Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Кыргыз алфавити өзгөртүүгө муктажбы?


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда алфавитти реформалоо демилгеси көтөрүлүп, кызуу талаш жаратты. Кыргыз президентинин алдындагы тарых жана тил боюнча кеңеш маселени иликтеп, сунуш берүүнү адистерден түзүлгөн жумушчу топко тапшырган. Бирок ал сунушка каршы болгон да, колдогон да окумуштуулар менен маданият өкүлдөрүнүн саны арбын.

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусу азыркы алфавит жаңыртууга муктажбы деген суроого жооп издеди.

Талкууга филология илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор Сыртбай Мусаев жана филология илимдеринин кандидаты, БГУнун профессору Жээнкул Жумалиев катышты.

“Азаттык”: Сыртбай мырза, 1940-жылы кабыл алынган азыркы кыргыз алфавитин эмне үчүн өзгөртүү зарыл болуп жатат? Бул айрым окумуштуулардын гана каалоосу эмеспи?

Сыртбай Мусаев: Бул сапар демилгени окумуштуулар көтөргөн жок. Быйылкы тарых жана маданият жылына карата президенттин алдында тарых, маданият жана тил маселеси боюнча атайын кеңеш түзүлүп, ага окумуштуулар, жазуучулар кирген. Ошол кеңеште кыргыз алфавити тилдин айтым күүсүн бузуп атат, деген маселе көтөрүлүптүр. Президент адистердин пикирин угуп, сунуш берүү милдетин коюптур. Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссияда алгач жыйын болуп, анда негизинен алфавитке өзгөртүү киргизүү керек деген маселе көтөрүлдү. Анткени, бул маселе 1940-жылдан бери эле талкууланып келе жатат. Кириллицага өткөндө эле ушул талаш чыккан, кыргыз тилинин фонетикасына туура келбеген тамгалар алфавитте турат. Аларды чыгарып салуу зарыл. Кыргыздар латын алфавитин колдонуп жүргөндө ошол тамгалар жок болчу, ошондо эле жакшы жазып, сабаттуу болуп келишкен. Алар тилдин өнүгүшүнө кедергисин тийгизип жатат.

Угармандын пикири: Алфавитти өзгөрткөндө эле баарыбыз кыргызча сайрап калабыз дегенге ишенбейм. Эми баарын өзгөртүүгө канча каражат керек? Кыйналып турган кезде эл көнгөн китептерди которо берүүнүн кереги жок.

Сыртбай Мусаев: Маселе акчада эмес, маселе тилдин өнүгүшүнө бөгөт болуп жаткан тоскоолдуктарды жоюу. Мен тилчи окумуштуу катары көрүп турган кемтикти айтып коюуга милдеттүүмүн.

Латын арибине биздин коңшуларыбыздын баары өттү. Азыр Казакстан даярданып жатат, баары бир каалайбызбы, каалабайбызбы, эртеби-кечпи латын арибине өтүүгө мезгил келет.
Сыртбай Мусаев

“Азаттык”: Жээнкул мырза, кечээ Улуттук илимдер академиясында болгон талкууда алфавитти өзгөртүүнүн зарылдыгы жок деп билдирдиңиз. Каршы болгонуңуздун себеби эмне?

Жээнкул Жумалиев: Биз алфавитти акыркы 100 жыл ичинде төрт жолу өзгөрттүк. Буларда биринчи кезекте саясат ойноп кеткен. Кыргыздар мурда колдонгон араб алфавитинде жазылган миңдеген баалуу эстелик мурастарды, кийин латын алфавитинде чыккан китептерди окуй албай калбадык беле. Азыр дагы өзгөртсөк, орус тамгасы менен жазылган китептерди кийинки муун окуй албай калат. Ошон үчүн Кытай жана Орусия мурунку алфавиттерин өзгөрткөн жок. Алар ата-бабаларынан калган улуу мурастарын кийинки муун окусун жана дөөлөттөрү менен калың эл таанышсын деп жатышат. Ал эми биз каяктан саясий шамал күчтүү болсо ошол жакка карап батперектин дилдирегиндей айлана турган болуп калдык.

“Азаттык”: Сыртбай мырза, алфавитти өзгөртүү жок эле дегенде бүтүндөй бир муундун калыптанышы менен ишке ашчу нерсе узак процесс эмеспи. Азыркы социалдык-экономикалык кырдаалда жаңыртылган алфавитке өтүүгө коом даярбы?

Сыртбай Мусаев: Мындан алсыз, мындан сабатсыз болуп турган кезде 15 жылдын ичинде үч жолу өзгөрткөн коом, бүгүн өнүгүп турганда өзгөртө албайт дегенге ким ишенет? Орус тили бизден кетпейт, орус тилине каршы чыккан жерибиз жок. Бул жерде бир нерсени так түшүнөлү- биз кыргыз тилинин өнүгүшүнө терс таасир тийгизип турган тамгаларды гана чыгаралы деп жатабыз.Ошондо е,ё,я,ю,щ,ц тамгаларын жана жумшартуу, ичкертүү белгилерин алалы деп жатабыз. Орустардын өзү булардын көбүн тамга деп эсептебейт. Ушул сегиз тамга дүйнөдөгү тилдердин ичинен орус гана тилинде бар.

Казакстан өтө турган болсо Кыргызстан өзүнчө аралча болуп калат. Ошон үчүн азыркыдай өзгөртүүнү киргизип отурбай эле дароо латын тамгасына өтүү зарыл деген ой бар.
Жээнкул Жумалиев

“Азаттык”: Сыртбай мырза, эгер жумшартуу белгиси жок болсо же Анарбай Сыдыков сунуштагандай "ф" тамгасы жоюла турган болсо дефолт деген сөздү кантип жазабыз? Же мындай сөздөрдү такыр колдонбой калабызбы?

Сыртбай Мусаев: Жок, бул жерде сегиз гана тамга жөнүндө сөз болуш керек. Ал эми "ф,х,в" тамгалары менен айтылган тыбыштар кыргыз тилинде бар. Мисалы, бах, чиркин дегенде х тамгасын айтып жатабыз. Бул кыргыздын эле сөзү, демек аларды алып салуунун зарылчылыгы жок.

“Азаттык”: Жээнкул мырза, окумуштуулардын жыйынында алфавитке "а" дифтонгун да киргизүү керек деген маселеге келгенде талаш чыгып кетти. Мындай көрүнүш окумуштуулар маселени илимий, тарыхый жана улуттук баалуулуктардын деңгээлинде эмес регионалдык деңгээлден карап чечишиши мүмкүн деген кооптонууну пайда кылды. Сиз мындай кооптонууга негиз бар деп кошуласызбы же каршысызбы?

Жээнкул Жумалиев: Кооптонууга негиз бар, анткени бул бир гана региондун кызыкчылыгын көрсөткөн маселе. Касым Тыныстанов, Ишенаалы Арабаев жана Кусейин Карасаев 1924-жылы алфавитти даярдаганда бардык регионго тегиз тараган үндүүлөрдү эске алышкан. Бардык регионго тараган сегиз үндүү бар, ал эми диалектилерде колдонулган 10 үндүү бар. Ошонун бири "а" тыбышы жана ачык "о" тыбышы. "А" тыбышы Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында колдонулат, ал ачык "о" тыбышы Өзбекстанга чектеш аймактарга тараган. Диалектилик көрүнүштөрдүн алфавитке киргизилбегени абдан туура болгон, анткени 90 жылдан бери ошол сегиз үндүүнүн негизинде адабий тили калыптанып, орфографиялык эрежелер да ошонун негизинде түзүлдү. Президентибиз кыргыз тили улут аралык тилдин милдетин аткарышы керек деп жатат. Ошон үчүн өз тилиңерди тактап алгыла, андан кийин бизге үйрөткүлө деп айтышы мүмкүн.

“Азаттык”: Сыртбай мырза, Кыргызстан эгемендик алгандан бери латын тамгасына өтүү демилгеси көтөрүлүп, ага экономикалык абал жол бербейт деп улам артка жылып келатпады беле. Эми бул реформаны ишке ашырууга канча каражат зарыл экен? Эсептелдиби бул жагы?

Сыртбай Мусаев: Биздин милдет тил боюнча маселени тактап берүү, ал эми экономикалык жагын башка адистер эсептесин. Бул жерде каражат жөнүндө сөз болбошу керек. Латын арибине биздин коңшуларыбыздын баары өттү. Азыр Казакстан даярданып жатат, баары бир каалайбызбы, каалабайбызбы, эртеби-кечпи латын арибине өтүүгө мезгил келет.

Угармандын пикири: Биз башка өлкөлөрдү карап отурбай латын тамгасына өтө бербейлиби?

Сыртбай Мусаев: Бул биз чече турган маселе эмес, бул өлкө башчыларынын саясий эркине байланыштуу маселе.

Жээнкул Жумалиев: Биздин коңшулар жана түрк тилдүү мамлекеттердин баары латын тамгасына өтүшкөн. Эми Казакстан өтө турган болсо Кыргызстан өзүнчө аралча болуп калат. Ошон үчүн азыркыдай өзгөртүүнү киргизип отурбай эле дароо латын тамгасына өтүү зарыл деген ой бар.

“Азаттык”: Бул талкуудан кийин 80 жылга жакын мезгилден бери колдонулуп келе жаткан азыркы алфавитти бир чабыш менен эмес, кеңири талкуулап, окумуштуулардын кызыкчылыгын эмес, карапайым элдин мүдөөсүн канааттандыра турган алфавитти кабыл алуу зарыл деген бүтүмгө келдик. Себеби, тилдин илимий эрежелерге кандай салынышы менен карапайым элдин кызыгы жок, алар бала чагынан үйрөнгөн тилинде сүйлөшөт. Ал эми мындай аракеттин башкы максаты коомду өнүгүүгө багыттоо болуш керектигин эстен чыгарбашыбыз керек деген ойдобуз.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG