Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

“Жөн эле” дебейли, эй атуулдар, жөн эле...


Кимбайке айрым "аткаминерлердин" укукка карата мамилесин байкаган. 07.3.2011.

Кимбайке айрым "аткаминерлердин" укукка карата мамилесин байкаган. 07.3.2011.

Кыргызстан атуулдарынын шеринесинин (форумунун) ирегесиндеги айрым ойлор.

Кыргызстанда көп айтылган анекдоттордун бири – Марска чейин “жөн эле” учуп барган жердешибиз тууралуу.

Азил жөнүндө толугураак айтсак, “Марска эмне үчүн учуп келдиң?” деген суроого башка элдердин астронавт өкүлдөрү “илимди даңазалайын дедим”, “элимдин баатырдыгын даңазалайын дедим?” деп каадалана жооп узатышса, берки алатоолук учкуч өзүнүн Кызыл планетага келген себебин кыска-нуска: “Жөн эле...” – деп түшүндүргөн тура.

Ушул чакан азил олуттуу, бирок тажатма дарстарга караганда алда канча кубаттуу, ойготкуч мааниге ээ го деп санайм.

Бул дүйнөгө, бул коомго “жөн эле” келгендей болгонубуз менен, чын-чынында, ар бирибиз турмуштагы өзүбүз анчейин байкабаган чоң милдетти аркалоого тийишпиз. Ал – кайсы милдет? Уламыштык Адам Атанын урпагы катары татыктуу өмүр кечирип, артыбыздагы туяк аркылуу, кичүү замандаштарга берген таалимибиз аркылуу жалпы адамзаттын, анын ичинде өз улутубуздун, ата-бабабыздын коомдук тажрыйбасын болочокку муундарга калтыруу.

Мындай насаат сөздөрдү улан-кыздар өтө көп угуп келишет, ошондуктан айрымдары ага таптакыр маани беришпейт. “Баягы айтыла берчү сөз да...”

Быйыл кулжа (июн) айынын 23-24үндө Бишкек шаарында өткөрүлүп жаткан Кыргызстан атуулдарынын шеринеси үчүн “Мага “баары бир” эмес!” деген ураан тандалып алынды.

Бул ураан, – акын Шайлообек Дүйшеев бир кезде, тээ Кайра куруулар доорунда, жарандардагы кайдыгерликке каршы айбат кылып чыккандай эле, - кыргызстандык коомчулуктун карапайым өкүлдөрүнүн үнүн билдирчү чакырык болчудай.

Чынында да, азыркы атуулдар коомубуздагы олуттуу саясий жана башка жүрүмдөргө чоочун кишидей кайдыгер карабашы керек.

Ар кыл суроолор...

Төмөндө мен өзүмчө санап өтө турган суроолорго ар кыл жооптор узатылышы ыктымал (алардын айрымдары бир беткей түзүлгөндөй каралышы да ажеп эмес):

Эмне үчүн мамлекетибиздеги Башмыйзам улам бырчаланып-өзгөртүлө бериши керек? Андагы айрым өксүктөрдү 2020-жылга чейин терең изилдеп, анан Башмыйзамдын талабына ылайык ошол жылдан кийин өзгөртсөк болбойбу?

Эмне үчүн сот системасынын реформасы мажүрөөлүк менен жүрүп жатканына кайдыгер карайбыз?

Эмне үчүн парламенттик демократиялык башкаруудан баш тартууга чакырган жактарга жүйөөлүү сын айта албай келебиз? Эмне үчүн азыркы Жогорку Кеңеш өзүнүн конституциялык макамын толук пайдаланууга алсыздык кылды?

Эмне үчүн жемкорлук жагынан мурдатан даңазаланган “баягылар эле” четинен бийликке кайтып келүүдө? Эмне үчүн “моралдык люстрация” деген ачык жарыяланбаган, бирок ар-намыс, адилеттик сезими аркылуу тажрыйбага киргизилчү “электи” элдик ыңкылаптан кийин келген азыркы бийлик чанып койду?

Эмне үчүн коомдук уюмдарга, бейөкмөт уюмдарга карата Кыргызстандагы саясий баа расмий Кремлдин кайчысына ылайык бычылышы керек? Эмне үчүн жигердүү өкүлдөрдү өткөн кылымдагы сталинизм доорундагыдай “чет элдик тыңчы” катары опузалашыбыз керек?

Эмне үчүн парламенттик шайлоо өнөктүгү баштала электе эле “аткаруу бийлиги эски доордогу бурмалоочу өнөкөткө кайтат ко” деп чочулайбыз, бирок калайыкка мыйзам жолу менен мындай далаалаттарга каршы туруунун усулдарын тааныштырбайбыз? Эмне үчүн өз добушубузду сактоонун коомдук механизмдерин өркүндөтпөйбүз?

Эмне үчүн “Кыргыз атуулу” деген наамга өздөрү сыймыктана умтулуп жаткан этностук теги башка мекендештерди боорубузга тартпайбыз?

Эмне үчүн жүз жыл мурдагы оторчул эзүүгө каршы кубаттуу улуттук-боштондук көтөрүлүшкө чыккан бабаларыбыздын эрдигин даңазалай албай корунабыз?

Эмне үчүн ачык сынактан жеңген сценарийге режиссер киночуну издебей, оболу режиссерду жең ичинен тандап, анан ага бүжөттүк акчага көркөм тасма тартуу үчүн сценарий жазууну табыштайбыз?

Эмне үчүн КТРК менен ЭлТРди “коомдук сыналгы” деп жарыялайбыз да, тымызын түрдө аларга бир беткей даректүү тасманы же бир тараптуу кабарды таңуулайбыз?

Эмне үчүн Кум-Төр кенинин мурдагы жемкорлордун айынан башталган чатагы “Чубактын кунундай” чубалжып кетти?

Эмне үчүн “жайсаңчылар” дагы эле салттык манасчылык өнөрүнө шек келтирип жатышат?..

Жооп түрлөрү...

Бул сыяктуу суроолорго карата болжолдуу жооптун варианттарын каалганы бекем жаап, терезени чүмбөттөпалып, ашканада гана шыбырашып талкуу кылышыбыз мүмкүн.

Бул жана башка суроолорду коомчулук алдында таптакыр көтөрбөстөн, жөн эле мүңкүрөп баш ийип берүүгө да болот...

Бирок мындай мүңкүрөгөн же көшөкөр маанайды эми Кыргызстандан эч учурата албайсыз!

Бул суроолордун айрымдары гана эки күндүк атуулдук шеринеде козголушу ажеп эмес. Айрымдары – болочокку коомдук шеринелерде талкуу кылынышы ыктымал.

Эң башкысы...

Эң башкысы – бул суроолор Ала-Тоодо ачык талкууланып жатат. Партиялар деле талкуулап жатышат. Оппозициясы деле. Бийлик жагы деле...

Ал эми атуулдук коомго келсек, анын карапайым өкүлү эч партияга чидерленбестен, жеке өзүнө эч бир кызматтык орунду соодалашпастан эле заманабыздагы олуттуу коомдук көйгөйлөрдү козгой алат, талкуулай алат, аны чечүү жолун сунуштай алат.

Эң башкысы – кайдыгер эместик, демилгелүүлүк, жигер, атуулдук аракет.

Эң башкысы – “жөн эле” жашоодон ар күнү, ар убакта качуу.

Эң башкысы – Кыргызстандагы атуулдук коом мурдагыдан да кубаттуу экенин ар бирибиз тастыктай алабыз деген ишеним жоголо электиги.

Түрк акыны Назым Хикметтин (1902 - 1963) ыр саптарын башкача түзүп айтсак:

караңгы түндү четтетип,

шоола чачкан от болуп

сиз дагы,

ал дагы,

тигилер дагы,

булар дагы чыгышты,

биз да чычала көтөрүп кошулалык деп жатабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG