Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Дача СУ: МАКтын алдын ала отчету чыкты


Сокулук районунун Дача Су айылындагы авиакырсык учактын командири учуу-конуу тилкеси менен байланыш жок болгондуктан экинчи айлампага кетүү боюнча буйрук бергенден кийин болгон.

Сокулук районунун Дача СУ айылындагы авиакырсык учактын командири учуу-конуу тилкеси менен байланыш жок болгондуктан экинчи айлампага кетүү боюнча буйрук бергенден кийин болгон. Бул тууралуу кырсыкты иликтеген Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) алдын ала отчетунда айтылат.

Мындан тышкары конуу учурунда капитан байланыш жоктугу тууралуу маалымат айтып, андан кийин "flare автопилот" режимине өтүп, жарым секундадан кийин экинчи айлампага кетүү тууралуу кнопка басылганы катталып калганы жазылган.

«Бул аракет кыймылдаткычтардын ишин күчөткөн, кнопка басылгандан 3,5 секунддан кийин учак кырсыкка кабылган. Ошол кезде учактын ылдамдыгы 165 узелди (саатына 305 чакырымдай ылдамдыкты) түзгөн", - деп белгиленген.

МАКтын эксперттери аэропортко жакын жерлерде курулуштардын эрежеге дал келишин талдоого, мыйзам бузуулар болгон учурда тиешелүү чараларды көрүүгө чакырган. Ошондой эле кыргыз тарапка учуу коопсуздугун жогорулатуу сунушун берди.

Дача СУда дагы митинг

Бишкектин четиндеги авиакырсыктан жабыркаган Дача СУ айылынын тургундары элди коопсуз аймакка көчүрүү жана кырсыкка жоопкерлерди таап, жазалоо талаптары менен кайра митингге чогулушту. Азыр элүүгө жакын адам турат. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, алар буга чейин коюлган талаптар аткарылбады деп нааразы болушууда. Митингге жарандык активисттер да катышууда.

Дача СУ: убада качан аткарылат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00

14-мартта аталган конуштун 200дөй тургуну митингге чыгып, президентке, спикерге жана өкмөткө он беш пункттан турган кайрылуу жолдоп, айылды коопсуз жерге көчүрүүнү талап кылышкан. Муну он күн аралыгында аткарууну, болбосо кайра нааразылык акцияга чыгарын маалымдашкан.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов айылды көчүрүүгө азырынча жер жоктугун, негизги көңүл кырсыктан жабыркагандарга жардам берүүгө бурулуп жатканын кабарлаган.

16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" жүк учагы кулап, 39 адам набыт болгон. Анын отуз беши айыл тургундары. Жыйырмадан ашуун үй кыйраган. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн өкмөт ачкан банк эсебине соңку маалыматтар боюнча 96 миллион сомдон ашык акча чогулду.

Кулаган учак Түркиянын АСТ авиакомпаниясына таандык. Аталган ишкана жабыркагандарга кенемте төлөп берүүгө убада кылган. Азырынча акча бериле элек.

Андан тышкары президенттин фондунан кырсыктан жапа чеккен ар бир үй-бүлөгө 100 000, өкмөт башчынын фондунан 70 000, спикер фондунан 80 000 сомдон берилмей болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG