Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:16

Аманалиев: Озон катмары оңоло элек


Марс Аманалиев
Марс Аманалиев

Жер шарындагы озон катмарынын азыркы абалы жана Кыргызстандагы озон катмарына зыян келтирүүчү жабдуулар тууралуу Республикалык озон борборунун жетекчиси Марс Аманалиев маек курду.

- Азыр жер шарында озон катмарынын абалы кандай? Сиздерге соңку маалыматтар келип турса керек...

- Албетте. Бул боюнча үч жылда бир жолу дүйнөлүк деңгээлде илимий-практикалык конференция өтүп турат. Анда адамзат озон катмарынын соңку абалы тууралуу маалымат алып турат. Бул дүйнөлүк көйгөй 1980-жылдары көтөрүлүп, ал кезде стратосферадагы озон катмарынын концентрациясы бир топ түшүп кеткен.

Бул нерсе глобалдык айлана-чөйрөгө, адам ден соолугуна терс таасир тийгизери маалым болгондон кийин, Вена конвенциясы жана Монреаль протоколу деген эл аралык келишимдер түзүлүп, дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр келишимди биринин артынан бирин ратификациялап, аткара баштаган. Кыргызстан Монреаль протоколун 2000-жылы ратификациялап, андан кийин мамлекеттик программа иштелип чыгып, ошонун негизинде бир топ натыйжага келдик десек болот.

- Азыр озон катмарынын абалы жакшырдыбы? Озон жырыктары азайдыбы?

Арктикадагы озон катмарында байкалган өзгөрүүлөр, 2011-жылдын март айы.
Арктикадагы озон катмарында байкалган өзгөрүүлөр, 2011-жылдын март айы.
- Жалпы окумуштуулардын маалыматы боюнча, озон катмарынын концентрациясынын төмөндөшү токтоду деген маалымат бар. Аз-аздан өз калыбына келе баштаганы кабарланып жатат. Бирок толук калыбына келе элек. Ошол эле Арктика, Антарктиданын үстүндө мезгил мезгили менен дале озон жыртыктары пайда болуп келатат.

- Кыргызстанда эл аралык келишимдер ратификациялангандан кийин озон катмарын буза турган техникаларды, жабдыктарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынган. Түшүндүрүп өтсөңүз, озон катмарына кандай техникалар зыян алып келет?

- Ар бир мамлекет озон катмарын коргоого өз салымын кошушу керек. Кыргызстан 2002-жылы биринчи мамлекеттик программаны иштеп чыкканда, ичине негизги жоболорду кошкон. Ага ылайык, озон катмарын бузуучу химикалык заттары акырындап азайтып, 2010-жылы кыйла азайтканбыз. Бирок химикалык заттарды пайдалануу менен иштей турган техникалар Кыргызстанда кала берүүдө.

- Кандай техникалар экенин санап өтөсүзбү?

- Негизинен химикалык заттар өндүрүштө колдонулат. Маселен, муздаткычтарды иштетүү үчүн фриондор пайдаланылат. Андан тышкары мындай заттар айыл-чарбасында, өрт өчүрүү системасында, медицинада астма менен ооругандарды дарылоодо колдонулат. Ошондой электр жабдууларын чыгарууда тазалагыч катары пайдаланылат. Учактардын кыймылдаткыч бөлүгүндө галон деген зат бар.

- Кыргызстандагы мындай заттардын, техникалардын жалпы көлөмү канча?

- Биздин программа жаңыдан башталганда Кыргызстанга жылына 120 тоннадан ашык озон бузуучу заттар келип турчу. Бүгүнкү күнү анын басымдуу бөлүгү келбей калды. Биз өнөр жай, айыл чарба багытында жаңы технологияларга өтүү боюнча программаларды киргиздик. Бирок бул жаңы технологиялар климаттын өзгөрүшүнө терс таасир этет деген маалымат чыкканы үчүн бул багытта да иштеп жатабыз.

- Кээ бир өлкөлөр мындай техникаларды, жабдууларды эптеп эле өлкөдөн чыгарып жиберүү үчүн арзыбаган баага сатып жиберет деген маалымат бар. Бул маселени кантип көзөмөлгө аласыздар?

- Бул бүгүнкү күндө биздин негизги көйгөйлөрдүн бири болуп жатат. Сиз айткан маселени технологиялык демпинг деп атайбыз. Озон бузуучу техникаларды жок кылуу бул абдан кымбат процесс. Өнүккөн Батыш өлкөлөрүндө аларды утилизациялоо үчүн миллиондогон акча кетет.

Ошондон качыш үчүн кээ бир мамлекеттер техникаларды арзан баада сатышат же гуманитардык жардам катары жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө экспорттоп жиберет.

- Аны ким көзөмөлгө алышы керек?

- Негизи мунун башында биздин бажы кызматкерлери турушу керек. Биз аларга жаңы технологияларды берип, тренингдерди өткөрүү, технологиялык демпингге каршы туруу аракетин көрүп жатабыз.

- Озон катмары күндөн чыккан ультрасыя нурларын жерге чейин жеткирбей тосуп калат. 16-сентябрь - Озон катмарын коргоонун эл аралык күнү деп жарыяланган. Ар бир карапайым жаран озон катмарын коргоого кандай салып кошо алат?

- Эң негизгиси, озон бузуучу заттарды камтыган техникаларды колдонбош керек жана аларды сатып албоо кажет. Ошонун артынан озон катмарын бузуучу факторлор азаят.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG