Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Хелан: Кыргызстанга жылкынын эти үчүн келдим


Белгиялык сүрөтчү Хелан Питерс "Азаттыкка" маек курду.
Белгиялык сүрөтчү Хелан Питерс "Азаттыкка" маек курду.

Кыргызстанга келген бельгиялык фотограф өз мекенинде жылкы этин жайылтуу максатын көздөйт. Европада жылкыны аздектеп бакканы менен аны союла турган мал катары кабылдабагандыгы Хелан Питерстин үй-бүлөлүк бизнесине кедергисин тийгизүүдө.

“Азаттык”: Саламатсызбы Хелан. Кыргызстанга кош келипсиз! Сиздин үй-бүлөңүздүн Белгиядагы бизнеси тууралуу айтып берсеңиз. Ал канча жылдан бери иштеп келатат?

Хелан Питерс: Менин чоң атам Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин жылкынын этин сатып, бизнесин баштаган. Ал убакта технологиялык өнүгүү талаа иштеринде болгон жылкыга муктаждыкты жокко чыгарып, анын ордун башка техника баскан. Жакыр жашаган элдер жылкыларын сата баштаган. Ошондуктан Европада жылкынын эти коомдун кедей катмарынын тамагы катары сыпатталып келген. Бирок уйдун этине караганда пайдалуу бул эт кийинчерээк чүйгүнгө айланган. Бара-бара жылкы үй жаныбары катары кабылданып, анын этин жеген туура эмес табу катары сыпатталып баратат.

Мен үй-бүлөмдүн бизнесин сактап калуу максатында маселеге башка тарабынан карап, жылкынын этин Бельгияда кайра популярдуу кылууну чечтим. Европага караганда Кыргызстанда жылкынын эти жогору бааланып, баасы да уйдукуна караганда жогору экен. Мен Кыргызстанга дал ошону изилдөөгө келгем.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз жылкынын этин жейсизби? Сизге ал жагабы?

Хелан Питерс: Албетте жейм, жагат.

Хелан Питерс жергиликтүү кафелердин биринде кыргыздын улуттук тамагы бешбармакты жеп олтурган кези.
Хелан Питерс жергиликтүү кафелердин биринде кыргыздын улуттук тамагы бешбармакты жеп олтурган кези.

“Азаттык”: Жылкынын этин керектөөдө биз менен европалыктардын айырмасы барбы?

Хелан Питерс: Бизде жылкы өндүрүштүк жайларда гана союлуп, тамак-аш катары сатылат. Белгияда жылкынын этин жегендер жалпы эт жегендердин эки гана пайызын түзөт. Европада мал кандай союларын деле эч ким көргөн эмес, жакшы түшүнө бербейт. Ал эми Кыргызстанда болсо жылкы өзгөчө тойлордо гана союлуп, анын кадыры жогору бааланат экен. Мен бир тойго барып, эттүү бешбармак жедим. Биз көбүнесе эттин өзүн эле стейк түрүндө жейбиз.

“Азаттык”: Кыргызстанга саякатыңыздагы сизди эң таң калтырган нерсе эмне болду?

Хелан Питерс: Мага устукан тартуу салты эң кызык көрүндү. Айрым облуста эң сыйлуу конокко баш, айрымдарында жамбаш тартылат экен. Биз жиликке мынчалык маани бербейбиз. Ал эми кыргыздарда ар бир жиликтин өзүнүн мааниси болот экен. Мен мындайды Кыргызстандан башка бир да жерден көргөн эмесмин.

Жесе дагы май жакшы, жебесе да май жакшы

“Азаттык”: Бешбармактан тышкары дагы кандай тамактардын даамын таттыңыз?

Чучук
Чучук

Хелан Питерс: Бешбармактан тышкары жылкынын этинен жана майынан жасала турган чучукту жедим. Бирок, чынын айтсам, ал мага жаккан жок. Даамы кызыктай анан өтө майлуу экен. Кыргыздар коногуна май тартып, аны сыйлагандыгын көрсөтөт тура.

“Азаттык”: Ооба, аныңыз чын. "Жесе дагы май жакшы, жебесе да май жакшы" деген кыргыздын сөзү бар. Эми сиз мекениңиз Бельгияга кайтып барганда, ал жакта жылкынын этин популярдуу кылууну кандай жолдор менен ишке ашырасыз?

Кыргызстандын үлгүсүн көрсөтүп, бельгиялыктарга жылкынын эти канчалык деңгээлде барктуу жана ден соолукка да пайдалуу экенин көрсөткүм келет.

Хелан Питерс: Мен Бельгияда сүрөт көргөзмө уюштурууну жана китеп жазууну пландап жатам. Ал сүрөттөр ошондой эле интернетке да жарыяланат. Европалыктар бир нерсени түшүнүшү керек – жылкы бул уй, кой же тооктой эле жаныбар жана анын этин жеген кадыресе эле көрүнүш. Европада жылкынын эти уйдун этине караганда алда канча арзан. Менин айтайын дегеним, Кыргызстандын үлгүсүн көрсөтүп, бельгиялыктарга жылкынын эти канчалык деңгээлде барктуу жана ден соолукка да пайдалуу экенин көрсөткүм келет.

“Азаттык”: Акыркы суроо – сиз бээнин сүтүнөн жасалган кыргыздардын улуттук ичимдиги кымызды ичип көрдүңүзбү?

Хелан Питерс: Жок, мен ичип көргөн жокмун. Бирок Кыргызстанга келген дээрлик бардык туристтер кымыздын даамы күчтүү деп, ичпей койгонун айтышат. Бирок ичип көрүүгө даярмын.

“Азаттык”: Бизге маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG