Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:59

Батир акысынан качкан аткаминер актанууда


Абай Алымкулов жашаган батир. Сүрөт видеодон алынды.

Абай Алымкулов жашаган батир. Сүрөт видеодон алынды.

​Интернетке Каракол мэриясынын аппарат жетекчиси Абай Алымкуловго байланыштуу чуулуу тасма жайылды. Анда Алымкулов жашап жаткан батири үчүн 41 миң сомду төлөбөй жатканы айтылат.

Тасманы тараткан батир ээси Алина Кавжи аткаминер кызматына таянып, үйдү аябай чачылган абалда таштап кеткенин айтып коомчулуктан жардам сурайт. Алымкулов өзү болсо бул ишти атайын уюштурулган деп түшүндүрүүдө. Ушул окуялардан улам коомчулукта мамлекеттик чиновниктердин кылыктары тууралуу түрдүү талаштар пайда болду.

Интернетке жарыяланган видеодо Каракол шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Абай Алымкулов менен жергиликтүү тургундардын жаңжалы тартылган.

Тасмада айтылгандай, аппарат жетекчи 2013-жылы ижарага 3 бөлмөлүү батир алып, быйыл апрель айынан бери акысын төлөбөй келген. Батирге карызы 40 миң сомдон ашып, коммуналдык төлөмдөрдүн карызы да бир топ болуп кеткени айтылат. Видеону тартып алган батир ээси Алина Кавжи аттуу тургун Алымкулов анын үйүн таштандыга толтуруп, адам жашагыс кылып салган деп айыптап, үйүнүн сүрөттөрүн да жарыялаган.

- Урматтуулар, мен кандай кылсам болот? Каракол шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Абай Алымкулов менин батиримде жашап, акы төлөбөй койду. Электр энергиясы менен сууга да акча берген жок. Батир карызы 41 миң сом болсо, коммуналдык төлөмдөр 5 миң сомдон ашып кетти. Булар чоң кызматта олтуруп алып эле, каалаганын кыла берсе боло береби? Же чиновник болсо эле аларга баары уруксатпы? Ал акчаны төлөбөгөнү аз келгенсип, менин үйүмдү таштандыга толтуруп, чочкодон бетер булгап салыптыр. Ашканабыздын дубалдарын да бузуп салган. Сыягы 9 айдан бери үй таптакыр жыйналган эместей. Анысы өлүп кетсин, эми жок дегенде батир акысын алып калалы десек качып кетти. “Ал акчаны мэрия төлөшү керек”,- дейт, а мэрияга барсак, каалаганыңарды кылып алгыла деп жатышат. Кыргызстанда мыйзам сакталбайбы? Мен кантип акыйкатка жетсем болот? - деп Алина Кавжи коомчулуктан жардам сураган.

Ал эми аппарат жетекчи Абай Алымкулов ижара келишимин мэрия түзгөндүктөн, маселени шаар бийлиги чечиши керектигин айтууда. Ал ошондой эле өзү эч кандай мыйзам бузууга барбаганын жана бул иштер аны жамандоого аракет кылган топтордун каралоосу экенин айтууда:

- Мен эмне чиновник катары аларды узурпациялап алыптырмынбы? Же кайсы бир мыйзамды бузуптурмунбу? Мени негизи Караколдо бир топ долбоорлорду ишке ашыруу үчүн атайын Бишкек шаарынан чакырышкан. Мен сурабасам деле, бир батирди таап беришкен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин эле мага келип сиз карызсыз деди. Мен ал батирди мэрия менен келишим түзүп алышкандан кийин, мэриядан акчасын сурагыла деп айттым. Анан мэрия акчасын төлөй албай калса, буга мен күнөөлүү эмесмин да. Менин айлыгым болгону 14 миң сом болуп атса, 10 миң сомдук батирге чыккыдай жинди эмесмин да. Мени атайылап жаманатты кылабыз деп ойлошконбу, кыскасы мунун баарын кимдир бирөөлөр атайын уюштургандай. Алар мени “Караколдо иштеп, бирөөнү туудурат, же уурдап жейт, анан кармайбыз”,- деп ойлошту да. Андай болбой калгандан кийин, атайы ушул ишти ойлоп табышкандай. Үйүмдү булгап салды деген сөз да жалган. Ал жерде мен көчүп аткандагы үйдү тартып туруп, анан интернетке чыгарып салгам. Мен ал жерди бузмак түгүл тескерисинче, сантехникасын, бир топ жерлерин өз акчама оңдогом. Мен азыр юристтер менен кеңешип жатам. Мени жаманатты кылышканы үчүн аларды сотко берем.

Каракол шаардык мэриясы болсо бул ишке аз күндөн кийин чара көрүлөрүнө ишендирүүдө. Шаардын биринчи вице-мэри Көлбай Карасартов мындай дейт:

- Муниципалдык кызматкердин жүрүш-туруш эрежеси бар. Мыйзам бар. Ошол жагынан алганда чынында туура эмес болуп калган. Алымкулов өзү аппарат жетекчи катары ушул эрежелердин аткарылышын көзөмөл кылышы керек да. Азыр ооруп жатат, 2-3 күндөн бери жумушка чыга элек. Жумушка чыкса, анан жетекчилик менен макулдашып бир жактуу чара көрөбүз го. Негизи батир акысын ар ким өзү төлөшү керек да. Бизде андай берене жок, мэрия ал кишинин батир акысын төлөп бере албайт. Юридикалык документ деле болгон эмес.

Бирок ошого карабай бул окуянын видеосу интернетке жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылды. Социалдык тармактарда пикир жазгандардын айрымдары буга жергиликтүү тургундун өзүн айыптаса, айрымдар аткаминерлердин минтип чектен чыгып кеткен учурлары арбын экенин белгилешет. “Бирок бул кантсе да мыйзамдын көзөмөлүнөн сыртта калбашы керек",- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев:

- Эгерде Алымкуловго материалдык жардам берүү боюнча шаардык кеңештин чечимдери жок болсо, анда чиновник өзүнүн жашоо турмушуна кеткен акчаны, батир акысын өз чөнтөгүнөн төлөшү керек. Батирге чыгып, анан анын акчасын төлөбөй качып кетүү бир эле мамлекеттик кызматкер үчүн эмес, жөнөкөй жаран үчүн деле туура эмес көрүнүш. Бул иште жабыр тарткан тарап экинчи жакты сотко берсе болот. Азырынча бир адамды бир жактуу айыптабаш керек, бирок эгер ушул окуя чын болуп чыкса, мындай окуяга катышкан адам мамлекеттик кызматта иштөөгө акысы жок. Бул маселе мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамдын чегинде каралышы шарт. Бирок муну шаардык кеңештин деңгээлинде эле чечип койсо болот.

Маалым болгондой буга чейин да айрым мамлекеттик кызматкерлердин чектен чыккан жүрүм-турумдары кокустан жарыяланып кеткен жайы бар. Анын ичинде Жаза аткаруу мекемесинин кызматкеринин кафеде ызы-чуу салып же башка бир мамлекеттик кызматкердин машине менен киши сүзүп алган учурлары да катталган. Маданият министри Камила Талиеванын чогулушта телефон менен сүйлөшүп отурганы, депутат Турсунбай Бакир уулунун Израилдин туусун айрып жибергенин да ушулардын катарына кошсок болчудай.

“Эл аралык коргоого көмөктөшүү борборунун” жетекчиси Акылбек Ташбулатов мындай нерселердин айынан жалпы бийликке көө шыбалып жатат деген ойдо:

- Бир эле бул эмес, башка мисалдарды деле алганда мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-туруму мурдагы эле абалда. А алардын мурдагы абалы чынында жакшы эмес болчу. Аткаминерлер өздөрүн туура эмес алып барса, эл жалпы бийлик ушундай экен деп ойлоп калат. Башкача айтканда, бир эле кишинин айынан бардык мамлекеттик органдарга ишенич жоголот. Ошондуктан мамлекеттик кызматкер кызматка баргандан кийин өзүн сөзсүз этикалык эрежелерге ылайык алып жүрүшү керек. Президенттерден бирөө айткан эле го: “мамлекеттик кызматкерлер тойго барбагыла, барсаңар да бийге түшпөгүлө” деп, мына ошол сөз чынында туура. Бул бир эле Кыргызстандын ичинде эмес, чет жакка чыкканда да өздөрүн түз алып жүрүүгө милдеттүү. Ким бирөө айтмакчы, нефтчилер көп жерде нефтчилер бийликке келет, базар көп жерде базарчылар бийликке келет. Анан базарчылар мамлекеттик кызматка келип атса, мындай окуялардан көптү күтүш керек го.

Кантсе да жарандык журналистиканын же социалдык тармактардын өнүгүшү менен мамлекеттик кызматкерлер эле эмес, жөнөкөй деле жарандардын этикага сыйбаган көрүнүштөрү видеого тартылып, же сүрөткө алынып коомчулукка жайылып кетүүдө. Бул да болсо ошондой алешемдиктердин алдын алуунун бир өбөлгөсү дегендер бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG