Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

Мамлекеттик кадр кызматы Жогорку Кеңештин депутаттарынын мүлкүн жана бир жылда иштеп тапкан кирешелерин жарыялады.

Ага ылайык, өлкөдөгү алдыңкы байлардын катарына кирет деп айтылып жүргөн көпчүлүк эл өкүлдөрүнүн жалгыз киреше булагы депутаттык айлыгы болуп чыкты. Кирешесин жарым-жартылай ачык көрсөткөн айрым депутаттар тизменин алдыңкы катарына кирип калгандыгын айтып, таң калышууда.

"Соодасы жүрбөгөн" социал-демократтар

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков негизги кызмат ордунан сырткары тапкан кирешесин үч миллион сомдун тегерегинде көрсөткөн. Чыныбай Турсунбековдун жубайы башкарып жаткан беш бакандай компаниянын башын кошкон “Акун” корпорациясынын бир жылдык пайдасын эске алганда, анын декларацияда көрсөткөн кирешеси бурмаланып көрсөтүлгөн деп шек санооого негиз берет.

“Прадо” эс алуу борбору жана “Мадина” базары сыяктуу ири ишкердиктин кожоюну катары коомчулукка таанымал учурдагы социал-демократ депутат Турсунтай Салимовдун айлыктан тышкары тапкан бир жылдык кирешеси болгону 340 миң сомду түзгөн.

Дагы бир социал-демократ Токтогул Туманов Жалал-Абад минерал сууларын чыгаруудан баштап, учурда көп тармактуу ишканалардын өзөгүн түзгөн “Келечек” корпорациясын түптөөчүлөрдүн бири. Бирок депутат Токтогул Туманов учурда алган айлыгынан башка кошумча кирешеси жок экендигин белгиледи:

- Депутат болгонго чейин ишкердик менен алектенгем. Анда киреше булагым бар эле. Депутат болгондон кийин компаниянын кожоюну боло албайм да. Ошон үчүн документ боюнча туура эле го. Мен өзүмдүн үлүшүмдү өткөрүп бергемин. Демек мына ошол компания укуктук жактан мага карабай калгандан кийин, эмнеге мен аны киреше булагым катары жазышым керек. Себеби менин бир туугандарым чоң ата, чоң эне болуп өздөрүнчө иштеп жатышса, мен компанияны башкарбагандан кийин алардын тапкан кирешесин эмнеге эсептешим керек. Меники ошондо депутаттык айлык эле болуп жатпайбы. Акциялардын бардыгын өткөрүп бергем.

Алтынбек Сулайманов 5 миллион сомду кайдан табат?

“Республика” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун үй-бүлөлүк бюджетине бир жыл ичинде 554 миң сом айлыктан башка эч кандай киреше түшкөн эмес. Талдоочулар анда Сулайманов жакында кыргыз тарыхын изилдөөгө берилет деп белгилеген беш миллион сомдук жеке сыйлыктын акчасын кайдан тапкан деп баш катырышууда.

Алтынбек Сулайманов өзүндөгү мал-мүлктүн эсебин жана жакын туугандарынын кирешесин декларацияда көрсөтпөгөндүгүн мойунга алды:

- Мына мен ушуну менен эки чакырылыштын депутаты болуп жатам. Чынында эле кандайдыр бир бизнесим жок. Ал эми мал-мүлкүм, жылкыларым бар дегендей. Эми ал мүлктү мен декларацияга толтуруп жазган эмесмин. Эми жанагы бизнес боюнча кирешени – жокту жок деп эле айткам. Бирок эми бизнес бир тууган инилеримде, туугандарымда бар. Башынан ушундай болуп калган.

Айлыктын көзүн караган “Аюунун” кожоюну

Өлкөдөгү арак-шарап өндүрүшүн колго алган “Аюу” компаниясынын негиздөөчүсү “Республика” фракциясынан депутат Шаршенбек Абдыкеримов декларацияда үй-мүлкүн атаганы менен алган айлыгынан сырткары ичимдиктен иштеп табылган бир жылдык кирешенин өлчөмүн көрсөткөн эмес. Жыл башында “Аюу” фирмасына жасалма акциздик маркалар чапталган спирт ичимдиктерин кампасында кармагандыгы боюнча кылмыш иши козголуп, бирок ал иштин аягы эмне болгондугу белгисиз бойдон калды.

Милдетүү мамлекеттик киреше декларациясын толтурууга мындай кайдыгер мамиле жакындары орто жана чакан ишкердик менен алектенген депутаттардын арасында да кеңири жайылган.

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынан депутат Абдыжапар Бегматов эл өкүлү болгондон кийин мурдагы ишкер өнөктөштөрүнө өзүнүн үлүшүн эбак эле сатып же белекке берип жибергендигин ачыктады:

- Жеке мага таандык жашыра турган эч нерсем жок. Мен болгонун болгондой толук эле көрсөттүм. Жакын туугандарга мыйзам боюнча бир туугандарым жана үй-бүлөм кирет. Аларда да эч кандай бизнес жок. Башка киреше булактар жокко эсе. Эми мурда ишкер өнөктөштөр болгон. Бирок депутаттык макамга туура келбегендиктен мен мына ошол жоопкерчилиги чектелген коомдордогу үлүшүмдү аларга өткөрүп бергемин, саткамын жана белекке берип жибергемин.

Өкмөт башчынын “өрнөгү”

Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов өзүнүн быйылкы киреше декларациясында жеке менчик автоунаасы турмак, менчик үйү жок экендигин көрсөткөн. Жакында ага “түрк ишкеринен кымбат баалуу күлүк ат пара алган” деген айып коюлганда, Бабанов кымбат баа ал күлүктү өз каражатына сатып алгандыгын жана андай күлүктү сатып алуу биринчи жолкусу эмес экендигин айтып, коомчулуктун оозун ачырды.
Бирок анда Бабанов киреше декларациясында көрсөтүлбөгөн ал каражатты кайдан тапты деген суроо кабыргасынан койулууда. Өкмөт башчысынын сөзүнүн эки ача чыгып жатышы бүтүндөй саясий элитага “өрнөк” болуп жаткандай.

Кезинде өлкөдөгү бай адамдардын бири катары саналган Жогорку Кеңештин депутаты Мамат Орозбаев бар мүлкүн тизмектегенден башы адашкан байлар гана аны жашырышы мүмкүн деген ойдо:

- Өкмөттүн башындагылардын декларациясы кандай толтурулгандыгын көрбөдүкпү. Бей-бечара болуп жазылып жатышат. Мингенге машинеси, кирээрге үйү жок экен. Мен мисалы үчүн болгон мүлкүм аялымдын атында болсо, аялымдын атында деп ачык эле жаздым. Киреше булагым катары пенсиям бар, айлыгым бар, анан аялым жетектеген бизнесим бар. Бишкекте жалгыз эле айлык маяна, же пенсия менен жашаганга болбостугун бардыгы эле билишет. Жашырып-жабуу мүлкүнүн аяк башын таппаган азыркы бизнесмендердин кылыгы болсо керек. Менде мүлктү туугандарга жаздырып койуу деген жок. Анткени аны да баштан өткөргөмүн. Заман азыр ушундай тууганга каттатсаң алар сенден тартып алат. Анан алар менен соттошуп жүрмөк белем.Ошондуктан мен болгонун болгондой эле жазып толтурдум.

Дүйнө-мүлкүн жашыруунун түгөнбөгөн сырлары

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев өзүнүн үй-бүлөсүнө таандык кафе, жер участоктору, үй жана чакан ГЭС ишканасы бар экендигин жазып, айлык акысынан сырткары бир жылда 2 миллион сомдон ашуун киреше тапкандыгын көрсөткөн.

Ал эми өлкөдөгү белдүү ишкер катары таанылып, саясатка келген “атамекенчи” Карганбек Самаков үй-мүлкүн көрсөткөн менен үй-бүлөсүн жалгыз эле депутаттык айлык менен багаарын белгилеген.

Бул фракциянын дагы бир депутат Туратбек Мадылбеков бай деп саналган депутаттар тапкан мүлкүнүн түпкүлүгү күмөндүү болгондуктан ачык айткандан коркушат деп эсептейт:

- Бардык мүлктү туура көрсөтүш керек. Кийин чыгып калса уят болуп калам деген нерсе болуш керек да. Мен болгонун болгондой толтуруп жаздым эле бай депутаттардын алдыңкы ондугуна кирип калыпмын. Менден үч жүз, төрт жүз эсе бай депутаттар аталган тизмеде жок экендигине таң калдым. Билбейм, эми алар эмнеде коркушат. Менимче, мына ошол мүлкүнүн каяктан келгендигин сурап жибереби деп чочулашат окшойт. Анткени учурунда мына ошол байлыкты мыйзамсыз жолдор менен чогулткан адам ичкени аш болбой, анысын ачык айткандан да коркуп жатканы ошондон болсо керек. Мен мисалы үчүн бар мүлкүмдүн каяктан кантип, кандайча алынгандыгын майда-баратына чейин айтып бере алам. Ошондуктан ачык жазып толтурдум.

Коомчулук өкүлдөрү парламенттеги ири ишкердикти калкалаган депутаттардын көпчүлүгү андагы өздөрүнүн үлүшүн жашыруун кармашат деп күмөн санашат. Анткени мүлктүн кайдан, кандайча сатып алынгандыгы жана салыктык төлөмдөр боюнча суроолорго көпчүлүк бай депутаттар жооп бере албагандыгын мисал келтиргендер арбын. Анткени ага мүлк ээлеринин мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүүгө, же бирөөнүн мүлкүн амалкөйлүк жана коркутуу менен басып алууга катышы бар учурлары себеп болгон дешет.

"Кыргыз-Ата" саясий партиясынын жетекчиси Төлөгөн Келдибаев белгилүү саясатчылардын көпчүлүгү мүлккө ээлик кылууда чиеленишкен коррупциялык схемаларды колдонушаарын байкаган:

- Депутаттардын айрымдары бизнестерин алыс-жакын туугандарына же ишенимдүү тааныштарына каттаттып коюп, үстүртөн көзөмөлдөп турушат. Ошол эле мезгилде ал компаниялар мамлекетке салык же социалдык фонддун төлөмдөрүн төлөшпөйт. Анткени расмий түрдө ал фирмалар статистикалык комитетке айлантма каражаты жок болгондуктан иштебей турат деген отчетторун берип турушат. Иштебейт экен десең, чоң-чоң тендерлерге катышып, миллиондогон сомдук курулуш долбоорлорун утуп жатышат.

Мыйзамдын маңызы эмнеде?

Мамлекеттик милдетүү киреше декларациясын толтуруу боюнча мыйзамга ылайык, саясий кызматтагы мамлекеттик кызматчылардын дүйнө-мүлкү жана кирешеси коомчулукка ачык жарыяланып турууга тийиш. Бирок Жогорку Кеңештеги эң бай депутаттардын тизмесине кирип калгандардын айрымдары анын коомчулукка ачык жарыяланышына каршы.

Алардын бири парламенттин “Ата-Журт” фракциясынан депутат Нарынбек Молдобаев киреше декларациясын ачыктоо коомдогу социалдык чыңалууга таасирин тийгизет деп кооптонот:

- Негизи киреше декларациясындагы маалыматтар жашыруун болуш керек болчу. Бул деген коомдогу байлар менен кедейлердин ортосуна ажырым салып, чагым кылгандай болуп жатат. Мен муну кызматтык пайдалануу үчүн гана болсо керек деп болгонун болгондой жазып койсом эң бай депутаттардын катарына кошулуп калыпмын. Азыр байлардын атын уккан биздин элде кыжыры келгендер толтура. 2010-жылы 7-апрелден кийин мага 20 чакты автоматчан жигиттер келип, беш миллион доллар сурап, коркутушкан. Мына ушуга окшогон коркунучтар болбош үчүн киреше декларациясы жабык болуш керек же деги эле аны толтуруунун кереги жок. Ушинтип отурса ким ошол декларациясын ачык толтурат.

Анткен менен мыйзамдын талабы боюнча мамлекеттик кызматкерлердин мүлкү жана кирешеси боюнча маалыматтарды жарыялоонун өзүнчө тартиби бар. Анда дүйнө-мүлк жана анын ээси тууралуу маалыматтардын коомчулукка ачык жарыялана турган жактары жана жашыруун сыр катары сактала турган учурлары бар.

Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү Жанара Иманалиева мына ошону түшүнбөгөндүктөн айрым мамлекеттик кызматкерлер декларацияны атайын туура эмес же бурмалап толтуруп жатышкандыгын белгиледи:

- Бул эми мыйзамдардан кабары бар адамдын айтаар сөзү эмес. Киреше декларациясындагы мүлктүн дареги, компаниялардын телефон номерлери, кээ бир компаниялардын аталышы сыяктуу маалыматтарды ансыз деле биз коомчулукка чыгарбайбыз. Ал эми аткаминердин бир жылдык кирешеси тууралуу маалыматты эл билүүгө укугу бар да. Бул мыйзамдын талабы. Мына ошого карап кайсы аткаминер канчалык деңгээлде таза иштеп жаткандыгын билүүгө болот. Мисал үчүн депутаттын бир жылдык айлыгы болгону беш жүз миң сомду түзсө, бирок ал 20-30 миллион сомдук кыймылдуу же кыймылсыз мүлк сатып алса, ага дароо декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлктү кайсы каражатка сатып алдың деген суроо болуш керек. Ал материалды кийин укук коргоо органдары аткаминерлердин кылмыш иштерине байланыштуу пайдаланышы мүмкүн.

Башкы прокуратура мамлекеттик кызматкерлердин мүлкүн жана кирешесин жарыялоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштоодо. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиевдин айтымында, эгерде аталган мыйзам долбоору колдоо тапса, анда декларацияны толтурууда бурмаланган же жалган маалымат үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралмакчы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG