Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

“MGN Group” жетекчиси Е. Гуревич кызматтан кетти


“MGN Group” тобунун жетекчиси Евгений Гуревич
“MGN Group” тобунун жетекчиси Евгений Гуревич

Кыргызстанда ишмердүүлүк кылган “MGN Group” тобунун жетекчиси Евгений Гуревич бардык жетекчилик кызматтарын тапшырды. Анын мындай кадамга барышына Италия сотунун аны камоо жөнүндөгү чечими түрткү берди.

“MGN Group” тобуна маалыматтык кызмат көрсөткөн “Флэкси Комьюникейшнс” (Flexi Communications) компаниясынын жетекчиси Вугар Халилов Евгений Гуревичтин журналисттерге жазган кайрылуусун бүгүн маалымат жыйынында окуп берди.

- 28-февралда Италия өкмөтү Италиянын каржы базарындагы менин ишмердүүлүгүмө байланыштуу мага күнөө коюп жатканы белгилүү болду. Мен коюлган күнөөлөрдүн бардыгын толугу менен четке кагып, сотто акыр аягына чейин ак экенимди далилдейм,-деп айтылат Е. Гуревичтин жарыяланган билдирүүсүндө.

Евгений Гуревич ошондой эле коргоочусу италиялык тиешелүү тараптар менен иштешип жатканын айтып, анын дарегине карата айтылган сындар, жарык көргөн маалыматтар кайсы бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгын жана амбициясын ишке ашыруу аракети катары баалады.

Гуревич ага коюлган күнөөлөр “MGN Group” тобу түзүлгөнгө чейинки мезгилге тиешелүү экенин жана Кыргызстандагы ишмердүүлүгү менен эч кандай байланышы жоктугун билдирет. Ал ошондой эле бизнесте 20 жылдай шугулданып жүргөнүн да баса белгилейт.

Ал түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 1-марттан тарта бардык жетекчилик кылган кызматтардан, анын ичинде “MGN Group” тобунун башкы директорлугунан да кеткенин билдирди.

Кайрылуунун соңунда Гуревич үй бүлө, досторунан, кызматташтарынан түшүнбөстүктөн келип чыккан жагдай үчүн кечирим сураган.

Маалымат жыйынын өткөргөн “Флэкси Комьюникейшнс” компаниясынын жетекчиси Вугар Халилов – эмне үчүн “MGN Group” тобунун жетекчиси Гуревич өзү жыйынга келбегенин, ал азыр кайда экендигин жана ага каршы италиялык сот коюп жаткан күнөө чынбы-жокпу деген суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын лидери Токтайым Үмөталиева
Гуревичтин айланасындагы ызы-чуу "Кыргызстандагы бийлик эл аралык мафияда жүргөн таза эмес, ыплас адамдар менен иш жүргүзгөндүгүнүн белгиси",- деген пикирин айтты.

“MGN Group” компаниясы буга чейин Кыргызстандын Социалдык фондунун, Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү фондунун активдерин башкаруу укугуна ээ болуп келген. Ошондой эле Гуревич Кыргызстандын "Электр станциялар" жана "Манас" аба майданынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Бүгүн Өнүктүрүү фонду өз активдерин “MGN Group” компаниясына башкартуу жөнүндөгү келишимин бузгандыгы тууралуу маалымат таратты.

Маалымат жыйынын алып барып жаткан Вугар Халилов болсо “MGN Group” тобу Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн уланта береерин тастыктады:

- “MGN Group” адаттагы шартта иштеп жатат. Холдингдин ичинде эч кандай өзгөрүү болгон жок, бардык жетекчилер, кызматкерлер иш ордуларында өз жумуштарын аткарып жатышат. Мындан сырткары, бардык милдеттемелер, келишимдер өз убагында жана кечиктирүүсүз аткарылууда.

Ысымын атабоону өтүнгөн “MGN Group” компаниясынын өкүлү бүгүн түшкө чейин ишкананын кеңсесинде жыйын болуп, ага Евгений Гуревич өзү катышып, кызматтан кеткенин жарыя кылганын “Азаттыкка” билдирди.

Өткөн жумада бир катар чет элдик басылмалар италиялык сот 2003-2006-жылдарда "Телеком Италия" жана "Фаствеб" ишканаларынан 3 миллиардга чукул долларды алдоо жолу менен алып чыгып кеткен 55 уюшкан кылмыштуу топтун катарына Евгений Гуревичти дагы атаган.

Римдик судья Альдо Моргини (Aldo Morgigni) учурда Кыргызстанда ишмердүүлүк кылган, 33 жаштагы АКШ жараны Евгений Гуревичти кармоого өкүм чыгарган.


Е.Гуревич Кыргызстандагы кызматтарын таштады

x
Е.Гуревич Кыргызстандагы кызматтарын таштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:37 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG