Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Чүй облусунда жүздөгөн гектар кант кызылчасы кар алдында калды. Быйыл эки эсе көп айдалып, көп түшүм берген кызылчаны кант иштетүүчү жападан жалгыз ишкана - “Кайыңды-Кант” заводу толук кабыл ала алган жок.

Өкмөт болсо бул көйгөйдү көп жылдан бери токтоп турган “Кошой” заводун ишке киргизүү аркылуу чечкиси келет. Адистер муну кезектеги майнапсыз аракет катары баалашууда.

Чүй облусундагы Он Бир-Жылга айылынын тургуну Нуржан Абдымажитов быйыл он гектар кызылча айдаган, азыр анын жарымын жыйнай албай, кар алдында калды. Жыйнаган түшүмүн да сата албай, көзгө басар жалгыз ишкана – "Кайыңды-Кант" заводунда күндөп-түндөп кезек күттү. Кыйынчылыктары тууралуу кызылчачы “Азаттык” радиосуна айтып берди:

- Беш гектардан алынган түшүмдү төктүм. Беш гектар жатат. Эми жакын арада аны да казып алып өткөрөм. Аба ырайы бузулуп, кар жаап салып, аны жыйнаганга жетише албай калдым. Быйыл элдин баары кызылчаны өзгөчө көп айдап алды. Түшүмдүүлүк да аябай жогору болду. Мунусуна шүгүр дейли. Бирок, кызылчаны өткөрүүдөгү кезек күтүү, техниканын тартыштыгы кыйнады. Кабыл алуу пункттары күнү-түнү иштегени менен жетишпей жатышат. Дагы жакшы чет элдик долбоорлор менен иштеп, дыйкандарды колдогондордун техникалары жардамдашты.

Нуржан Абдымажитов кызылчаны “Кайыңды-Кант” заводуна өткөргөнү менен акчасын толук ала элек. Чүйлүк дагы бир дыйкан Азиз Исмаиловдо да ушундай эле көйгөй. Жай бою мээнет менен тапкан эмгегинин акысын колуна ала албай жүрөт:

- Кызылча жыйнаган маалда техника жана аны ташуу жагы маселе жаратат. Андан тышкары кабыл алуу пункттарын да көбөйтүп берсе жакшы болот эле. Жазында завод менен келишим түзүлгөн. Азыр ошол келишим боюнча акчабызды толук ала элекпиз.

"Кошой" көп көйгөйдү чечеби?

Кыргызстанда кант кызылчачын иштетүүчү “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” заводдору бар. Алар союз кезинде бир эле Кыргызстанды эмес, Орто Азиядагы башка мамлекеттерди да кумшекер менен камсыздап келсе, “Кошой” заводу өндүрүштүн жоктугунан 2004-жылдан бери иштебей токтоп калган.

Жакында эле аны “Кайыңды” заводу сатып алган. Азыр дыйкандардын кызылчасын бир гана “Кайыңды” заводу алдын ала түзүлгөн келишим менен алууда. Ошол эле маалда келишим түзбөй калып, мээнети талаага кетип, ыйлап-сыктап жүргөн дыйкандар да бир топ. Кызылчаны иштетүүдөгү жетишпестиктин айынан завод менен дыйкандардын ортосунда жылына ушундай чыңалган жагдай түзүлөт. Быйыл дыйкандар кызылчаны жылдагыдан эки эсеге көп айдап, кырдаал андан бетер татаалдашты.

Өкмөт көйгөйдү Сокулуктагы “Кошой” заводун Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду берген 10 миллион насыяга оңдоп, иштетүү аркылуу чечүүнү көздөп жатат.

"Кошой" заводунун бүгүнкү абалы.

"Кошой" заводунун бүгүнкү абалы.

​1-декабрда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков заводдун абалы менен таанышканда жогоркудай тапшырма берди. Аталган фонддун төрагасынын орун басары Эркин Асрандиевдин айтымында, жалпысынан жеңилдетилген шартта 15,5 миллион доллар берилет:

- Каражаттын 5,5 миллиону "Кайыңды-Кант" заводуна берилди. Ишкананын банктарга карызы бар экен, ошону жеңилдетиш үчүн сарпталат. Мурун банктан алган насыянын үстөгү көбүрөк болчу. Ал эми калган 10 миллион доллар "Кошой" заводуна транш менен бөлүнөт. Биздин план боюнча эмдиги жылдын жай айына чейин аталган ишкана модернизация болуп бүтүшү керек.

Адистер болсо жеке эле кызылча өстүрүп, иштетүү эмес, жалпы эле айыл чарба саясатындагы башаламандыктын айынан ортодо дыйкандар жабыркап жатканын айтышып, ал үчүн өкмөттү сындап жатышат. Маселен, академик Жамин Акималиев мындай дейт:

- Кызылчага байланышкан көйгөй быйыл абдан чоң болду. Бул Айыл чарба министрлигинин түздөн-түз күнөөсү. Анткени алар Кыргызстанда бир гана "Кайыңды-Кант" заводу бар экенин, ал ашып кетсе 400 миңдей тонна кызылчаны кайра иштете аларын билишкен да. Ага карабай, жазды утурлай бардык дыйкандарды кызылча айдоого үгүттөп, сунуш берип, аянтты эки эсеге көбөйткөн. Эл дагы ага ишенип алып, эми минтип азабын тартып отурбайбы. Азыркы кезде миң гектардан ашык кант кызылчасы кар алдында жатат. Ошого карабастан алып келип ташып атышат. Кар алдында калып, тоңуп калган кант кызылчасынан кумшекер да чыкпайт, мал да жебейт. Айыл чарба министрлигинин эң башкы милдети пландаштыруу, жайгаштыруу болчу. Эгер "Кошой" заводун быйыл иштетип койгондо, кызылча аянтын эки эсеге көбөйтсө да көйгөй чыкмак эмес. Министрлик ушул сыяктуу болбогон бир эсеп-чотту билбейт. Кийинки жылы "Кошой" заводун иштетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар, каражат бөлүнүп жатыптыр. Бирок, мен жакында эле кызылча аянттарын кыдырып келдим, эл тимеле ыйлап атат, эмки жылы кызылчаны сеппейбиз дешип.

Жамин Акималиев.

Жамин Акималиев.

​Быйыл өлкө боюнча 11 миң гектарга кызылча себилип, 600 миң тонна түшүм алынды. Бирок, “Кайыңды” заводу 450 миң тонна кызылчаны гана кайра иштетүүгө чамасы жетет.

Кыргызстан жылына болжол менен 100-120 миң тонна кант керектейт. “Кайыңды-Кант” заводу өндүргөн кумшекер ички керектөөнү камсыздай албайт, Белорус, Украина, Казакстан жана Орусиядан кумшекер ташып келет. Өкмөт эгер “Кошой-Кант” заводу кийинки жылы иштей баштаса, кумшекерди сыртка экспорттоого да шарт түзүлөрүн убада берип жатат. Бирок ал сөз канчалык деңгээлде ишке ашат деген суроо ачык калууда.

Архив: Дыйкандардын кызылчадан үмүтү чоң

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG