Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

Июнь коогасынан кийин этникалык топторду аралаш отурукташтыруу демилгеси ишке ашпай жатат.

Мына ошондон улам өкмөткө кайрылган Оштогу үй куруучулардын коомдук бирикмеси бир өңчөй улуттун өкүлдөрү жыш отурукташкан айылдардын аймагынан кыргыз-өзбек жаштарына жер тилкелерин бөлүп берүү талабын койду.

Бийлик бул боюнча ачык позициясын айта элек. Бирок айрым эл аралык уюмдардын өкүлдөрү мажбурлоо жолу менен аралаштырып отурукташтырууга жол бербөө маселесин көтөрүшүүдө.

Унутулган убада

Оштогу турак жайга муктаж жарандардын башын бириктирген “Кыргыз журтум” коомдук уюму өзүнүн беш жарым миң мүчөсүнүн атынан өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановго кайрылуу жолдоду. Анда 2010-жылы июнь коогасынан кийин этникалык кырдаалды турукташтыруу боюнча бийликтин убадасы аткарылбай жатканы эскертилген. Айрыкча турак жайга муктаж кыргыз-өзбек жаштарын аралаштырып отурукташтырууга көңүл бурулбай калгандыгы белгиленген.

14-июнь, 2010-жыл

14-июнь, 2010-жыл

“Кыргыз журтум” коомдук бирикмесинин төрайымы Сапаргүл Бердалиева этникалык негизде аралаш отурукташтыруу өз ара ынтымакташууга кепилдик бермек деп эсептейт:

- Июнь коогасы учурунда Ош аба майданына өтө албай калышты. Андагы бир өңчөй өзбек тектүү жарандар жашаган Нариман жана Кашкар-Кыштак айылдарынын тургундары жолду бууп алганга чейин барбадыбы. Өзүнчө обочо жашап, эки бир тууган эл бири-бири тууралуу анча маалымат жок болгондуктан карама-каршылыкты курчутуп, тукурган күчтөргө жем болуп калдык.

Мына ошондуктан Нариман, Кашкар-Кыштак, Жийделик, Кызыл-Кыштак жана Шарк айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы айдоо аянттарынан үй куруу үчүн жер тилкелерин берүүнү талап кылабыз. Ал тилкелер үйгө муктаж кыргыз-өзбек жаштарына аралаш шартта бирдей бөлүштүрүлсүн деген маселени койгон элек.


Демилгечи топ белгилегендей, чындыгында эле июнь коогасында шаардын кыргыз-өзбек аралаш отурукташкан аймактарында этникалык кагылышууга жол берилген эмес. Анда түрдүү этникалык топтон турган кошуналар жолду бекитип, тополоңчулардын чабуулдарынан чогуу коргонгон мисалдар бар. Ал жагдайды эске алган парламент өкмөткө сунуш киргизген болчу.

Июнь окуясын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Токон Мамытов демилгенин колго алынбай жатышын бир топ себептер менен байланыштырды:

- Ошол токтомдо бир өңчөй улуттун өкүлдөрүнөн турган райондорду, жаңы конуштарды жана кварталдарды түзүүгө жол бербөө жагы киргизилген болчу. Анан кийин өкмөттөн мына ошол сунуштун аткарылышын сурасак, алар “бир топ карама-каршылыктар болуп жаткандыгын жана аны чечүү үчүн бир аз убакыт бар экендигин” айтышкан эле. Менимче мында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана айдоо аянттарын жер тилкеси катары бөлүштүрүүдөгү бир кыйла татаал жагдайлардан улам, мына ошол демилгени ишке ашыруу кечеңдеп турат окшойт.

Эл аралык уюмдар эскертет

Былтыр Ош шаарынын башкы планын талкуулоо учурунда айрым эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бийликти аралаштырып отурукташтыруу демилгесине этияттык менен мамиле кылууга чакырган болчу. Мында Ош шаарына жакын жайгашып, өзбек тектүү жарандар жыш отурукташкан айылдарга караштуу жерден үйгө муктаж кыргыздарга да жер тилкесин берүү тууралуу сөз болуп жатат.

ЕККУнун Оштогу талаа мекемесинин кызматкери Уктамжан Газиев аралаштырып отурукташтыруу маселесинде бир топ тобокелчиликтер бар экендигине токтолду:

- Мында аябагандай көп маселелер бар. Бир эле мисал: мына ошол айдоо аянттары жергиликтүү дыйкандар үчүн алтынга барабар жерлер. Анан мына ошол жер тилкелерин үй курууга берүү үчүн мына ошол жергиликтүү элдин ыктыярдуу макулдугу керек. Эгерде мажбур жолу менен жер тилкелери бөлүштүрүлө турган болсо, анда дагы бир жаңжал чыгып кетүү коркунучу пайда болот. Мына ошондуктан аталган маселеге этияттык менен мамиле кылган дурус.

Ош шаарында жер тилкесин алуу үчүн 30 миңден ашуун жаран кезекте турат. Алардын кайсы бир бөлүгүнө шаардан 20 чакырым алыстыктагы Кең-Сай жана Ачы массивдеринен жер тилкелери бөлүнө баштаган болчу. Бирок тоого жакын аталган аймактар мурда жайыт болгондуктан суу жана электр менен камсыздоо көйгөйү чечиле элек. Мындан улам жер тилкесине муктаждардын айрым бөлүгү ал массивдерден баш тартышкандыгы белгилүү болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG