Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Макенбаева: Мечитте уяткаруу аракечтикти тыя албайт


Бурул Макенбаева
Бурул Макенбаева

Ноокат районунда жергиликтүү тургундар жана бийлик аракечтикке каршы күрөшүү максатында алкоголизмге берилген жарандарды эл алдында кечирим суратып, дүкөндөрдү жаптырууда. "Азаттык" "Психикалык саламаттык" уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Бурул Макенбаеваны кепке тартты.

“Азаттык”: Бурул айым, алкоголизмди психикалык дарт деп аташат экен. Мындай дартка чалдыккан жарандарды эл алдына алып чыгуу, тыюу канчалык туура жана натыйжалуу?

Макенбаева: Бул жөнөкөй суроо эмес. Негизи ар кандай химиялык заттардан көз карандылык менен күрөшүүнүн үч стратегиясы болот.

Ошолордун бири – чектөө орнотуу. Баарыбызга белгилүү болгондой, алкоголдук ичимдиктер балдарга, өспүрүмдөргө сатылбайт. Айрым жайларда да мындай продукция сатууга тыюу салынган.

Ал эми чектөө жагын алып карасак, албетте, жамааттар андай иш жүргүзүүгө укугу бар.

Бирок мындай иш комплекстүү түрдө жүргүзүлүшү керек. Андай адамдарга оорулуу катары өзүнө да, үй-бүлөсүнө да жардам берүү зарыл. Жазалап, уяткаруу аракты таптакыр тыйып коюу да жакшы жыйынтык бербейт.

Жамаат мүчөлөрү баары макул болсо, мындай аракеттерди көрүүгө укугу бар. Жагдай жакшылап изилдениши керек. Себеби, ар кандай далилденген же далили жок нерселер болот.

Көчмөндөр гени аракка туруштук бере албайт

​Көчмөндөр гени аракка туруштук бере албайт

Эксперттер ичкиликтен жабыр тарткандардын санынын азайбаганына Кыргызстанда көмүскө спирт ичимдиктерине көзөмөл жүрбөй жатканын да кошуп келишет.

“Азаттык”: Ал эми аракечтик торуна илинип калган жарандын позициясынан алып караганда ага жасалып жаткан мындай мамиле, эл алдында кечирим суратуу сыяктуу аракеттер канчалык таасирдүү?

Макенбаева: Бул туура эмес. Анткени бул жерде адамдык касиет, адам укугу тууралуу сөз болууда. Бул – адам укугунун бузулушу.

Мындай көйгөйү бар адамдар менен өзүнчө жеке олтуруп иштөө зарыл. Арылуусу үчүн жардам берүү керек. Ал эми эл алдына алып чыгуу туура эмес.

“Азаттык”: Арагын токтотууга жардам бербейт, демек?

Макенбаева: Бербейт. Тескери натыйжа болот. Себеби аны эл алдында уяткарганда адамдык касиетине шек келип жатат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG