Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Көлдүн тазалыгына кайдыгер мамиле


Ысык-Көлдүн түбүндөгү таштандылар жана суу саркындылары боюнча тасма талаш жаратты. Активисттер бул саркындылар айрым пансионаттардан кое берилиши мүмкүн деп жоромолдошууда. Бирок мамлекеттик органдар менен пансионат кожоюндары муну четке кагып, жалган маалымат деп аташууда.

“Таза Ысык-Көл” коомдук фондунун мүчөлөрү пансионаттар жайгашкан көлдүн түбүндө таштанды бар экенин көрсөткөн видео тартып, аны интернетке жайгаштырышты. Тасмада Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Акун” жана "Солнечный берег" пансионаттарына жакын жерде көлгө суу саркындыларын коюучу түтүк бар экени көрсөтүлгөн.

Коомдук фонддун башчысы Анвар Шамсутдиновдун “Азаттыкка” кабарлашынча, суу саркындылар боюнча түтүк бар экени көрүнгөн, бирок анын кайсы жайга таандык экени белгисиз:

- Биздин ыктыярчы топ жарыялаган тасмада түтүк чынында эле бар экен. Бирок анын кайсы максат менен колдонулганы боюнча биз эч нерсе айта албайбыз. Аны аныктоочу тиешелүү анализдер, жабдыктар жок. Бул биздин компетенциябыздагы иш эмес. Бирок түтүк бар экени чындык. Балким ал Советтер союзунан калышы мүмкүн.

Көл түбүндөгү таштанды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

Бул тасма интернетке жарыяланар замат жарандардын нааразылыгын жаратты. Көпчүлүк колдонуучулар саркынды сууну “Акун” жана "Солнечный берег" пансионаттарынан Ысык-Көлгө жер алды менен куюлуп жатат деген божомолду айтышты.

“Акун” пансионаты Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго таандык. Ошондуктан парламент төрагасын соцтармактарда сынга алгандар да чыкты.

Ысык-Көл
Ысык-Көл

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция Ысык-Көлдөгү "Акун" жана "Солнечный берег" пансионаттары көлдүн суусун булгап жатат деген маалыматты четке каккан билдирүү таратты (билдирүүнү бул жерден окуй аласыз).

Анда эки пансионаттын жанында түтүктөр бар экени, бирок ал канализация эмес, аттракциондо пайдаланган сууну кайрадан көлгө куйган түтүк экени айтылат.

Ошондой эле “Акун” пансионатынын жетекчилиги таратылган маалыматты курулай жаманатты кылуу деп атап, бардык экологиялык нормаларды аткарып жатканын айтып чыкты. Пансионаттын директору Бегайым Чыныбай кызынын айтымында, такталбаган маалымат тараткандардын үстүнөн сотко кайрылууга камынып жатат:

- Мен өз тарабымдан табылды делген түтүк бизге эч кандай тиешеси жок деп толук ишеним менен айта алам. Биздин өз тазалоо системабыз бар. 2013-жылы бул жабдыктардын баарын алмаштырып, азыркы шартка жооп бергендей болуп өзгөртүлгөн. Алар пансионаттын сыртындагы экологиялык нормаларды бузбагандай жерде орнотулган. Ал эми биздин пансионатка жакын жээкти жыл сайын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу суучулдарды жалдап тазалып турабыз. Бул маалыматты биздин пансионатка карата уюштурулган “кара пиар” деп эсептейбиз.

Ошентип, мамлекеттик органдар менен пансионат ээлери айтылган маалыматтарды четке кагып, актанып жаткан чакта көлдүн түбүндөгү таштандылар факт бойдон калууда.

Жалаң ыктыярчылардан куралган “Таза Ысык-Көл” фонду көлдүн түбүндөгү тазалык жалпысынан өтө начар абалда экенин билдирди. Уюмдун төрагасы Анвар Шамсутдинов көлдү таза сактоого, ага кам көрүүгө пансионаттар да, эс алуучулар да өтө кайдыгер мамиле кылганын айтууда:

- Ысык-Көлдүн түбүндөгү абал жүрөк түшүрөт. Биз бул маселеге көңүл бурдурууга аракет кылып келебиз. Алар көргөн учурда аябай жаман деп айтышат, нааразы болушат, бирок эч ким тазалыкты сактабай жатпайбы. Эс алгандар да биринчи болуп булгашат. Баарыбыз сөз жүзүндө кайгырмыш болгонубуз менен аракет көргөн эч ким жок.

Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов бул жаатта ишти күчөтүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирүүдө.

- Биз жыл сайын аракет кылып, көзөмөлдү жана тазалоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Жыл сайын Ысык-Көлдү тазалаш үчүн каражат бөлөбүз. Быйыл жайкы сезонго чейин да мындай иштер аткарылды. Бирок баарыбыз аракет кылышыбыз керек болуп атат.

Мамлекеттик экотехинспекция быйыл экологиялык талаптарды аткарбаган 12 пансионаттын иштешине тыюу салынганын билдирүүдө.

Саркынды суу топтолчу жай
Саркынды суу топтолчу жай

Ошол эле учурда бул маселени чечүү үчүн комплекстүү чараларды көрүү керектигин айтышат. Маселен, Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев аймактагы таштандыларды кайра иштетүү маселеси чечилмейин мындай кырдаал улана берерин белгилейт:

- Таштандыларды чогултуп, жыйнап, кайра иштетүү маселеси чечилмейинче бул маселе улана берет. Экинчиден, элибиз да тартипке, тазалыкка көнгөн эмес. Кайда барбайлы жылтырак пакет, желим бөтөлкөлөрдү каалаган жерге таштайбыз. Анын баары шамал болсо эле учуп барып көлгө түшүп жатпайбы. Бул маселелерди чечмейин абалды оңдоо кыйын болуп жатат.

Адистер менен мамлекеттик органдар тазалык маселесин чечүү боюнча өз пикирин айтып жаткан кезде Ысык-Көлдөгү тазалык маселеси туристтик сезонго терс таасирин тийгизерин айтышууда.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG