Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

"Түркиянын тышкы карызын мигрант түрктөр төлөп беришиптир"


Мустафа Кемал Ататүрктүн сүрөтү түшүрүлгөн желекче көтөргөн кыз. Стамбул, 2013-жыл.

Мустафа Кемал Ататүрктүн сүрөтү түшүрүлгөн желекче көтөргөн кыз. Стамбул, 2013-жыл.

Түркиянын чет жактарда жашаган түрк мигранттары менен алака-катыш түзүү тажрыйбасын кыргызстандык делегация үйрөнүп келди. Кыргыз өкмөтү, коомдук уюмдар жана чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз бирикмелери көптөн бери ортодогу байланышты бекемдөө жолдорун талкуулап келатышат.

“Азаттык” радиосунун Бишкектеги студиясында ушул темага арналган талкууга Анкарага атайын барып келген делегациянын мүчөлөрү: Жогорку Кеңештин эксперти Салтанат Бараканова, Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин өкүлү Дарманкул уулу Бакыт жана Роза Отунбаеванын демилгелери Эл аралык фондунун “Мекендештер” форумунун координатору Банур Абдиева катышты.

"Азаттык": Соңку бир нече жылдан бери чет жактарда жашаган кыргызстандыктар өз ара уюшуп, биригип, "канткенде биз өз жаныбызды эле багып жүрө бербей, мекенибизге да жардам бере алабыз? Ар бирибиз колдон келишинче тууган-жакындарга жардам берип келатабыз, бирок канткенде Кыргызстандын келечектеги өнүгүүсүнө салым кошо алабыз" деген маселени талкуулап келатышат.

Роза Отунбаеванын демилгелери Эл аралык фонду жыл сайын “Мекендештер” форумун өткөрүп келет. Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар өздөрү буга чейин Америкада, Сан-Маринодо, Москвада чогулуп жыйын курушту. Ушундай демилгелерден кандай жыйынтык жасалышы керек?

Түркия атүгүл чет өлкөлөрдө жашаган түрктөрдүн маселелери боюнча атайын башкармалык да түзгөн экен. Ал башкармалыктын мандаты кандай, кандай иштерди аркалайт экен?

Салтанат Бараканова

Салтанат Бараканова

Салтанат Бараканова: Биз февраль айында Түркияга барып, бир топ колго аларлык тажрыйбасы менен таанышып, көрүп келдик. Түрк өкмөтүндө чет жактардагы түрктөр менен такай иштешкен, көптөн бери калыптанып ишин жолго коюп алган күчтүү, өз курамы жана иш планы эбак бекемделген атайын мекеме бар экен. Ал чет жактарда жашаган түрктөр менен байланыштар боюнча башкармалык деп аталып, өлкөнүн вице-премьеринин астында иш алып барат.

Түркиянын 80 миллиондон ашуун калкынын алты миллиондойу чет өлкөлөрдө жашайт. Алардын төрт миллиондон ашууну Германияда. Бул башкармалык чет жактарда жашаган түрктөрдүн атайын коомдорун түзүп, ар бир диаспораны атайын программалар аркылуу колдоп турат. Акчалай жардамдан башка сырт жактарда жашаган түрктөр эне тилин, улуттук каада-салт, маданиятын сактап калуусуна, экономикалык жактан кыйналып калбашына да кам көрүлүп, бир топ колдоо көрсөтүлөт экен. Түркия мамлекетинин өнүгүү деңгээлине жараша ушундай иштер колго алынган экен, азырынча биз андай деңгээлге жете албай жатпайбызбы.

"Азаттык": Салтанат айым түрк өкмөтү чет өлкөлөрдөгү түрк диаспораларына кандай жардам берип жатканын айтып берди. Ал эми чет жактарда жашаган түрк мигранттары мекенине кандай жардам бере алат экен?

Дарманкул уулу Бакыт: Мен бир мисалды айта кетсем, Түркиядан чет жактарга иш издеп кеткендердин агымы 1960-жылдары башталган экен. 1970-жылдары дагы күчөп отуруп, 1980-жылдары туу чокусуна жеткен. Түрк өкмөтү ошол 1960-70-жылдары эле канткенде сырт жактарга кеткен мигранттар биздин мамлекетке пайдасын тийгизе алат деп ойлоно баштаган экен.

Дарманкул уулу Бакыт

Дарманкул уулу Бакыт

Ошол эле жылдары Түркиянын Улуттук банкында чет жактардагы мигранттар үчүн атайын депозит ачканга уруксат алынган. Бул үчүн өлкөнүн Конституциясын да өзгөртүп, чет жактарда жашаган түрктөр Түркиянын Улуттук банкында жеке өздөрүнүн атына депозиттик эсеп ача алат деген чечим кабыл алышкан. 1976-жылы ошондой эсептерге 65 миллион доллар чогулган экен.

Ошол убактарда эле түрктөр өздөрүнүн мекенчилдигин далилдеп, каражат сактоо жагынан түрк банктарына ишеним көрсөтүшкөн. Көпчүлүк түрк мигранттары Германияда жашаса, ошолор да, маселен, акчасын которуу, сактоо ишин немис банктарына тапшырбай, түрк банктарына артыкчылык беришкен.

Ошол депозиттик эсептердеги акчанын пайдасы түрк экономикасына эбегейсиз салым болуп берген. 2005-жылы түрк мигранттарынын түрк банктарындагы депозиттик эсептердеги каражаты 50 миллиард 518 миллион доллар болуптур. Ошол сыяктуу биздин мигранттардын азыркы салган акчасы да аябагандай пайдасын тийгизип атат, бирок бул каражаттын көбү ар кимдин өз тиричилигине, үй-бүлөсүнө кошкон салымы болуп атат. Биздин өкмөт менен чет жактардагы коомчулук кеңешип туруп, ушундай программа кабыл алса, балким биздин экономиканы да алдыга түртмөлөп кеткенге пайдасы тиет беле деген ойдомун.

"Азаттык": Кыргызстандан жүз миңдеген мигранттар чет жактарга кетип, иштеп жашап калганына асты 20 жылдан ашып баратат. Кыргыз өкмөтүнүн алар менен алака-катыш түзүп, биргелешип бир аракеттер көрүү демилгеси жакында эле башталды. Мен өзүм катышып калган Сан-Маринодогу кыргыздардын дүйнөлүк курултайында, маселен, биз да армяндарга окшоп өз ара уюшуп, өз мекенибизге жардам берүү ниетибиз бар экен деген сөздөр болгон эле. Банур айым, тажрыйбасын үйрөнүү жагынан эмне үчүн Түркияны тандап алдыңар?

Банур Абдиева: Биринчиден, тилибиз, дилибиз, менталитетибиз окшош. Экинчиден, Түркиядан үйрөнчү нерселерибиз аябай эле көп экен. Мигранттар менен иштешүү жагынан зор тажрыйба топтолуптур. Керек болсо, Түркиянын тышкы карызы дал ушул чет жактарда жашаган мигранттардын акчасынан түшкөн пайдадан төлөнгөн экен.

Андан тышкары Кыргызстан менен алаканы бекемдөө, байланышты күчөтүү боюнча көпчүлүк демилгелер дал ушул Түркияда жашап аткан кыргызстандыктарга тийиштүү экен. Атүгүл Түркиядагы кыргыз диаспорасынын ошол өлкөнүн чет жактардагы түрктөр менен иштешүү башкармалыгы менен да байланышы бар экен.

Банур Абдиева

Банур Абдиева

"Азаттык": Банур айым айткандай, мындан эки жыл мурдараак Сан-Маринодо чогулган кыргыз диаспораларынын жыйынында да түркиялык кыргыздар активдүү, уюштуруучу күч болуп беришкен эле. Андан кийин Стамбулда атайын жыйын уюштуруп, чет жактардагы кыргыздардын каражатын топтоп, кыргыз экономикасына иштетүү максатында “Кенч Казына” акционердик коому да түзүлгөн. Ушундай демилгелерди кыргыз өкмөтү колдоп, аракеттер ишке ашып жатабы деген суроону биз бир аз мурдараак телефондон Түркиядагы “Кыргызстан достук жана маданият” коомунун жетекчи орун басары Максат Кошоевге узаттык.

Максат Кошоев: Биз “Кыргызстан достук жана маданият коому” тарабынан ошондой демилге көтөрүп, кыргызстандыктар көп жашаган бир нече өлкөгө барып презентация да өткөргөнбүз. Бирок Кыргызстандын өзүндө, чет жактарда да кызуу колдоо көрө албадык, азырынча иштер аябай жай, чынын айтсак. Негизги акционерлер уюшулуп, акциялар сатыкка чыгарылган. Мигранттар бул демилгеге ишеним, колдоо көрсөтө алышпады, сатуу аябай жай болуп атат. Кыргыз өкмөтү деле ашыкча бир кызуу колдоо көргөзө алган жок.

Азыр эми Кыргызстан Бажы Биримдигине (Евразиялык Экономикалык Биримдикке) кошулганы турат. Ошондой шартта өкмөт кыргыз ишкерлерине түз жардам көргөзө албаса да, мыйзам жагынан, узак мөөнөттүү насыялар жагынан ишкерлерге колдоо көргөзүшү керек эле. Антпесе биздин ишкерлер казак, орус, беларус товарларына атаандаштык көргөзө албай калары бышык. Ошонун ичинде ушул кыргызстандык мигрант-инвесторлорго да кандайдыр бир колдоо, артыкчылыктар берилсе жакшы болмок. Иш жүзүндө андай болгон жок.

Тегерек үстөлдөгү маектин толук мазмунун аудиоверсиядан уга аласыздар.

Талкууну уюштурууга Роза Отунбаеванын демилгелери эл аралык фондунун " Мекендештер" форуму жардам берди.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG