Линктер

Орусияда күнүмдүк тиричилик үчүн өз өмүрүн, ден соолугун тобокелге салып, кооптуу жумушта эч кандай кепилдиксиз иштеген кыргызстандыктар арбын.

Алардын көбү эмгек келишими жоктугунан жумуш ордунда жаракат алган же каза тапкан учурда эч кандай компенсация төлөнбөй кала берет.

Өткөн айда Санкт-Петербург шаарында 31 жаштагы кыргызстандык Санжар Эргешов курулушта - иш үстүндө каза тапкан. Боюндагы төрт айлык баласы менен жесир калган Жыпаргүл Нарбаева ушул тапта кимге кайрылып, кайдан жардам аларын билбей турат:​

- Курулушка ишке киргенине бир жарым ай болуп калган. Түнгө чейин деле иштеп жаткан. “Этият бол” десем, “иш ушундай, кечке иштейбиз” дечү. Оор темир басып калганда, ошол жактагы адамдар чыгарышыптыр... Үч балабыз бар, төрт айлык боюмда да калды. Эми эмне кылышты билбейм. Барганда юристтен консультация алам го... Унчукпай кала берсем, балдарымды кантип багам?!

Маркум Санжардын курбусу Элмырза Хожабековдун айтуусунда, алар жумушта расмий иштеген эмес. Көптөн бери жумуш таппай жүрүп, бир ортомчунун жардамы менен курулушка жаңы эле чыгышкан экен.

- Санжар экөөбүз ар кандай жерлерде иштеп жүрдүк. Ал жакка жумушка чыкканыбызга эки күн болгон. Ал курулуш объекти “БиК”, “ЛСК” жана “Виндом” деген үч курулуш ишканасына тиешелүү окшойт. Мен деле даана билбейм. Бир ингуш бала аркылуу иштеп баштаганбыз. Кечинде жумуштан кетип баратканда, биз жанынан өтүп бара жаткан 18 кабат үйдөн Санжардын үстүнө жүк кулап түштү. Биз ал жерге расмий түрдө жумушка орношкон эмеспиз, бир-эки күндө чечилет деп жатабыз.

Санкт-Петербургдагы консулдук Санжардын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө көмөк көрсөткөн. Ардактуу консулдун жардамчысы Азамат Мамышев кыргыз жаранынын өндүрүштө каза тапканы боюнча көп маселелер али такталбаганын айтты.

- Үй-бүлөсүнө компенсация бөлүп берүү сот аркылуу гана чечилет. Ал эми сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү үчүн биз ал ишканалар менен сүйлөшүп, төлөтүп бергенбиз. Ал эми жарандын өлүмү боюнча Иликтөө комитетине арыз менен кайрылганбыз. Жооп келгенде “өндүрүштө каза тапкан” делип же дагы башкача иш козголгонун так айта алабыз.

Социалдык жана эмгек укуктары борборунун юристи Ксения Михайличенко өндүрүштө кырсык болгон учурда дароо күбөлөр менен акт түзүү керектигин белгилейт. Ошондой эле жумуш берүүчү жоопкерчиликтен качып кетпеши үчүн медициналык жардам келгенде жаран жаракатты жумуш маалында алганын каттоо керектигин түшүндүрөт.

- Орусиянын Эмгек кодексиндеги 227-беренени ар бир жумушчу жатка билиши керек. Анда өндүрүш маалында кырсык болгондо, иш кандай иликтениши керектиги жазылган. Эмгек мамилелери боюнча орусиялык мыйзамдар орус жарандарга дагы, чет элдик жарандарга дагы бирдей... Ал эми жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосунда эмгек келишими жок болсо деле, чогуу иштешкендердин көрсөтмөлөрү менен компенсация алууга жетишсе болот.

Юрист компенсация алуу же жумуш берүүчүнү жоопкерчиликке тартуу үчүн жарандарды түзүлгөн акт жана медициналык справка менен жергиликтүү Социалдык камсыздоо фондуна, Мамлекеттик эмгек инспекциясына жана прокуратурага кайрылууну сунуштайт.

Орусиянын эмгек боюнча федералдык кызматына былтыр өндүрүштө кырсыкка учураган жарандар боюнча 12 миң билдирүү түшкөн. 4 миңден ашуун жаран өндүрүштө каза тапкан.

Адистер бул сандар Орусиядагы чыныгы реалдуулуктан алыс экенин айтып, ал эми мигранттын өндүрүштө кырсыкка учураганы көмүскө калышарын баса белгилешүүдө.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG