Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Дүйнөгө жол издеген кыргыз театрлары


Фестивалга Орусиянын Орел шаарынан келген актриса В.Жилина.
Фестивалга Орусиянын Орел шаарынан келген актриса В.Жилина.

Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында ай башында башталган эл аралык "Импульс" фестивалы 4-октябрда соңуна чыкты. Быйыл үчүнчү жолу өтүп жаткан моноспектаклдердин кароо-сынагына катышуучулар Хорватия, АКШ, Орусия, Германия өлкөлөрүнөн келишкен. Театр ишмерлери учурда театр искусствосу үчүн бир же эки актердун бир спектаклде ойношу заман талабы экенин айтышат.

Моно спектаклдердин эл аралык фестивалы быйыл үчүнчү жолу өтүп жатат. Уюштуруучулар кароо-сынактын максаты – кыргыз театрынын дүйнөлүк театр искусствосу менен карым-катышын арттыруу экенин белгилешет. Бул фестивалга башынан бери катышып жаткан шаардык театрдын актеру Руслан Орозакунов сынакка келген спектаклдердин өзгөчөлүгү тууралуу кеп салып отурду:

- Жыл өткөн сайын театр дүйнөсүндө формалар, агым, актерлук ыкмалар өзгөрө берет турбайбы. Улам башка агымга бурулуп, жаңылана берет экен. Моно спектаклдерде актердук курам өтө аз болот эмеспи. Бир-эки актер роль ойнойт. Мисалы, америкалык актер Бремнер Дати Дэйв Доусондун режиссерлугу менен "33"(Кабаре) спектаклинде жалгыз ойноп берди. Мында актер өзүнүн бийчи, ырчы, айтор, ар тараптан таланттуу экенин көрсөттү.

Театрдагы спектаклден бир көрүнүш.
Театрдагы спектаклден бир көрүнүш.

Арсен Өмүралиев атындагы театрдын жаш актеру Эмил Жусупбеков да сөз болуп жаткан фестиваль тууралуу кеп кылды:

- Бул жерде актерлор өздөрүнүн бийик чеберчилигин көрсөтүп жатат. Мисалы, 2-октябрда мюзикл болду. Жандуу үн менен ырдап, бийлеп берди. Ал эми биринчи күнү Хорватиянын актеру өзү моно ойноп, башка кишилерди элестетип да ойноп берди. Моноспектаклге ойнош үчүн актердун чеберчилиги аябагандай бийик болуш керек экен. Себеби жок адамды элестетип аны менен сүйлөшүп ойноо баарынын эле колунан келе бербейт.

- Жыл өткөн сайын театр дүйнөсүндө формалар, агым, актерлук ыкмалар өзгөрө берет турбайбы. Улам башка агымга бурулуп, жаңылана берет экен. Моно спектаклдерде актердук курам өтө аз болот эмеспи. Бир-эки актер роль ойнойт.

Фестивалдын тушунда чет элдик таанымал театр ишмерлери жаш актерлорго, режиссерлорго устаттык саат өттү. Казак Эл артисти, режиссер Бекпулат Парманов жергиликтүү жаш режиссерлорго өз өнөрүн үйрөтүп жатыптыр. Ал бизге фестивалга келген спектаклдер тууралуу айтып жатып буларга токтолду:

- Бүгүн эмнеге театрдын моноверсиясындагы формасы зарыл деп жатабыз? Мисалы, мен өзүмдүн чыгармачылык кечемди өткөрмөк болуп калдым дейли. Азыркы заманда өзүнүн чыгармачылык кечелерин өтө таланттуу, турмуштук жана чыгармачылык тажырыйбасы мол инсандар гана өткөрө алат. Себеп дегенде, сахнага чыккан жалгыз актердун залдагы көрүүчүлөрдү бир саат кармап турушу өтө зор эмгекти талап кылат. Ал үчүн актер чыныгы талантка ээ, күчтүү инсан болушу шарт. Азыр биз күбө болуп турган фестивалга чындыгында өтө таланттуу актерлорлор катышып жатат.

Театрдагы спектаклден бир көрүнүш.
Театрдагы спектаклден бир көрүнүш.

Бекпулат Парманов чет элдик таланттуу актерлордун өнөрүн көргөн жаш муундагы актерлордун кесипкөйлүгү артарын айтып, бирок фестивалдын көрүүчүлөрү аз болуп жатканына өкүнгөнүн кошумчалады.

Фестиваль Хорватиянын Загреб шаарынан келген “Бобочка” аттуу пьеса менен ачылып, экинчи күнү АКШнын Нью-Орлеан шаарынан келген "33" (Кабаре) спектакли коюлду. Иш-чара 3-октябрда Марина Цветаеванын чыгармасынын негизинде даярдалган “Көздөн чоң көз жаш тамчысы” аттуу спектакль менен уланып, фестиваль 4-октябрда германиялык автор Нина Мазурдун “Бул мен - Эдит Пиаф” спектакли менен жыйынтыкталды.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG