Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:11

Ата-эненин акчасын караган мектеп


Бишкектин №82 орто мектеби. 1-сентябрь, 2013-жыл.
Бишкектин №82 орто мектеби. 1-сентябрь, 2013-жыл.

Кыргызстанда мамлекеттик мектептерде ата-энеден акча чогултуу маселеси чечилбей келатат. Айрыкча бул көйгөй Бишкекте курч.

Ата-энелер ар бир мектепте ачылган коомдук фондго акча мажбурлоо жолу менен алынып жатканын айтса, билим министрлиги ал фонддорду жабууга укугу жок экенин билдирүүдө.

Конституциянын 45-беренесинде “Кыргызстанда мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жана орто билим акысыз” деп жазылганы менен, иш жүзүндө баланы мектепке киргизүүдө да, кийин окуп бүткөнчө да акча төлөнүп келатканы жашыруун эмес. Айрыкча Бишкек шаарынын дээрлик бардык мектептеринде акча талап кылынат. Борбор калаанын тургуну Бакир Осмонов банк аркылуу төлөрүн айтууда:

- Балам мектепте окуйт. Ай сайын 400 сом төлөп турам. “РСК банк” аркылуу.

Осмоновдун айтымында, мектепке кабыл алып жатканда директор жарыя илинчү тактадагы отчетту көрсөтүп, акча ата-энелердин демилгеси менен түзүлгөн коомдук фонддун эсебине түшөрүн билдирген. Фонддун ал отчетунда бир жыл ичинде канча акча түшкөнү, канчасы чарбалык муктаждыктарга, мугалимдердин айлыгына кошумча катары төлөнгөнү көрсөтүлүп турган.

Мындай отчетторду башка мектептерден да көрсө болот. Демек, миллиондогон сомдор чогулуп жатканы факт.

Билим берүү жана илим министрлиги мунун баарын билет. Бирок ата-энелерден акча чогултуу мыйзамсыз деп кесе айтып келет.

Мыйзамсыз экенин катардагы ата-эненин баары эле биле бербейт. Себеби бир да мектептен коомдук фонддун отчетунун жанынан “бул фондго акча төгүүгө сиз милдеттүү эмессиз” деген министрликтин же мектеп администрациясынын эскертүүсүн көрө албайсыз. Анын үстүнө чогулган акча тууралуу маалымат директордун иш бөлмөсүнүн жанында ачыктан ачык эле илинип турганын “демек бул мыйзамдуу экен” деп кабылдашат. Андыктан окуучу баласынын жана өзүнүн кулагы тынч болушу үчүн ата-эне кыйналса да тиешелүү сумманы таап, ай сайын төлөп турат.

Ал эми нааразылыгын айтып, министрликке чейин арызданып баргандарына ал жактан азырынча бир гана жооп болууда. Мекеменин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаеванын айтымында, мектепте акча чогулткан коомдук фонддорду жабууга прокуратура уруксат бербей койду:

Гүлшан Абдылдаева
Гүлшан Абдылдаева

- Биз 2014-жылы августта аларды жабуу тууралуу буйрук чыгарганбыз. Бирок декабрь айында Башкы прокуратура “мамлекет коммерциялык эмес уюмдардын ишине кийлигише албайт” деген мыйзам талабынын негизинде аны жокко чыгарткан. Биз аларды текшерели десек ага укугубуз жок экен.

Билим берүү министри Элвира Сариева жакында Facebook баракчасы аркылуу кайрылып, ата-энелерден кайсы мектепте канчадан чогултуп жатканы тууралуу кабар берүүнү өтүнгөн. Жооп жазгандардын көбү канча төлөрүн айтканы менен, балабызга залакасы тийип калбасын деп мектебин атаган эмес.

Айрым мектептерде мындай фонддор коррупцияланып, акча максаттуу пайдаланып жатабы-жокпу, күмөн жараткан учурлар да бар. Андыктан мугалимдерге жана директорлорго акчаны өз колуна алууга тыюу салынган. Бирок фонддор ишин улантууда.

Айрым ата-энелер болсо акча мугалимге кошумча айлык болуп кетип жатканына каршы эмес, себеби алар маянасы аз педагогдорго колдон келген жардамын берүүнү туура деп эсептешет. Айлык баарына эле жетиштүү эмес экенине жетектөөчү адис Гүлшан Абдылдаева да макул:

- Жер-жерлерде орточо айлык 10 миң сом. Бул, албетте, жетишсиз. Бирок бул саатына жараша, бир ставкасына. Тоолуу аймактардын мугалимдери 20 миң сомдон алууда.

Маселени жөнгө салуунун жолдорунун бири катары министрлик коомдук фонддорду жаап, көзөмөл фонддорунун ишин күчөтүүнү сунуштоодо. Алар коомдуктан айырмаланып, жергиликтүү бийликтин буйругу менен түзүлөт, курамына ата-энелерден тышкары коомчулук өкүлдөрү кирсе болот жана эң негизгиси – министрлик алардын ишин көзөмөлдөй алат. Мындай сунушун мекеме жаңы шайланып келген депутаттарга жөнөткөнү жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов баласын мектепке орноштурам деп бир кезде эч бир квитанция албастан нак 30 миң сом төлөгөнүн айтып берди. Ал муктаждык бар болуп турган учурда маселени тыюу салуу, зордоо жолу менен чечүү мүмкүн эмес деп эсептейт:

Өмүрбек Абдрахманов
Өмүрбек Абдрахманов

- Албетте, бардык нерсе муктаждыктан келип чыгат. Мугалимдердин айлыгы аз. Директорлор ошентип акча жыйнап көнүп калды. Каалаган ата-эне акча берсин жана өзү көзөмөлдөсүн деп уруксат бериш керек.

Министрликтин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2207 мектеп иштеп жатат. Алардын 1992си мамлекеттик. 138инде ата-энелер түзгөн коомдук фонд бар.

Бул фонддор Юстиция министрлигинен алган уруксаттын негизинде иштейт жана ата-энелердин өзүнө гана баш ийет. Андыктан министрлик ата-энелерди активдүү болуп, өз укугун билүүгө, демек, чогулган акчаны көзөмөлдөөгө чакырат.

Бирок бул дээрлик мүмкүн эмес. Себеби ар бир сомго кызыгып отчет сурагандар ачыктык тартиби так аныкталбагандыктан акыр аягы жек көрүндү болуп, сураган акчасын берип, тезирээк кутулууга шашат.

XS
SM
MD
LG