Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:03

Аялдар арасында залкар күүлөрдү черткен комузчулар чанда. Мейликан Козубекова кыргыздын ушул көөнөргүс өнөрүн аркалаган айымдарынын көч башында турат.

Мейликан Козубекова он төрт жашынан баштап залкар күүлөрдү чертип, 50-60- жылдары чет өлкөлөргө да алгачкылардан болуп чыккан.

Алтымышынчы жылдардын ортосунда кыргыз өнөрпоздорунун жоон тобу Бельгияга гастролдоп барышат. Алардын арасында Мейликан Козубекова дагы бар эле. Концерттен кийин көрүүчүлөр сахна артына келишип, эки өрүм олоң чачын тартып көрүшүп, комузун кызыга кармалашып, кетирбей суроо жаадырганын замандаштары узак жылдарга аңыз кылып айтып жүрүшкөн.

Мейликан Козубекованы кезегинде Москонцертке чакыртышкан экен. Заман талабына ылайык көп убактысын ишке арнаганын кызы Райкан Абдраимова минтип эскерди:

- Гастролдордо көп жүрчү. Үйгө келгенде балдарын сагынганы көзүнөн билинип турчу. Бир ирет Германияга барып келгени жадымда. Мага аябай кооз белектерди ала келиптир. "Деңиз жээгиндеги ушундай таза, сулуу шаарда болдум. Ошол жакта калып, жашагым да келип кетти", - деген сөзү эсимде.

Мейликан Козубекованын жылдызы жанышына ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалованын мээнети зор экенин Райкан Абдраимова дайыма айта жүрөт:

- 7-8 жашымда апам Москвага гастролго бармай болду. Биз аны узатып темир жолго чейин бардык. Асек Жумабаев, Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбеков, Жапар Чабалдаевдин анда көзү тирүү. Ошондо Күлүйпа Кондучалова да узатканы келиптир. Жүрүп бараткан поезддин артынан кол булгалап, станцияда көпкө турганбыз.

Мейилкан Козубекова 20 жашында Абдысалам Абдраимов аттуу финансы-экономика техникумун бүтүргөн жигитке турмушка чыккан. Жубайынын бир жылда он айлап гастролдо жүрчү жумушунан улам, өнөрдү бийик баалаган Абдысалам өз кесибин алмаштырып, артисттердин автобусун айдап калат.

- Атам азыркы сөз менен айтканда, апамдын менеджери болуптур. Сахнага кийген көйнөктөрүнөн бери кам көргөн адам эле. Арсланбаптын жоон жаңгак дарагынан, өрүгүнөн кестирип келип комуз да чаптырып берген. Экөө бири-бирин аябай сүйгөн.

Жаш үй-бүлө ал кезде азыркы Кожомкул атындагы спорт сарайынын ордундагы артисттердин эски узун жатак үйүндө, бир бөлмөдө турушкан. Ал үйдөн түрдүү музыкалар, түрдүү үндөр чыгып, “Ырчы үй” деген атка конгон. Филармониянын өнөрлүү жаш артисттери бүт ошо “Ырчы үйдө” жашаган. Жапар Чабалдаев, Эстебес Турсуналиев ырдаса, Молдобасанов пианинодо ойноп, комуздун, опера ырчыларынын түрдүү үндөрү жаңырып турчу. Мейилкан Козубекова устаты Атай Огонбаевдин күүлөрүн сүйүп чертип, өтө чебер аткарчу экен. Ал кезде ушундай таланттуу айымдын эрте көз жумары эч кимдин оюна келбесе керек.

- Апам 1972-жылы декабрь айында Кенес - Анархайга командировкага кеткен, филармониянын артисттеринин бригадасы менен. Келип ооруп калды. Догдурга барганда эки өпкөсүнө суук тийгенин, дарылаш керектигин айтышты. Ооруканага февраль айында жатты. Бешинчи майда үйгө чыкты. Тогузунчу майда каза болду. Кырк бир жашта эле.

Белгилүү комузчу Мейилкан Козубекова тирүү болсо 2012-жылы 80 жашка чыкмак. Устат-шакирттин атын алып жүргөн Атай Огонбаев айылындагы мектепке 1992-жылы Мейликан Козубекованын ысымы берилген. Бир кездеги даңазалуу комузчунун сексен жылдык мааракеси ушул чакан мектепте гана белгиленип калды.

- Филармониянын деректирине былтыр баргам. “Ушундай эскерүү кечени өткөрөлү дедик эле, апабыз 80 жашка чыкмак”,- деп айтсам: “Эки саат болот, бирок элүү миң төлөйсүңөр”,- деди. Унчуккан жокмун, жөн эле чыгып кеттим, - деди кызы Райкан.

Мейилкан Козубекова 60-жылдардын ортосунда бир топ жаштардын кумирине айланган. Аны шаарга атайын издеп келип комуз чертүүнүн сырын үйрөнүшчү экен. Обончу, комузчу Шарипа Кемелгазиева анын мыкты шакирттеринин бири болгон:

- Эркек мүнөз, кең пейил, жумшак киши эле. Күлүп эле турчу. Күүлөрдү мен ошо кишиден үйрөндүм. Ал киши деги бир урушчу эмес, черте албай жаңылып жатсаң, “момундай көрсөтүп атпаймынбы, минтип кылбайсыңбы...”,- деп акырын эле көрсөтүп койчу.

Кыргыз музыкасында Карамолдонун күүлөрү ары татаал, ары терең экенин адистер айтып келишет. "Мейликан Козубекова мына ошол күүлөрдү дал өзүндөй кылып чертүү менен кайталангыс феномен жараткан",- деди искусство илиминин кандидаты, профессор Сагыналы Суваналиев:

- Мейилкан Козубекованын комузчулук өнөрүн, жалпы эле кыргыз комузчулугунун феноменин түшүнүү үчүн биз ошол музыкалык аспаптын, комуздун өзгөчөлүгүн, добуш системасын, анда аткаруучулуктун чеберчилигин терең үйрөнүшүбүз керек да. Тилекке каршы муну биз али жасай элекпиз. Азырынча биз кара күү, сары күү, айтым күү, татар күү, чертим күү деп тантырап атабыз. Комузчулар убагында мунун кандай экенин акырын гана бөлүп коюшкан: “баланча толгоодо баланча күүлөр чертилет" деп... Байыртадан бери келаткан бир чектен жылбай чертүү өнөрү, анан чектен жылып чертүү өнөрү, анан Карамолдого келгенде, комуздун бардык добуш системасын пайдаланып, эркин чертүү ыкмасы келип чыккан. Карамолдонун өнөрүн Паганини менен салыштырсак болот. Ал эми Козубекова бул ошол бир чектен жылбай чертүү өнөрүнүн корифейлеринин эң мыктыларынын акыркыларынын бири.

1992-жылы Мейилкан Козубекованын филармонияда өткөн 60 жылдык эскерүү кечесинде кыргыз симфониялык оркестринин мэтри, ыраматылык Асанкан Жумакматов: "Мейилкан Козубекова кыргыз деген эл бар экенин комузу менен дүйнөгө биринчи тааныткан адам", - деп баа берген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG