Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

22-декабрда Бишкекте шоу-бизнес өкүлдөрү, акындар жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү катышкан “Маани-маңызы жок ырлар руханий дүйнөнү талкалап жатабы?” аттуу тегерек үстөл өттү.

Талкууда катышуучулардын бир тарабы ырчылардын чыгармачылык эркиндигин чектөөгө болбой турганын айтса, бир тарабы сахнага чыга турган ырларды мамлекеттик деңгээлде тескеген көркөм кеңеш иштеши керек экенин белгиледи.

Талкуунун уюштуруучулары алгач өздөрү маани-маңызсыз деп санаган ырлардан үзүндү коюп берди. Алардын арасында учурда кыргыз шоусунда белгилүү болуп жүргөн Азамат Исмаиловдун “Келин келгенский”, Нооруз Алымбаевдин “Көк жөтөл”, Тынчтыкбек Айылчиевдин “Кокуй, ай”, Гүлжигит Сатыбековдун “Тико” аттуу ырлары бар экен.

Коом кандай болсо, ыр да ошондой

Канткен менен учурда маани-маңызсыз ырлар да эл арасында өз күйөрмандарын таап жатканын айткан Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Мундузбек Абдыжапаров ырасында бул маселенин түбү тереңде экенин кеп кылды:

- Мен биздин азыркы учурдагы коомдук аң-сезим жогорудагыдай жеңил-желпи ырлардын жаралышына түрткү болуп жатат деп ойлойм. Бул - биздин социум. Өткөөл учурдагы, базар экономикасына негизделген башаламан мезгилде бардык тармакта ушундай башаламандыктар болуп кетти. Биз муну башыбыздан өткөрүп, жон терибиз менен сезип жатабыз. Бирок азыр баш-аягыбызды жыйнашыбыз зарыл.

Абдыжапаровдун пикиринде, тийиштүү мекемелер азыр бул жаатта чогуу-чаран сапаттуу чыгармаларды жайылтуу жолун издеп чыга турган мезгил келди.

Кыргызстандагы радиолордо жаңырып жаткан ырларды эсептей турган “Тынчтыктын мониторинг серфиси” ишканасынын жетекчиси, журналист Тынчтыкбек Кожобеков буларга токтолду:

- Мындан тереңирек маселе эмнеде экенин билесиңерби? Мындан тереңиреги - биздин ырчылар сөз бакпайт. Алар өздөрүнүн ырдап жаткан ырынын сөзүн түшүнбөйт. Ырды ырдап коёт, бирок ошол жерде айтылган сөз эмне маанини берет деп сурасаң айтып бере албайт. Маселенин баары ушул жерде. Аларга "мия", "тия" деген сөздү айтып, ырда десең ырдай берет. Үн бар, өң-келбет бар дегендей...

Кожобековдун пикиринде, бул жаштардын сөз бакпай, сөздүн маанисине маани бербей калганынын кесепети. Мындан улам сандан сапатка өтүш үчүн биринчи кыргыз шоу-бизнесинде ырдалып жаткан ырлардын санын билип алыш керек дейт адис.

"Кыргыз тил, сенин тилиң, менин тилим"

Рэп ырчысы Бегиш болсо талкууда өзүнүн төмөнкү саптарын сынга койду:

- Кыргыз тил, сенин тилиң, менин тилим,

- Жашайт дайым, урпактарга берет билим.

- Керек тилим, сүйлөшкөнгө, маселени чечкенге,

- Кеч калба, эч алба башка тилди биринчи орунга,

- Маектешип, түшүнүшүп, таарынычты кечкенге,

- Эне тилинде тиричилик орундат,

- Эсиңдеби, эне тилиң колуңда...

Бул текстти Бегиш өзүнүн өнөктөшү, дагы бир рэп ырчысы Баястан менен жазган экен. Бул ырдан улам талкуунун темасы учурда акындар эстрада ырчыларына сөз жазып бериш үчүн көп акча сурашарына бурулду. Ошондон улам айрым ырчылар өздөрү сөз жазып, анысы маанисиз болуп калары айтылды жана акындарга доомат коюлду.

Бул маселеге кыргыз эстрадасында көптөгөн ырлары хит болуп келаткан акын Кыялбек Урмамбетов төмөнкүдөй жооп берди:

- Ырды мен өзүмдүн нанымдай элестетем. Мисалы, наабайчы нанын жаап, аны бекер таратпайт да. Ага да канчалаган эмгек кетти дегендей. Анын өзүнүн баасы бар, ошого сатып алыш керек да. Мен деле ошол наабайчыга окшоп, ырымды сатып жатам. Бирок бизнесим бузулган учурлары көп. Себеби көп акындар ырчыларга кайрылып “ой, менин тигиндей ырым бар, сен ошону ырдап чыкчы, аны техникалык жаткан жасалгалоого өзүм акча төлөйм" деп айтышат экен.

Буга улай Кыялбек Урмамбетов учурда эстрада ырчылары арзыбаган акчага ыр жаздырып алып, бирок ар кайсы тойлордо, концерттерде кайра-кайра ырдап, тыйын таап жүргөнүн, мында акындын эмгеги эске алынбай каларын кошумчалады.

Начар ырларга гезиттердин да салымы барбы?

Продюсер Дана Абдыбекова акыркы жыйырма жылда маанисиз ырлардын элге сиңишине айрыкча гезит-журналдар да чоң салым кошконун белгилей кетти:

- "Жылдын мыкты ырчысы", "Жылдын мыкты клиби" деген номинациялар бар. Мен кесипкөй продюсер катары айтат элем: биздин гезиттер ошол номинацияларды эл тандоосу деп, жеңил-желпи ырларга берип салат. Мисалы, мен Нурлан Насипти өтө сыйлайм. Бирок анын “Сенин туулган күнүң” деген ыры жылдын мыкты ыры болгондо нес болуп калгам. "Ушул ыр кантип Кыргызстандын супер ыры болот" деп ойлогом. Ошол эле учурда “Аппак сүйүүнү” ырдаган Юля Руцкая эч кандай номинацияга ээ болбой калган.

Абдыбекова буга улай учурда ырды жасалгалоого 1500 доллар кетсе, акынга 100 доллар төлөнөрүн, клип тартуу 2000 доллардан жогору болорун, бирок кээде бир ырга кеткен каражат кайра өзүн-өзү актабай каларын да кошумчалай кетти.

“Маани-маңызы жок ырлар руханий дүйнөнү талкалап жатабы?” аттуу талкууну “Вечерний Бишкек” редакциясында “Жаңы Агым” гезити уюштурду. Жыйынтыгында уюштуруучулар маанисиз ырларды көзөмөлдөө боюнча тийиштүү мекемелерге кайрылуу жазышарын айтышты. Талкууга чакырылган Маданият министрлигинин өкүлү жана айрым эстрада ырчылары келген жок.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG