Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:57

Бала мушташ: аталар азабы


Өзгөн районунда балдарын мушташтырганы үчүн эки айга камакка алынган аталар бир нече берене боюнча күнөөлөнүүдө. Бул арада бала мушташтырган аталардын туугандары бийликтен ырайым кылууну суранышууда.

Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Коргон айылында балдарын мушташтырганы үчүн камакка алынгандардын бири Касилжан Алимовдун аялы Минажат Курбанбаева күйөөсү камалгандан бери үйдөгү төрт бала камкордуксуз калганын айтууда:

- Кечээ балдарды кароосуз калтырып, эртеден кечке Ошто жүрдүм. Ар кимге жалынып, ыйладым. Психолог аял "ырас болуптур" дейт. Бирок мен үйдө төрт бала менен жалгыз калдым да. Ошентип шамга жакын үйгө келсем отунум жамгырда калыптыр. Аны ылайга буланып, паанага ташып атсам, эки милиция кирип келди. Колдорум калтырап тил катты да жаза алган жокмун. Менин атымдан өздөрү жазып, кол койдуруп кетишти. Жолдошумду чыгарып беришсин. Биз кыйналып жатабыз. Суук түштү, көмүр да жок.

Касилжан Алимовдун апасы Данахон Алимова уулун күнөөсүз деп эсептейт. Анын пикиринде, мушташтан эки бала тең олуттуу жаракат алган эмес.

- Неберем сопсоо эле келди. Катуу токмоктолсо, өзүм аны коргоп чыгат элем. Ал видеодо баламдын "ай-уй" деп кыйкырып жатканы өтө чоң ишке окшоп калган. Туура, балдар чапчылашып урушкан. Бирок бири да олуттуу жаракат алган эмес. Аларды камап койгондон эч кимге пайда болбойт. Балам да кылган ишин түшүндү. Азыр өкүнүп отурат. Ошондуктан баарыңыздардан баламды азаттыкка чыгарышыңыздарды суранам. Баламды чыгарып бериңиздер.

"Бала мушташтын" кесепети кандай болот?

"Бала мушташтын" кесепети кандай болот?

Чоң кишилердин көкүтүүсү менен бири-бирин канжалата мушташып жаткан балдардын интернетке жайылган видеосу коомду сестентти.

Жети жаштагы балдарын мушташтырып, "ур-ур" деп сүрөп турган аталардын видеосу интернетке тарагандан кийин эки ата тең эки айлык мөөнөткө камалган. Балдарын мушташтырган аталардын иши Өзгөн райондук прокуратурасында тергелип жатат.

Райондун прокурору Маматкарим Айтикулов аларга кандай жаза колдонууну сот чечерин айтты.

- Алар "өспүрүм балдарды тарбиялоо милдетин аткарбоо", "өспүрүм балдарды кылмыш жасоого тартуу" жана "бейбаштык" деген беренелер боюнча күнөөлөнүп жатышат. Жакын арада тергөө бүтүп, иш сотко өтөт. Аларга кандай жаза берүүнү сот чечет. Сотто албетте бардык жагдайлар эске алынат.

Бул арада балдарын уруштурганы үчүн камалган Касылжан менен Бактиярдын айылдаштары Кош-Коргондогу окуя бүт өлкөгө сабак болду деп, мамлекеттен ырайым кылууну суранышууда. Айылдын Сабиржан аттуу аксакалы:

- Өкмөттүн мыйзамы бар. Ал мыйзамды баарыбыз сакташыбыз керек. Балдардын катасы бүт өлкөгө сабак болду. Бүт эл балдарды уруштуруу кылмыш экенин түшүндү. Алар камакта отура турган жаман адамдар эмес эле. Ошону эске алып, мамлекет ырайым кылып, чыгарып коюшун суранабыз.

Кош-Коргон айылынын дагы бир тургуну Икрамжан Эргешов:

- Азыр камакта отурган эки айылдашыбыз тең ушул жерде ылайдан кыш куюп сатышат. Бүт оокаттары ошону менен өтөт. Жакшы жүргөн, бирөөгө жамандыгы жок эле адамдар. Эми алар да мушташка азгырылып кетиптир. Бул нерсе кылмыш экенин элдин баары түшүндү. Бирок мына кар жаады. Алардын үйүндө наны бар беле? Көмүрү бар беле? Эки баланын укугун коргойбуз деп, эки үй-бүлөдөгү сегиз баланы камкордуксуз калтыруу да туура эмес. Мамлекет ушул жагын дагы ойлонуп койсо жакшы болот эле.

Коомдо балдарын мушташтырган аталардын жоругу катуу талкууга түшүп, аларды ата-энелик укуктан ажыратуу сунуштары байма-бай айтылууда. Психолог Самат Алкановдун баамында, "бала мушташтын" кесепети оор болушу мүмкүн:

- Стресс алган балдар кийинки өз тагдыры, жашоосу боюнча ар кандай жаман жыйынтыктарды чыгарып коюшу мүмкүн. Мисалы, чоң адамдар жаман, андай адамдар менен мамиле түзүү да жаман, дүйнө катаал деген жаман жыйынтыктарды чыгарып, башка адамдар менен сүйлөшүүдөн качып, коомдон бөлүнүүгө барат.

Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылында ылайдан кыш куюп иштеген эки ата алты-жети жаштагы балдарын мушташтырып жаткан видео август айында интернетке караган. Балдарын мушташтырып, "ур-ур" деп сүрөп турган аталарды коомчулук короз уруштурган көрүнүшкө салыштырган. Ушундан кийин Өзгөн райондук прокуратурасы балдарын мушташтырган аталарга кылмыш ишин козгогон.

Балдарын мушташтырган аталар камакта
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:05 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG