Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:12

Улуттук статистика комитети 2015-жылдын алгачкы чейрегинде катталган кылмыштын саны 7 миң 624кө жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 20 пайызга көбөйгөнүн маалымдады.

Күч органдары 2014-жылдын ушул учурунда 6 миң 645 кылмыш ишин каттоого алган. Маалыматка ылайык, уурулук, зордуктоо жана паракорлук жогорулаган. Ал эми ишенип берилген мүлктү өз пайдасына кымырып алуу фактылары азайган.

Жылдын алгачкы чейрегинде кылмыш жасаган 4,5 миң адам катталды. Бул өткөн жылга караганда 21,7 пайызга көп.

Мыйзам бузуулардын эң көбү, тагыраак айтканда, үч миңге жакыны Бишкек шаарында орун алган. Экинчи тепкичте Чүй облусу турат. Андан кийинки орундарда Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустары. Кылмыш эң аз катталган аймак – Нарын. Бирок бардык облустардагы көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу жогору.

Укук коргоочу, Ички иштер министрлигинин Байкоочу кеңешинин мүчөсү Азиза Абдирасулова ушул жаатта “Азаттык” радиосу менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Кылмыштуулуктун саны дээрлик 20 пайызга жогорулаганы чоң эле көрсөткүч. Ички иштер министрлиги кылмыштын алдын алуу жаатында жумуш күчөтүлгөнүн соңку кездери тез-тез айтып жаткан. Министрликтин Байкоочу кеңешинин мүчөсү катары буга кандай пикирдесиз?

Абдирасулова: Бул жерде негизги маселе - социалдык жагдайга келип такалат. Талапка ылайык, былтыркыга караганда быйыл же өткөн айга салыштырмалуу бул айда кылмыштуулукту азайтуу, анын бетин ачуу азайышы керек. Мен деле милиция кызматкерлери жакшы иштептир, кылмыштын алдын алуу иштерин көбөйттү деп мактаганды каалайм, бирок ага азырынча себеп жок. Эгер былтыркыга салыштырмалуу кылмыштын саны азайса, “Азаматтар!” деп айтсак, жарашмак. Демек, жарандар менен мыйзам бузууларды болтурбоо үчүн алдын алуу иш-чаралары жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатканын акыркы көрсөткүчтөр далилдеп турат. Биздин милиция жасалган кылмышты каттоо, анын бетин ачуу менен гана алек. Профилактикалык иштер дурус эмес.

“Азаттык”: Балким, кылмыш жасагандар мурункуга салыштырмалуу көбүрөөк кармалып жаткандыр. Ушунун эсебинен мыйзам бузуулардын саны өсүп кетиши да ыктымал эмеспи?

Абдирасулова: Жок, андай эмес. Статистикалык комитет катталган кылмыш иштеринин санын жарыялап жатпайбы. Демек, былтыркыга караганда быйыл мыйзам бузуу көбөйгөн.

“Азаттык”: Статистикада айтылгандай, уурулуктун өсүшү өткөн жылга салыштырмалуу 18 пайыздан көп, зордуктоо 14 пайыздан ашты. Буга кандай себептер негизги фактор болуп жатат деп ойлойсуз?

Абдирасулова: Баары социалдык абалга келип такалат. Бул чынында милициянын эле баш оорусу эмес, мамлекеттик деңгээлде көңүл бурула турган маселе. Көчөлөрдөгү, мектептердеги коопсуздук, балдарга мамиле такай көзөмөлдө болушу шарт. Зордук жасап жаткандар, түнкүсүн көчө таптагандар ким? Ушул суроолорго жооп издөө, алар менен күрөшүү негизги профилактика болуп саналат.

“Азаттык”: Кылмыштын эң көбү Бишкек шаарында орун алыптыр. Бул ички миграцияга байланыштуу болушу мүмкүнбү?

Абдирасулова: Албетте, байланышы бар. Бирок кылмыштын бетин ачуу менен гана алектенип, анын алдын алууга көп көңүл бурулбай жатканы да сандын өсүшүн шарттайт. Андан сырткары, Бишкекте калктын саны көп. Шаардын борбордук бөлүгүнө гана көзөмөлдү күчөтпөй, кичирайондордо да текшерүүнү жандантуу зарыл.

Кылмышты азайтуу үчүн кылмышкердин жасаган жоругун да анализге алуу кажет. Мисалы, уурулуктун санын төмөндөтүү үчүн анын себептерин карап чыгуу керек. Эмнеге бирөөнүн мүлкүнө кол салып жатат? Курсагы ачкабы? Эмнени көбүрөөк уурдашат? Тамак-ашпы же кол телефондорбу? Уурулардын жаш өзгөчөлүгү кандай? Мектеп курагындагыларбы? Жаштарбы же чоң кишилерби? Ушуну анализдеп, ошол курактагы топтор менен иштөө керек. Ички иштер министрлигинде анализ жасай турган институт бар. Бул түздөн-түз ошолордун милдети. Мекемелер аралык байланышты күчөтүү абзел. Министрлик жергиликтүү бийликтер менен, өкмөттүн башка бутактары менен тыгыз алака-катышта болушу шарт. Бизде көбүнчө өз-өзүнчө иштегенге көнүп калгандай сезилет.

“Азаттык”: Статистикадагы маалыматта паракорлук да күчөгөнү айтылат. Соңку учурда коррупцияга шектелип колго түшкөндөр тууралуу улам-улам коомчулукка жарыяланып жатканы менен ал таасир деле бербеген өңдүү?

Абдирасулова: Мен үчүн паракорлукка шектелип кармалгандардын саны эмес, алардын канчасы соттолгону маанилүү. Колго түшкөндөр соттолуп, жазаланып жатабы? Ушул эле суроону зордуктоо, уурулук фактыларына да байланыштырсак болот. Жазасыз калган кылмыш кийинки мыйзам бузууларга жол ачат. Демек, кылмыштуулуктун азайышы соттон көз каранды. Ушул жаатта анализ жасалышы керек. Тилекке каршы, азырынча андай талдоону байкай элекпиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG