Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

Көлбаев менен Анапияевде көп сыр бар дешет


Абу-Дабиде камакка алынган кыргызстандык кылмыш дүйнөсүнүн "лөктөрү" үчүнчү бир мамлекеттин ортомчулугу менен мекенине кайтарылып, жоопкерчиликке тартылат.

Муну ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Бириккен Араб Эмираттары менен өз ара келишимдин жоктугу менен байланыштырды.

Рысалиев эми аталган уюшкан кылмыштуу түзүмдү колдоп келген өлкөнүн ичиндеги күчтөр күрөш баштала тургандыгын жарыялады.

Кыргызстандык изкубарлар да катышкан

Ички иштер министри кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Камчы Көлбаевди жана анын санаалаштары Алманбет Анапияев менен Адилет Касеновду кармоо кыргызстандык из кубарлардын төрт айлык ишинин жыйынтыгы болгонун белгиледи.

Абу-Дабиге жашыруун жиберилген кыргызстандык из кубарлардын маалыматы менен жергиликтүү полиция аларды жашаган жеринен тузакка түшүргөн.

Зарылбек Рысалиев
21-июль күнү Бишкектеги Ленин райондук соту К.Көлбаевге "кылмыштуу топторду түзгөн" деген сыртынан чыгарылган айыптоонун негизинде аны камакка алууга санкция берди.

Зарылбек Рысалиев учурда кармалгандарды кайтаруу аракеттери көрүлүп жаткандыгына токтолду:

- Аларды кайтарып келүү боюнча БАЭ менен биздин келишим жок экен. Бирок биз буга карабастан үчүнчү бир мамлекеттин ортомчулугу менен аларды бул жакка тарттырып алып, алгач өзүбүздүн 231-берене боюнча аны кылмыштуу коомдоштукту түзгөн деген негизде жоопкерчиликке тартабыз. Андан кийин алардын ар бир жасаган кылмышы боюнча беренелер кошула берет. Бул боюнча топтолгон документтерди биз тиги жакка жөнөттүк.

Чуулуу иштердин жиби экөөнүн колундабы?

Мындан алты ай мурун К.Көлбаев менен А. Анапияевге эл аралык издөө жарыяланган. Аталган адамдардын Бириккен Араб Эмираттарында жашырынып жүрүшкөндүгү боюнча маалыматтар айтылганы менен аларды кармоо аракеттери буга чейин жыйынтык берген эмес.

Жакында АКШнын президенти Барак Обама К.Көлбаевди эл аралык маңзат мафиясына аралашкандардын тизмесине киргизген. Мындай жагдай ага карата эл аралык прессанын көңүлүн бурган болчу.

Интерполдун Кыргызстандагы улуттук бюросунун башчысы Константин Назаров аталган кармоону кылдат иштелип чыккан иш-чаранын жыйынтыгы катары мүнөздөдү:

- Булар боюнча дүйнөнүн 188 өлкөсүнүн аймагында иликтеп-издөө иштери жүрүп жаткан. Айрыкча Кыргызстандын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы Орусия, Казакстан, Түркия жана Араб Эмираттарынын тиешелүү органдары менен тыгыз иш алып барды. Абу-Дабидеги Интерполдун аталган адамдардын кармалып, камакка алынгандыгы боюнча расмий билдирүүсү биздин колубузга түштү. Бул - биргелешкен аракеттин жыйынтыгы.

Ошол эле учурда коомчулукта кармалган кылмыш дүйнөсүнүн анабашыларын Кыргызстанга алып келип, жоопкерчиликке тартуу өтө маанилүү маселе экендигин айтышат.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев буга чейин ачылбай келген чуулгандуу кылмыш иштерин ачууга аталган адамдардын көрсөтмөлөрү жардам бериши мүмкүн деген ойдо:

- Анапияевдин көп иштери бар. Мына ушул убакытка чейин маркум Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу ага бериле турган башы ачылбай келген туңгуюк суроолор өтө эле көп. Ушунун бардыгын иликтеш үчүн ИИМ ага коюп жаткан азыркы эле айыптоолор аздык кылат. Мына ошондуктан аны Кыргызстанга алып келип, жоопкерчиликке тартуу принципиалдуу маселе. Эгерде аларды Кыргызстанга алып келип сурак жүргүзүү мүмкүн болсо анда буга чейинки бүдөмүк болуп келген көп иштердин бети ачылышы ыктымал.

Шайлоо криминалсыз өтөт деп жатышат

Мындан сырткары ички иштер министри Зарылбек Рысалиев уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүүнүн экинчи этабы катары буга чейинки алардын саясий калканчтарына каршы иштер жүргүзүлө тургандыгын кошумчалады.

Учурунда кылмыш чөйрөсүнүн төбөлдөрүн жашыруун колдоп, алар менен мамлекеттин кызыкчылыгына каршы кызматташып, бийлик сересинде жүрүшкөн мурдагы жана азыркы учурдагы айрым аткаминерлерди суракка ала турган мезгил алыс эмес экендиги айтылды.

Медет Садыркулов набыт болгон унаа, 13-март, 2009-жыл
Зарылбек Рысалиев шайлооодо криминалдын колдоосуна ишенишкен айрым саясий күчтөр эми мындан ары андай таянычтарынан ажырашкандыгын белгиледи:

- Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнүн экинчи этабы өзүнүн нугу менен башталды. Азырынча айтпай турган жакшы жыйынтыктар бар.

Мүлктөрдү тартып алууларга катышы бар аткаминерлер, буларга жасалма документтерди даярдап беришип, алардын чет өлкөлөрдө эркин жүрүшүнө көмөктөшкөндөр, деги эле мына ушул кылмыштуу дүйнө менен табакташ болгондор боюнча бизде кеңири маалыматтар бар. Былтыркы шайлоо иштерине кылмыш дүйнөсүнүн кандай таасир эткендигин бардыгы жакшы билишет. Быйылкы шайлоодо андай болбойт. Анча-мынча биздин криминалга таянып алып төшүн каккан саясатчы сөрөйлөр эми ишенген криминалдарынын колдоосу жок барганга туура келет го.


Ички иштер министрлиги мындан ары учурунда уюшкан кылмыштуу топко кызмат көрсөткөн соттор, прокурорлор, ички иштер жана коопсуздук органдарынын кызматкерлерине каршы жүргүзүлө турган иштер жандана тургандыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG