскартылган). Википедия.
1927-1937-жылдардагы кыргыз тилинин латын алфавити (1938-жылы жумшак ж үчүн Ƶ тамгасы киргизилген жана h тамгасы кыскартылган). Википедия.

Тилекке каршы, мыкты тилчилерибизди жайрандап, кыйсыпыр түшүргөн сталиндик репрессиялардын негизги толкунунан кийин 1939–1940-жылдардагы кирил жазуусуна өтүү жүрүмүндө болсун, 1991–2020-жылдар бою латын жазуусуна өтүү жүрүмүндө болсун, “Яңалифке” жасалган дыкаттык жана жалпылык принциптери сакталган эмес.

Ошол себептүү СССРдеги түрк калктарында чар-жайыт, обочолонгон, бири-биринен оолактаган улуттук жазуулар таңууланып, анын айынан тектеш элдер жана коңшу өлкөлөр дагы бири-биринин жазуусун окуй албай келет.

Кыргыз, казак сыяктуу бири-бирин илгиртпей түшүнүп, айтышып отурган жакын элдердин кирил жазмасында деле 6 тамгалык айырма болуп калышынан эле алешемдиктин таасын мисалын көрүүгө болот.

Аа

Әә

Бб

Вв

Гг

Ғғ

Дд

Ее

Ёё

Жж

Зз

Ии

Йй

Кк

Ққ

Лл

Мм

Нн

Ңң

Оо

Өө

Пп

Рр

Сс

Тт

Уу

Ұұ

Үү

Фф

Хх

Һһ

Цц

Чч

Шш

Щщ

Ъъ

Ыы

Ii

Ьь

Ээ

Юю

Яя

Жадыбал. Kaзак кирил алфавити.

(33 орус алфавит тамгасы жана 9 кошумча тамга).

Кыргыз ССРинин туңгуч гербиндеги кыргызча текст латын арибинде жазылган. Анда “Бүткүл дүйнө пролетарлары, бириккиле!” деген марксисттик ураан камтылган. Орусча текст кирил жазмасында жазылган. 23.03.1937.
Кыргыз ССРинин туңгуч гербиндеги кыргызча текст латын арибинде жазылган. Анда “Бүткүл дүйнө пролетарлары, бириккиле!” деген марксисттик ураан камтылган. Орусча текст кирил жазмасында жазылган. 23.03.1937.

А аБ бВ вГ гД дЕ еЁ ёЖ жЗ зИ иЙ йК к
Л лМ мН нҢ ңО оӨ өП пР рС сТ тУ уҮ ү
Ф фХ хЦ цЧ чШ шЩ щЪ ъЫ ыЬ ьЭ эЮ юЯ я

Жадыбал. Kыргыз кирил алфавити.

(33 орус алфавит тамгасы жана 3 кошумча тамга).

1990-жылдардын башында Советтер Биримдигинин биротоло таркашынын жана 5 түрк республикасынын эгемендик алышынын артынан дароо орток түрк латын алфавитине өтүү аракеттери жандана баштаган.

1991-жылдын 18–20-ноябрында Түркиянын Мармара университети тарабынан уюштурулуп 14 түрк аймагынан 27 тилчи адис катышкан “Заманбап Түрк Алфавиттери” симпозиумунун максаты улуттук тилдерине терс келген жазуудан кутулуп орток латын жазуусуна өтүү болгон.

Бүтүн түрк тилдеринин өзгөчөлүгүн чагылтуучу орток алфавит түзүү тилеги көздөлгөн симпозиумда 7 долбоор сунуш кылынып, талкуудан соң 34 тамгадан турган орток латын алфавитке чечим кылынган.

Кыргыз латын тамгаларынын башка түрк элдеринин латын алфавиттериндеги тамгаларга салыштырма жадыбалы. Түзгөн Бахтияр Шаршеев.. 08.2.2021.
Кыргыз латын тамгаларынын башка түрк элдеринин латын алфавиттериндеги тамгаларга салыштырма жадыбалы. Түзгөн Бахтияр Шаршеев.. 08.2.2021.

Симпозиумдун артынан бир катар саясий жана илимий авторитеттердин макулдашуусу жана кол коюуларына карабастан бул орток алфавиттин жүзгө ашырылышында бирдиктүү принциптерге таянылбагандыктан, 34 тамганын тышына чыккан ар түркүн алфавиттер жаратылып кетти.

Азербайжан 1992-жылы, Өзбекстан менен Түркмөнстан 1993-жылы латын жазуусуна өтүү чечимин алышкан. Казакстандын да 2017-жылы ушул багытта чечим алышы менен кирил жазуусунда жалгыз гана Кыргызстан калды.

Бирок бир канчалаган түзөтүүлөрдөн кийин быйыл казак жана өзбек туугандарыбыз алфавиттерин кайрадан чыгып, жакшыртуу аракеттерине киришкендери, бизге да бул жүрүмдүн шарапаты менен чөлкөмдүк деңгээлде болсо да алар менен бирдей алфавит чөйрөсүнө кирип калуу үчүн аябагандай сонун мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат.

Бардык карым-катышта тилектештик абасы жаратылып жаткан ушул тапта жакын коңшуларыбыз менен бирдей жазуу талаасында болуудан дагы табигый кандай тилегибиз болушу мүмкүн?!

Бул – биздин өз коңшуларыбыз сыяктуу эле заманбап ыңгайлуу жазууга ээ болууну эңсеген ички зарылчылыгыбыз. Мындан кимдир бирөөлөрдүн арам ниет издей турганынан сестенүүнүн кажаты жок.

Менимче, жасала турган нерсе – бул үч республиканын тиешелүү уюмдары бир арага келип, Чөлкөмдүк Орток Алфавит Комиссиясын түзүүлөрү керек. Ошол комиссия үч тараптан да келе турган долбоорлорду кылдат талкуулап, унификациялап, үч тилдин да өзгөчөлүгүн чагылдыра турган бир орток алфавитти жаратуу тууралуу чечим кылышы керек.

Орток казак, кыргыз, өзбек латын алфавитинин пайдалары

* Регионалдык (чөлкөмдүк) маанидеги бардык жазышмалар, ошондой эле бардык документтер бирдей алфавитте жазыла баштайт. Колдонуучулардын саны көп болгону үчүн алфавиттин Юникод (Unicode) сыяктуу эл аралык символдор системасына кабыл алынышы да алда канча оңой болот.

* Билим берүү, маданият жаатындагы басылмалар, китептер бирдей жазууда жазылганы үчүн ал басылмаларды ортоктошо колдонуунун чөйрөсү кеңейет. Билим берүүнүн бардык деңгээлинде орток окуу китептерин жазуу, тажырыйба алмашуу, котормо иштери жеңилдейт. Орток тарых, орток адабият, орток санат долбоорлору иштелип чыгат.

* Орток алфавиттердин артынан орток орфография, орток терминологияларды жөнгө салуу иштери жолго коюлат. Адабий тилдерибиз жакындашат, илимий, саясий кызматкерлер да бири-бирин дыйкандарыбыз сыяктуу эле котормосуз түшүнүшө башташат.

* Өз ара түшүнүшүү ар тармакта жакындашуунун, кызматташтыктын жолдорун ачат. Боордоштук, жакшы санаалаштык, тилектештик мамилелери үстөмдүк кыла баштайт.

Жумакунова: Технологиянын арибине өтүү зарыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00

Гүлзура Жумакунова,

профессор, Анкара университети.

Ред.: Автордун пикирин редакциялык турум катары кабыл албоо керек.

XS
SM
MD
LG