Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

AI: Коогалаң кайра кайталанышы мүмкүн


Оштогу борбордук базарда адам өлтүрүү боюнча айыпталып жаткандардын соту, 15-декабрь, 2010-жыл
Оштогу борбордук базарда адам өлтүрүү боюнча айыпталып жаткандардын соту, 15-декабрь, 2010-жыл

“Амнести Интернешнл” уюму июнь каргашасы боюнча милиция, сот жана прокуратура органдарынын өкүлдөрүнөн турган көз карандысыз иликтөө тобун түзүүнү сунуштоодо.

"Эл аралык мунапыс" уюму (Amnesty International) “Адилеттүүлүктү күтүүдө” деген отчетунда 2010-жылдагы улут аралык жаңжалдан кийинки 1 жыл ичинде адам укуктарынын бузулушу, бир тараптуу кыйноолор, сот адилетсиздиги тууралуу баяндаган. Соттор болсо эч бир тарапка тартпай, мыйзам негизинде өкүм чыгарылганын айтууда.

“Эл аралык мунапыс” уюму 2010-жылдагы улут аралык жаңжал тууралуу “Адилеттүүлүктү күтүүдө” деген баяндамасында Кыргызстанда адилеттиктин жоктугу жаңы зордук-зомбулукка май чачат деп эскертет.

Аталган уюм өзүнүн баяндамасында июнь каргашасынан кийин Кыргызстандын коопсуздук күчтөрүнүн тинтүү аракеттерин аткарууда ашыкча күч колдонгонун жана кармалгандарды кыйнаганын белгилейт.

Аталган уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Майзи Вайшердиңг Бишкекте маалымат жыйыны учурунда кыргыз бийлигине берилген башкы сунуштардын бири июнь каргашасы боюнча милиция, сот жана прокуратура органдарынын өкүлдөрүнөн турган көз карандысыз иликтөө тобун түзүү экенин билдирди.

- Бул биздин башкы сунушубуз болуп атат. Биз колдо болгон маалыматты өзүбүз ойлоп тапкан жокпуз. Башкы прокуратура, Саламаттыкты сактоо жана Ички иштер министрликтеринен алдык. Мисалы өлгөндөрдүн тизмесин биз ойлоп тапкан жокпуз.

Кармалгандар, кылмыш иши боюнча да жагдай ушундай. Кылмыш иши көбүнчө өзбек тектүү жарандарга козголгон. Жаңжалды баштагандар дагы деле боштондукта жүрөт. Ошондуктан ушул маселелер чечилбесе кырдаал дагы кайталанып кетиши мүмкүн. Негизги күнөөлүүлөр бир гана Ошто эмес, башка жактарда жаңжал уюштурушу мүмкүн.


“Эл аралык мунапыс” иликтөөсүндө, өмүр бою эркинен ажыратылган 27 адамдын бардыгы жана өлгөндөрдүн 74% өзбек тектүүлөр. Ошондой эле отчетто сот териштирүүлөрү адилетсиз жүрүп, көрсөтмөлөр күч менен алынган деген арыздар иликтенбегени, айыпталган тараптын күбөлөрү суракка алынбаганы, адвокаттардын коркутууга жана кол салууларга дуушар болгону, сот жараяны учурунда бир улутка тарткан учурлар болгону айтылат.

Убакыт тар, кысым күчтүү

Анткен менен сот, прокуратура органдары эл аралык уюмдардын айрым дооматтарын четке кагып келишет. Жалал-Абад облустук соттун төрагасы Рысбек Шүкүралиев сот жараяндары кыйынчылык менен жүргөнүнө карабастан бир тарапка тартпай, мыйзам негизинде өкүм чыгарылганын айтууда.

Шүкүралиев кайрадан иликтөөчү топтун түзүлүшүнө каршы экенин “Азаттыкка” билдирди.
Кылмыш иштердин көбү тез тартипте каралып атты. Себеби жабырлануучу тараптан адвокаттарга, ошол эле учурда сотторго басым жасалып жатты.

- Сот жараяндар мыйзам чегинде өттү. Бул жерде соттолуучулар же жабырлануучулардын берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде эле эмес, иште чогултулган материалдар, далилдердин негизинде өкүм чыгарылды. Соттун биринчи инстанциясында каралды, өкүмүн чыгарды. Ага андан жогорку турган облсот өзүнүн баасын берди. Азыр алар Жогорку Сотто каралып жатпайбы.

Албетте бул ишти кароо оңойго турган жок, абдан кыйынчылык менен өткөнүн жашырып кереги жок. Бардыгы мыйзам чегинде каралды. Дагы иликтөө тобун түзүш керек десек бул иштин аягына чыкпайбыз. Сот деген сот, чекит коёт. Эгер биз дагы аларга кошулуп кайра иликтөө жүргүзсөк биздин иш токтоп калбайбы. Андай болбойт да.


Июнь коогалаңы учурунда Оштун Шейит-Дөбө конушундагы кандуу окуя боюнча сот иши, 8-декабрь, 2010-жыл
Оштон келген адвокат Таир Асанов өмүр бою кесилгендердин арасында кыргыз тектүүлөр да бар экенин, бирок айрым соттук процесстер кырдаалга байланыштуу өтө тез каралып калганын айтат. Адвокат айрым иштерди кайрадан кароону сунуштап жатат.

- Кылмыш иштердин көбү тез тартипте каралып атты. Себеби жабырлануучу тараптан адвокаттарга, ошол эле учурда сотторго басым жасалып жатты. Соттор мыйзамга ылайык ар тараптуу, ашыкпастан карай алган жок. Көбүнесе ошол иштерди кайрадан караш керек.

“Эл аралык мунапыс” уюмунун өмүр бою соттолгондордун бардыгы өзбектер дегени туура эмес. Мисалы мен бир ишке катыштым. Ошондо эки кыргыз июнь коогалаңында төрт адамды өлтүргөн деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылды.


“Эл аралык мунапыс” уюмунун баяндамасында улуттар арасында ишенимди калыбына келтирүү жана келечекте кан төгүүлөрдү алдын алуу үчүн мыйзам үстөмдүгү орнотулушу керектиги, бардык кылмыштар, анын ичинде адамзатка каршы кылмыштар иликтенип, сот аркылуу адилеттүү териштирилиши керек экени айтылат.

Буга чейин Human Rigts Watch уюму "Бурмаланган адилеттик" аттуу баяндамасын Бишкекте жарыялап, анда былтыркы июнь каргашасынан кийин Кыргызстанда кыйноолор, негизсиз камоолор көбөйгөнү белгиленген.
XS
SM
MD
LG