Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:43

Назарбаев латын арибинен миллиардды аябайт


Нурсултан Назарбаев

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама.

Казактар латын арибине 670 миллион доллар менен өтөт

Quartz журналы Казакстандын латын арибине өтүүсү тууралуу макала жарыялады. Президент Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен былтыр башталган дымактуу долбоорду ишке ашырууга 218 миллиард теңге же 670 миллион доллар талап кылынат.

Бул каражаттын 90 пайызы латын алфавитин адамдарга таанытып, окута турган мугалимдердин айлыгына жумшалат. Кириллица менен жазылган бардык иш кагаздары, китептер, окуу куралдары толук башка арипке которулушу керек.

Латын ариби
Латын ариби

Элбашы англис, немис стандартына өтөбүз деп опурулганы менен өлкөдө ага тоскоол болчу техникалык жагдайлар да толтура. Макаланын автору азыркы тапта өлкө кириллицаны эле колдонууда веб-сайттар, китептер, кино тасмалардын субтитры, ресторандын менюлары, көчөлөрдүн аталышы, айтор бардыгын латын тамгасына алмаштырууну элестетүү кыйын деген ойдо. Латын арибине негизделген казак алфавитиндеги 42 тамганы заманбап компьютердин тилине салуу канча убакытты алары да белгисиз.

Бээжиндин кыжырына тийген "оюн"

The Diplomat аналитикалык журналынын баяндамачысы Кыргызстандагы бийлик алмашуудан улам Бишкек жылуулук электр борборунда чыккан кырсык кайсы нукта иликтенерине сереп салган.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу катачылыктар үчүн УКМКга суракка чакырулуусу, Кытайдын TВЕА ишканасы менен кыргыз бийлигинин келишимине кайрылган автор Кэтрин Пуз экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда кытайлык компаниянын ташы өйдө кулаганына токтолгон.

Датка-Кемин көмөк чордонун курууга катышкан кытай жумушчулары.
Датка-Кемин көмөк чордонун курууга катышкан кытай жумушчулары.

"Бийлик алмашуу тынымсыз ишке ашууда. Дал ушул процесс ЖЭБдеги кырсыкты иликтөөнүн багытын да өзгөрткөнү турат. 386 миллион доллардык насыя 2013-жылы Алмазбек Атамбаев менен Борбор Азияга иш сапарга чыгып, Бишкекке токтогон кытай лидери Си Цзинпиндин ортосунда түзүлгөн. Кытай ажосу ошондо бул макулдашууну "Бир жол - бир кемер" долбоорундагы "стратегиялык өнөктөштүк жараяны" деп атаган. Бирок чуулуу кырсыктан кийин ачылган иликтөө эми Кытай тараптын кыргыз долбоорунан тапкан үлүшү канчалык экенин далилдей албайт. Ал эми расмий Бишкек бул ишке айыптуу катары мурдагы бийликти түртө салары турган иш", - деди баяндамачы.

Сирияга акча үчүн баргандар көп

Лондондогу Падышалык институт Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттардын диний радикалдашууга кабылып, жаңжал оту тутанган өлкөлөргө сапар алуусунун себептери менен натыйжасын изилдеген.

Бул изилдөө тууралуу Eurasianet порталы баяндама жарыялады. Орусиянын 13 шаарындагы Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандан барган 200 адам сурамжылоого тартылып, алардын диний радикалдашууга карата көз карашы талданды. Орто азиялыктардын Сирияга сапар тартуусунун бирден бир себеби акча экени маалым болду. Ал эми диний көз караш менен баргандар саналуу экени айтылат.

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Айрым адистердин баамында, Сирия менен Иракта "Ислам мамлекети" деген террордук уюмдун тарабында согушуп жүргөндөр Кыргызстанга кайтып келүүдөн, жоопко тартылуудан чочулашууда.

Маселен суроолорго жооп берген тажикстандыктар экстремисттик топторго акча үчүн кошуларын айтышкан. Ал эми кыргыздар өз өлкөсүндө Сирияга барып согушкандарга сый-урмат жок экенин белгилешкен. Орусиядагы эмгек мигранттарын бюрократия, кемсинтүү, акчадан кыйналуу, жалгыздык сыяктуу жагдайлар радикалдашууга түртүп жатканы байкалган. Ошондой эле интернеттеги диний үгүт-насаат да кошул-ташыл болууда дегендер чыккан.

Изилдөөнү жүргүзгөн институт радикалдашуунун тамырын кыркыш үчүн Орусия бийлиги мигранттардын диаспоралары менен тыгыз иш алып барышы зарыл деп белгилеген.

Куралдануу күчөгөнү менен дүйнө коопсуз эмес

Time журналына талдоочу Изуми Накамитсу азыркы тапта дүйнө жүзүндөгү аскерий каржылоо жакшырганы менен коопсуздук жакшырбаганын жазды. 2000-жылдарга салыштырмалуу куралданууга азыр эки эсе көп акча сарпталып жатканын Стокгольмдогу Тынчтыкты изилдөө институту изилдеген.

Бул каражат жөнөкөй атуулдардын капчыгынан түшкөн салыктан чогулган. "Капилет кол салууга, бейбаштардан коргонууга миллиарддаган акча сарпталганы менен тынч жашай алдыкпы?" деп суроо салат Накамитсу.

Дүйнө өлкөлөрү маселен жылына аскерий максатта 2-3 триллион доллар коротот. Ошол эле мезгилде ооруга байланыштуу өлгөндөрдүн саны басымдуу. Автор коргонуу жеке эле аскерий өңүттө деген тар түшүнүктөн улам көп мамлекеттерде саламаттык сактоо, социалдык бакубаттык сыяктуу коопсуздуктун башкы факторлору капарга алынбай жатат деген пикирде.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG