Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Кыргыз тили: Кирил жазмасын реформалоо ‑ заман талабы


“Мурас” фондунун энбелгисиндеги “Мурас” сөзү кыргыздын руна сымал, арап, латын, кирил жазмаларында жазылган. 24.10.2013.
“Мурас” фондунун энбелгисиндеги “Мурас” сөзү кыргыздын руна сымал, арап, латын, кирил жазмаларында жазылган. 24.10.2013.

Кыргызстанда “Тарых жана маданият жылынын” алкагында кыргыз маданиятынын ар кыл көйгөйлөрү ачык талкууга алынууда. Алардын бири – жазма маданият маселесине жана кыргыз тилине ылайыкталган кирил, латын, арап жазмаларын заманбап талаптарга ылайык реформалоо маселесине барып такалат.

Кыргызча кирил жазмасы болуп көрбөгөндөй реформага муктаж

Окумуштуу Кант менен Чүйдөгү Кант шаарын кыргызча кирил жазмасында кантип туура жазуу керек? Азыркы тапта экөө тең кирилче бирдей тамга менен жазылгандыктан, чаташуудан кача албайсыз. Эгерде кыргыз тилиндеги кирил жазмасын 1940-жылдагы сталиндик кейпинде калтырбастан, реформалоого эркибиз жетсе, анда сөзсүз түрдө каткалаң К тыбышы үчүн Қ арибин, каткалаң Г тыбышы үчүн Ғ арибин киргизүү керек.

Мурда “бул эки тыбышты киргизүү үчүн басмаканаларда канча коргошун коротулушу керек?” деп курулай акча санап убара болчубуз. Азыркы эсепкер (компүтер) басмасынын доорунда бул кадам үчүн кыпындай да кошумча заттык каражат коробойт. Тек гана “каткалаң К тыбышы үчүн Қ арибин, каткалаң Г тыбышы үчүн Ғ арибин жазышым керек” деген эрежени жаттап алуубуз жетиштүү.

Ошондо кыргыз тилин үйрөнүп жаткан эч бир инсан (анын ичинде башка этностордун өкүлдөрү жана чет өлкөлүктөр) ҚЫРҒЫЗ сөзү менен КИРГИЗ сөзүн жазганда да, окуганда да чаташтырбайт, ойчул Кант менен Чүйдөгү Қант шаарын алмаштырбайт; ал эми “Алиппе” үйрөнүп жаткан тестиер балдарыбыз болсо “ҚАА-ҚАА ҚАЛЫҢ ҚАЗ” сүйлөмүн “Киа-киа киалинг киаз” деп окушпайт.

Кирил жазмасын колдонгон чакта нукура кыргыз тексттеринде йоттошкон Ё, Ю, Я тамгаларын эч колдонбостон, ЙО, ЙУ, ЙА деп жазсак, кыргыздын үндөшүү эрежесин, ташымалдоону, агглүтинативдик тилибизге ылайык сөз жаратуу амалдарыбызды таасын чагылдыраар элек (Бул Ё, Ю, Я тамгаларын орусча энчилүү аттарды жазууда колдоно берүү абзел; мисалы, Йудахин, Йашин дебестен, мурдагыдай Юдахин, Яшин деп жаза беребиз).

Ошондо тестийер балдарыбыз, маселен, “кой-“ муунунан кийин Ё, Ю тамгаларын эч колдонбойт:

Қойот (коёт эмес);

Қойуп (коюп эмес);

Қойон (коён эмес) (кызык, кээде Қойоналиев тегатын Коеналиев деп да ката жазып жүрүшөт).

“Аюу” дебестен, айуу деп эле Й жана созулма УУ менен жазуу керек.

Қыргызча тексттерде ичкертүү белги, ажыратуу белги дегендерди таптакыр эле жоюп салуу керек. Орусча “медаль” болсо, кыргызча “медал” деп эле жазуу абзел. Орусча “объективный”, “субъект” сөздөрүн кыргызча “обйективдүү”, “субйект” деп, Й менен ажыратып берсе болот.

Мурда орусча кандай жазылса, ошондой жазылып, бирок кыргызча айтылып жүргөн терминдер бар. Мисалы, Европа деп жазабыз да, кыргыздын баары Эвропа деп эле айтышат. Аны Эвропа деп эле жаза баштоо керек. Енисей дебестен, Энесай деп жаза баштаганыбыз – башка кеп.

Жапонияны кыргызча текстте “Япония” деп орусча жазбастан, мындан ары Жапония деп эле жазуу керек. Турция эмес, Түркия, Афганистан эмес, Ооганстан, Пекин эмес, Бээжин, Душанбе эмес, Дүйшөмбү деп эле жазуу керек.

Ал түгүл кыргызча тексттерде Ц тамгасын жоюп, Франция эмес ‑ Франсия, Швеция эмес ‑ Шведия, Швейцария эмес – Швейсария, Греция эмес ‑ Грекия, цемент эмес, семент деп жазсак, менимче, франсуз, швед, швейсар, грек элдери Қыргызстанга эч кандай нааразылык кат жөнөтүшпөйт. Орус тилиндеги текстте, албетте, орустардын адабий тилиндеги терминдер мурдагысындай колдонула берет. Сөз – кыргыз тилинде – эне тилибизде гана кирил жазмасындагы текстти жазуунун эрежесинин оңдолушу, реформаланышы жөнүндө жүрүп жатат.

Албетте, 1920-30-жылдардагы алфавиттик реформаларды таасын уюштурган Эшенаалы Арабай уулу, Қасым Тыныстанов сыяктуу залкар окумуштууларыбыз сталиндик жазалоолор доорунда ак жеринен четинен атылып, же абакка салынган соң, Қырғызстанда 1950-70-жылдарда жүрөгү үшүп калган тилчи окумуштуулардын мууну бийликте турду. Мындай тилчилер “термин орус тилинде кандайча жазылса, кыргызча ошондой жазалык” деген бир беткей эрежени таңуулашты. Алар 1990-2010-жылдарда да алфавиттик реформа жүргүзүүгө каршы болуп келишти.

Эми, жок дегенде, 2016-жылы көч ордунан козголсо (“муз ордунан жылса”) дурус болоор беле? Бул алфавиттик реформа маселесин быйыл үчтүн айынын (январдын) 29унда Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин биринчи отуруму маалында козгогон элек. Президент А.Атамбаев да бул маселени астейдил үйрөнүү керектигин белгилеген.

Менимче, келээрки жылы Кыргызстанда жаңы паспорттор чыгарыла баштай электе, бул маселени (кыргызча кирил жазмасын реформалоо, латын арибинде кыргыз тыбыштарын жазууну бир системага салуу) чече алсак, заманбап кыргыз тили жана маданияты үчүн абдан сонун натыйжа болоор эле.

Бир катар тилчи окумуштуулар менен да ой бөлүшсөм, алар да менин сунушумду туура көрүштү. Тилчи, профессор Сыртпай Мусаев, журналист, публицист Жумагазы Садыр уулу Усупов сыяктуу агайларыбыз буга чейин эле биздин пикирге үндөш ойлорун жарыялап, өзгөчө, кыргыздын кирил алфавитиндеги йоттошкон тамгаларды жоюу керек деп келишкен.

Жазма ар кандай доорлордо өзгөртүлүп, реформаланып келген

“Орто кылымдар” деп шарттуу аталган доордун башаты кыргыз жана башка түрк калктарынын жазма маданияты, алардын орхон-энесай жазмасынын өнүгүшү жүзөгө ашкан доор болду.

Бул доордо да жазма түрлөрү ар кыл элдердин талабына, табитине, диалектилик өзгөчөлүгүнө ылайыкталып өнүккөн.

Кыргыздын Энесайдагы руна сымал жазмасы Орхондогу чыгыш түрктөрдүн руна сымал жазмасынан айырмалуу белгилерге ээ болушу да – көөнө замандарда да азыркыдай чөлкөмдүк алфавитттик реформалар жүргүзүлүп тургандыгын таасын чагылдырат. (Таласта, Кочкордо табылган руна сымал жазма эстеликтердеги алфавит да Энесай Кыргыз каганатындагы руна сымал жазманыкына окшош экендигин Игорь Валентинович Кормушин сыяктуу түрколог адистер белгилеп келишет).

Айтмакчы, орхон-энесай жазмасын толугу менен “кыргыз жазмасы” деп гана атоо да туура эмес (ошондой мыйзам долбоорун депутат Каныбек Иманалиев даярдаганы эсте). Руна сымал жазманы Ички Азиядагы кыргызга боордош болгон башка этностор да колдонгон. Кийинки “Уйгур” жазмасы делген VIII – XV кылымдарда колдонулган алфавит деле орток түрк алфавити болгон.

Арап жазмасы элибиздин бир бөлүгүнө миң жылдан ашуун мезгилден бери кызмат кылууда

960-жылы Карахандар мамлекети ислам динин расмий жарыялаган соң, Теңир-Тоодо арап жазмасы кылымдар бою башкы жазма түрүнө айланды.

Жусуп Баласагындын "Кутадгу билиг" эмгегинин (1069-1070) бизге жеткен 2 көчүрмөсү арап арибинде, 1 көчүрмөсү орток түрк арибинде жазылган. Бул көчүрмөлөрдүн фотофаксимилеси Түркияда жарык көрдү.
Жусуп Баласагындын "Кутадгу билиг" эмгегинин (1069-1070) бизге жеткен 2 көчүрмөсү арап арибинде, 1 көчүрмөсү орток түрк арибинде жазылган. Бул көчүрмөлөрдүн фотофаксимилеси Түркияда жарык көрдү.

1927-28-жылдары Кыргызстанда латын арибине өтүү жүрүмү болгону менен, Чыгыш Теңир-Тоодогу, Ооганстан, Пакистан, арап мамлекеттериндеги кыргыздар азыркы тапта да реформаланган арап жазмасын колдонуп келишет.

Өзгөчө алганда, КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районунда (ШУАР) жана анын курамындагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда эзелтеден байырлап жаткан кыргыздар азыркы тапта да арап арибинин негизинде таалим алып, “Манас” жана башка дастандарды сактап, өлөң, ырларын жазып, заманбап маданиятын өнүктүрүп келүүдө.

Кээлери “арап жазмасы аркылуу радикал агымдарга өтүүгө мүмкүн” деп туура эмес боолголошот. Арап арибиндеги эмгектер аркылуу IX – XI кылымдарда Евразияда жана Түндүк Африкада мусулмандык кайра жаралуу доору өкүм сүргөн.

Демек, маселе – жазмада эмес, саясий табитте жана сабаттуулуктун деңгээлинде. XIX кылымдын акыры - XX кылымдын башындагы Орусия террорчулары калайыкты террордук иш-аракетке кирил жазмасы аркылуу чакырышкан. Түндүк Ирландия, Испанияда деле нечендеген террорчу топтор латын арибиндеги тексттери менен террорго чакырышкан; ушул эле алфавиттердеги чыгармалары аркылуу аларга каршы такаат кылган миңдеген европалык айдыңдар чыккан.

Латын ариби азыр да керекке жарап жатат

1940-жылга чейин Ала-Тоодогу жана Борбордук Азиядагы кыргыздар латын арибин колдонушту, алардын 1940-жылга чейинки расмий документтери (Баш мыйзам, герб, мыйзамдар, ж.б.), окуу китептери 12 жылдай кыргыз тилинде латын арибинде жарык көрдү. Андан соң Кыргызстанда латын арибин европалык чет тилдерди үйрөнгөн учурда гана өздөштүрүп келишти.

Кыргыз ССРинин туңгуч гербиндеги кыргызча текст латын арибинде жазылган. Анда “Бүткүл дүйнө пролетарлары, бириккиле!” деген марксисттик ураан камтылган. Орусча текст кирил жазмасында жазылган. 23.03.1937.
Кыргыз ССРинин туңгуч гербиндеги кыргызча текст латын арибинде жазылган. Анда “Бүткүл дүйнө пролетарлары, бириккиле!” деген марксисттик ураан камтылган. Орусча текст кирил жазмасында жазылган. 23.03.1937.

Бирок 1990-жылдардын экинчи жарымынан тартып, Кыргызстанда жана дүйнөдө интернет кеңири таркаганына байланыштуу, кыргыз тилиндеги далай тексттер латын ариби менен да жазыла баштады (Түркияда, Эвропада, АКШда, Австралияда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда, Азербайжанда ж.б. жашаган кыргыз топторунун латын арибин ырааттуу колдонуп жатканын мындай койолу).

Борбордук Азиядагы кыргыздардын жана башка калктардын чет өлкөлүк паспорттору совет доорунда деле латын арибинде толтурулчу.

Мунун бардыгы 1940-жылдан кийин деле латын ариби кыргыз коомдук турмушунда жандуу колдонулуп келгенин, демек, сталиндик режим латын жазмасын кыргыз турмушунан биротоло сүрүп чыгара албагандыгын айгинелейт.

Биз бай улутпуз! Үч атаандаш алфавитибиз бар!

Үч алфавит тең кыргызга кызмат кылып жатканын аңдап, үчөөнү тең "бир арабага" – кыргыз тилинин арабасына чегип, колдонуубуз керек.

Азыркы тапта кыргыз улуту үчүн бир жазма түрүнөн (араптан, кирилден, латындан) башка кайсы бир алфавит түрүнө өтүү маселеси жок. Үч жазма тең бири-бирине замандаш болуп жашап жатышат. Алардын өз алдынча колдонуу очоктору бар.

Кыргызстандагы адабиятты жакшы аңдоо үчүн чет жактагы кыргыздар азыркы кирил жазмасын ыктыярдуу үйрөнүп жаткандыгы да чын. Өзбекстандагы кыргыздардын чыгармаларын түп нускасында окуу үчүн эми алар колдонгон латын арибин үйрөнүшүбүз кажет. Кытайлык кыргыздардын руханий дүйнөсүнө үңүлүү үчүн алардын реформаланган арап арибин Бишкектеги студенттерибизге үйрөтүп келебиз.

Эң башкы көйгөй – дүйнө жүзүндөгү кыргыздардын ушул үч жазманы бир учурда жана тез арада ирээтке салып алуусу зарыл болуп тургандыгында.

Эмнени ирээтке салуу керек?

Алфавиттин дүйнөдөгү эң мыкты артыкчылыгы – ар бир тыбышты өз-өзүнчө ариптик белги (тамга) аркылуу берүү мүмкүнчүлүгү.

Бул өтө маанилүү экенин бир мисалдан эле көрсөк болот.

Кыргызча каткалаң “Ч” тыбышын чехтер Č тамгасы менен (С тамгасына таажы тагып), түрктөр Ç тамгасы менен (С тамгасына куйрук тагып), англистер CH кош тамгасы менен, француздар TCH үч тамгасы менен немистер TSCH төрт тамгасы менен белгилешет. Мында чехтер менен анатолиялык түрктөрдүн варианты дурус жана үнөмдүү экени айдан ачык (б.а. бир тыбышка - бир гана тамгалык белги жумшалат).

Түрк тилдүү мамлекеттердин Билим берүү министрлеринин 1992-жылы Бишкекте өткөрүлгөн чоң жыйынынын чечимине ылайык, эгемен түрк мамлекеттеринде латын арибинде орток түрк жазмасын колдонуу үчүн камылгалар көрүү иши жолго коюлмакчы болгон. Бирок түрк мамлекеттериндеги авторитардык бийликтердин каршылыгынын жана саясий орток эрктин жоктугунун айынан бул чечим жүзөгө ашпай калды.

Эгерде бул мамлекеттердин элитасында саясий эрк жана өз ара түшүнүшүү болгондо, анда өткөн кылымдын акыркы он жылдыгында эле “Ч”, “Ш”, “Ө”, “Ү, “Ң” сыяктуу 30дай тыбышты латынча орток белгилер аркылуу колдонуу жагы чечилип калмак.

Анда, маселен, Ç, Ş, Ö, Ü, Ň тамгаларын латынча орток арип менен белгилөө тууралуу саясий чечим кабыл алынмак. Айрымдары муну түркиялык түрк жазмасын эле көчүрүү сыяктуу кабыл алышы мүмкүн, бирок азыркы түркиялык түрктөрдө араптарда, парсыларга жок Ң тыбышы жоголуп кеткен. Демек, алар да орток жазманы кабыл алууда саясий эрк көрсөтүп, Ң тыбышы үчүн Ň тамгасын жана каткалаң Қ тыбышы үчүн Q тамгасын кайрадан киргизүүгө барышмак. Эгерде анатолиялык түрктөр бул тамгаларды колдонуудан баш тартышса, баары бир орток алфавиттик тизмеге аларды киргизип, орток алфавиттин ариптик казынасынын көп түрдүүлүккө жол берчү касиетине жолтоо болушмак эмес.

Тийешелүү түрк улуттары үчүн айрым өзгөчөлүктөргө деле жол коюлмак. Маселен, кыргызча каткалаң Ж тыбышы үчүн түрктөр C тамгасын колдонуп жүрүшөт, бирок кыргыз тилинде бул тыбыш үчүн J тамгасын колдонсок да болот. Түркчө колдонулуп жаткан Ğ ариби кыргыз тилинде каткалаң Ғ тыбышы үчүн кызмат кылмак. Бул азыркы эсепкерде (компүтерде) бар белги.

Казактын жумшак Ж тыбышы, азербайжандыктардын үндүү Ә (Ӓ) тыбышы да орток алфавитте турмак, аны өз эне тилинде мындай тыбышы бар түрк этностору жазмасында колдонушмак, башкалары үчүн алар орусча Щ тамгасы сыяктуу эле четте сакталып кала бермек.

Ошентип, эгемен түрк мамлекеттеринде орток алфавит жаатында тийешелүү орток саясий эрк болбогон шартты эске алышыбыз керек. Ошондой жагдайда да, Кыргызстан дүйнөдөгү кыргыздар үчүн орток түрк алфавитине кыйла ылайык болгондой кылып, кыргызча латын арибин ирээтке салып коюу кадамын жасашы абзел болуп турат.

Менимче, Ň тамгасын кошуу менен азыркы түркиялык түрктөрдүн латын арибинин басымдуу көпчүлүк тамгаларын кабыл алсак жана ага заманбап кыргыз тилиндеги кээ бир европалык тилдерден кирген сөздөрдү туура чагылдыруу үчүн анча-мынча кошумча тыбыштарды киргизсек туура эле болот.

Ошондой тыбыщтардын бири – кыргыз тилине мүнөздүү болбогон, бирок орус жана казак тилдеринде бар жумшак Ж тыбышы (латынча Ž), үлбүрөк Ԝ тыбышы (латынча W), ж.б.

Азыркы кытайлык кыргыздар колдонуп жүргөн реформаланган арап алфавити толугу менен кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүнө жооп берет. Ага саал кошумча кылсак, үлбүрөк Ж тыбышы үчүн РА () тамгасынын үстүнө үч чекит коюп, тамгасын колдонуу керек. Бул – кыргызча кирил жазмасындагы үлбүрөк Ж менен белгиленген чет элдик сөздөрдү (орусча Женя, Житомир, Жириновский, казакча Жулдыз, ж.б.) тыбыштык жактан тагыраак чагылдыруу зарылчылыгына байланыштуу.

Санарип дүйнөсүнүн залкар артыкчылыгын пайдаланалык

Кыргыз тилиндеги тыбыштарды арап, латын жана кирил жазмалары үчүн бирдей системага салуунун чоң артыкчылыгы – санарипке түшүрүлгөн кыргызча тексттерди кирил жазмасынан арапча, арапчадан латынчага жана латынчадан кирилчеге көз ачып-жумгуча которуу мүмкүнчүлүгү ачылгандыгында.

Кыргыз тилин сүйөм деп курулай кыйкырып отурбастан, эне тилибизди дал ушул үч алфавитте телегейи тегиз жашаткандай реформа кылууга жетишибиз абзел.

Муну жакынкы 25 жылда жүзөгө ашырсак да болот, алдыдагы 25 күндө деле ашыруубуз ыктымал (бул маселени соңку 25 жылдын ичинде өлкөбүздө далай жолу талкуулап келдик). Бул эки мөөнөттүн (25 жыл же 25 күн) бирин тандоо – Кыргызстандын айдыңдары жана бийлиги үчүн саясий эркке жана айдыңдык жигердүү же ыкшоо иш-аракетке багыныңкы.

Биометрикалык маалымат чагылдырылган жаңы паспорт ала электе ушул жаатта да реформа жүргүзүүгө жетишебизби, жокпу? Суроону суроо бойдон калтыралык, бирок үмүтүбүз жоголо электигине да ишаара кылалык.

Дүйнөдө кыргыз топтору көп, бирок жер жүзүндө кыргыздардын бир гана эгемен мамлекети бар. Ал – Кыргыз Республикасы.

Бул мамлекеттин эгемендик жүгүнүн бири – жалпы дүйнөлүк кыргыз жазма маданиятын ирээтке салып, зарыл учурда алфавиттерди реформалап, санарипке ылайыкташтырып, орток системага жеткирүү милдети. Кыргызстандын айдыңдары жана саясий элитасы бул заманбап милдетти жүзөгө ашырууга толук кудуреттүү деп санайбыз.

XS
SM
MD
LG