Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Эстебес аганы эң акыркы жолу кайсы бир тойдо жолуктуруп калдым. 2005-жылдын күзү эле. Ошол тойдо алгачкылардан болуп сөз кезеги келгенде, акын агабыз адатынча комузун колго алып, ырын ырдабады, эмнегедир өзү айткандай “жаңшабады”.

Жакшы тилегин айтып, өтө токтоо сүйлөдү. Баарыбызга улуу ырчыбыздын сабыры сузураактай көрүндү. Анын үстүнө ал убакта элдин баары саясатчыларды эле эмес, артисттерди да, ырчыларды да “акаевчилер”­ жана “бакиевчилер” деп экиге бөлүп турган кез. Эң “акылдуулары” ар кайсы трибуналардан мурунку бийликти колдон келишинче жамандай салып, Бакиевди болсо үстү-үстүнө алкап, ошентип Ак үйдүн жакшы тизмесине илинишкен болчу. Ал эми аттай-тоодой аброю бар Эстекем, анын шакирти Замирбек Үсөнбаев, ырчы кызыбыз Саламат Садыковалар болсо кадимки “кара тизмеде” калып, бир-эки чоң салтанатка Эстебес ага да, Замирбек да чакырылбай, аларды башкалар алмаштырып, айтор, эки залкар акыныбыз ачык эле четке сүрүлүп калган эле.

Ошондон көп деле узабай, Эстебес агабыз күтүлбөгөн жерден а дүйнө салды. Мүрт кетти. Токтогул менен Алымкул баштаган ырчы-төкмөлөрдүн жолун улагандардын эң мыктысы арабыздан узады. Ошондо кайран акындын мезгилсиз арабыздан кеткенине ичи ачышкан бир акындын минтип кошок кошкон жери бар эле:

Эсил бир кайран Эстекем,

Эзилет жүрөк эстесем,

Эрикпейт эле эл-журтуң

Эртерээк бизден кетпесең…

Айткандай эле, Эстебес ырчынын, Эстебес төкмөнүн арабыздан кеткенине мына быйыл туура 10 жыл өтүптүр. Бул арада башыбыздан көп нерселер өттү го. Кыргыз эли бир эмес, эки жолу чайпалды. Бирок Эстеке сыяктуу, Чыңгыз ага, Асанкан ага сыяктуу, Калый Молдобасанов, Төлөгөн Касымбеков сыяктуу залкар инсандардын арабызда жоктугу нечен жолу билинди го.

Бирок ошол Эстебес агабыздын кулагыбызга илгертен жат болуп калган “Жаман кетсе келбейт деген, жакшы нерсе өлбөйт деген” сөзү бар эмес беле. Анын сыңары Эстебес ырчынын ар бир ыры, айрыкча “Кыз, жигит” аттуу адабий-музыкалык баллада менен “Жинди суу” баштаган нечен термелери азыр да кулагыбызда турат. Алар азыр да эч бир терең маанисин, коом үчүн актуалдуулугун жоготкон жок. Ырас, кийинки убакта атактуу ырчынын аты бир аз унутулуп кетти, радио менен теледен азыраак айтылып калды, муну да белгилей кетишибиз керек.

Кереметтүү кең Таластын кулуну, бала кезинен ыр менен күүгө ышкылуу Эстебес Турсуналиев 1931-жылы азыркы Манас районунун Кара-Арча деген айлында туулуп, комуз менен ырга жаштайынан жакын чыкканы белгилүү. Атасы Турсуналы комузда кол ойното черткен өнөрпоз адам болсо, апасы Арпаян ыгы келгенде созолонто ыр ырдап, заңкылдата кошок кошуп, келин-кыздардын арасында аты таанымал киши болуптур. Айылдан аттуу-баштуу киши көзү өтүп кетсе, “баягы кошокчу Арпаянды чакыргыла, кошокту ошого коштургула” дешчү экен айылдаштары.

Жаш комузчулар

Жаш комузчулар

Эстебес ага “бала кезимен эле комуз менен кошо чоңоюп, кантип кайырганды, кантип күү черткенди атаман үйрөндүм, ырчылык менен төкмөлүктүн жол-жоболорун Алымкул Усөнбаевдин таалими менен толуктадым” деп айтып калаар эле. Айткандай эле, Эстебес Турсуналиев кадимки тоо булбулу Токтогулдун шакирти Алымкулдун назарына 1946-жыл урунуп, ошол Алымкулдун жардамы менен филармонияга ырчы катарында кызматка алыныптыр. Бактысы тоодой киши экен, жаштайынан Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов, Атай Огомбаев, Калык Акиев, Ысмайыл Борончиев сыяктуу залкарлар менен чогуу жүрүп, ошолор менен бирге эл аралап, концерт берип, өзү айткандай ошол улуу адамдардын таалимин алып, керек болсо кийимин жууп, колуна суу куюп, сакалын алып берип жүрүп ырчылыктын, төкмөлүктүн төбөсүнө жеткен экен Эстебес агабыз.

Үнү ушунчалык таза, дикциясы таамай, комузунун доошу бир башкача кооз Эстебес агабыздын аты айрыкча 60-жылдарда аттын кашкасындай таанымал болгону али күнчө эсибизде. Айрыкча ал аткарган “Жинди суу” менен “Кыз, жигит”, өзү чыгарган “Акишим”, “Анделек” ар бир ыр жандуу кыргыздын сүйүп уккан чыгармалары болчу. Кудай жалгап, ал кезде көпчүлүк элдин көңүлүн жубатып, маданий талаптарын канааттандырган бирден-бир маалымат каражаты - радио болчу. Радио ар бир үйдө болбосо да, ар бир айылда сөзсүз жаңырып турчу. Ошол жылдары Эстебес Турсуналиев аткарган, текстин Райкан Шүкүрбеков жазган термелер элдин терең катмарына тарады. Нечен сөздөрү лакап болуп айтылып, жаштарга тарбия берди. Кийинчерээк Үсөнкул Жумабаевдин төкмө ырчы үчүн атайын жазган термелерин аткарып жүрдү. Ал эми чоң салтанаттарда Эстеке дагы бир залкар ырчы Токтосун Тыныбеков менен чогуу чыгып, аш-тойлордо элге ыры менен салам айтып, калктын көңүлүн көтөргөнүн, нечен муундардын ырга, поэзияга, комуз күүсүнө болгон ышкысын ойготконун кантип унутууга болот?!

Эстебес агабыз ар дайым элдин сүймөнчүгү болуп, сый менен урматтын үстүндө жүрүп өмүрү өттү. Ар дайым пейилинин жарыктыгы, тамашакөйлүгү, улуу менен кичүүгө бирдейлиги, кыргыздын улуттук салттарын ар дайым кармай билгени, сактай билгени ал кишинин асыл сапаттарынын бири эле. Ырчынын зор талантына чын ниетинен баа берген Чыкебиз да кээ-кээде тамашага салып:

"Төрт дөңгөлөк “Мерседес”

Минип жүрөт Эстебес", - деп карс-карс күлүп калчу.

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, депутат, нечен орден, медалдардын кавалери, жүргөн-турганы өзүнчө эле шаң жана салтанат Эстебес агабыз элибиздин көркү, жерибиздин куту болчу. Ал эми казак туугандардын арасындагы Эстебес агабыздан аброюн, кадыр-баркын айтып отурбайлы. Бекер жеринен башынан ыр менен күүгө жакын Нурсултан Абишевич Назарбаев, коңшу мамлекеттин журт башчысы, чоң-чоң мааракелерге Эстебес ырчыны чакыртып алып, эл алдына ырдаткан эместир. Бекер жеринен даңазалуу кыргыз ырчысына “Казакстандын калк артисти” деген ардактуу наамды өз колу менен берген эместир.

… Комузуң колдо кыңгырап,

Басканың башка зыңгырап,

Сөөлөтү элең сахнанын,

Эстеке,

Эми көйкапта үнүң ким угат.

Кеткениң эми билинип,

Комузуң туру илинип,

Таласың калды жол карап,

Бишкегиң жашка киринип, - деп жазган эле жогортодо биз эскерген акын.

Чынында да адилет айтылган сөздөр… Быйылкы жылы арабыздан кеткенине 10 жыл толгон Эстебес Турсуналиевди эч качан унутууга мүмкүн эмес жана унутууга акыбыз да жок. Даңазалуу ырчы, кыргыз элинин сүйүктүү уулу, улуттук маданиятыбыздын бараандуу өкүлүнүн аты жана көп кырдуу чыгармачылыгы, инсан катары жаркын сөөлөтү эч качан эстен чыкпайт го.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG