Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Салыктан качкан “пиво төбөлдөрү”


Украинадагы сыракана.
Украинадагы сыракана.

Жогорку Кеңеште мамлекеттин кызыкчылыгына эмес, ишкер чөйрөнүн жеке пайдасына карап чечим кабыл алган учурлар катталууда.

Парламенттин экономика жана фискалдык саясат комитети пивону көмүскө өндүрүп чыгарып, салыктан качкан жагдайды жөнгө салуу боюнча өкмөттүн мыйзам долбоорун четке какты. Аталган комитеттин төрагасы жана мүчөлөрү бул чечимди негиздеп берүүдөн баш тартышты. Ошол эле кезде парламентте бул кадам көмүскө киреше табуудан туйтунган пиво өндүрүүчүлөр менен сырттан сыра ташыгандардын кызыкчылыгын коргоо катары кабыл алынууда.

Пиво өндүрүшүнүн көмүскө көлөмү

Экономика министрлиги сырттан кирген жана өлкө ичинде өндүрүлгөн пивого маркалоону киргизип, мындай эн белгиси аркылуу аны каттоого алууну көздөйт. Анткени анык каттоо жүргүзүлбөгөндүктөн өлкөдө өндүрүлгөн жана сырттан ташылып, сатылган сыра көлөмүнүн так эсеби жок. Анализ боюнча 2015-жылы сырттан ташылган жана өндүрүлгөн пивонун көлөмү 30 миллион литрден ашкан. Ошол учурда өлкөнүн жылдык керектөөсү 50 миллион литрге барабар болгон. Мындан көмүскө сатылган пивонун көлөмү 20 миллион литрди түзүп, казынага 325 миллион сомдон ашуун акча түшпөй калган.

Көчмөндөр гени аракка туруштук бере албайт

​Көчмөндөр гени аракка туруштук бере албайт

Эксперттер ичкиликтен жабыр тарткандардын санынын азайбаганына Кыргызстанда көмүскө спирт ичимдиктерине көзөмөл жүрбөй жатканын да кошуп келишет.

Экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаев пиво сатуунун көлөмүн көмүскөдөн чыгаруу парламентте катуу каршылыкка дуушар болуп жатканына мындайча токтолду:

- Пивонун көлөмүн жана сапатын тартипке салуу үчүн мына ушундай маркалоо бардык өнүккөн өлкөлөрдө киргизилген. Бизде көмүскө экономика гүлдөп, чек ара ачык болгондуктан сырттан ташылып, бирок каттоого алынбаган пивонун көлөмү көп. Мына ошонун эсебине алуу үчүн сырттан ташылган жана өлкө ичинде өндүрүлгөн пивого маркалоо киргизүү зарыл. Алдын ала божомол боюнча бул мыйзам күчүнө кирсе, маркалоонун аркасы менен эле 153 миллион сомдон ашуун каражат туруктуу түрдө казынага түшөт. Анан дагы каттоого алынбай келген пивонун көлөмүнө көзөмөлдүн натыйжасында жылына 320 миллион сомдун айланасында салык түшүп турмак. Бирок парламенттеги тиешелүү комитет башында макул болуп, бирок кийин буга каршы чыгып жатат. Ошондуктан комитеттен бул мыйзам долбоорун жаратпаган чечим чыкты.

Депутаттык мандаттын кызыкчылыгы

Кыргызстанда пиво өндүрүүгө ыңгайлашкан жергиликтүү 13 компания бар. Мындан сырткары Орусиянын, Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн компаниялары өлкөгө пиво ташып келишет. Жергиликтүү пиво өндүрүүчү “Абдыш-Ата”, “Арпа” жана Bear Beer сыяктуу компаниялардын өкүлдөрү парламентке депутат болгон учурлар бар. “Арпа” компаниясынын коммерциялык директору Абтандил Кулбараков былтыр КСДП партиясынан парламентке депутат болуп келген. Ага чейин “Абдыш-Ата” компаниясынын кожоюндарынын бири Советбек Сакебаев дагы парламентте депутат болгон. Мындан сырткары пивону дүңүнөн ташып келип саткандар арасында дагы депутаттардын туугандары бар экени маалым.

Эсептин жоктугунан салык жашыруунун деңгээли аябай эле жогору. Муну жөнгө салса болот. Бирок азыр парламентте ага каршылык күч. Анткени бул жерде жашырган менен болобу, өтө чоң кызыкчылыктар бар.
Исхак Масалиев

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев өкмөттүн сунушун четке кагууда пиво өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгы үстөмдүк кылышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайт:

- Азыр Кыргызстанда суусундук, ичимдик жана сыра миллиондогон тонна менен өндүрүлүп чыгарылат. Бирок анын чыныгы көлөмү ачык көргөзүлбөйт. Ошондуктан андан алынчу салык дагы аз бойдон кала берүүдө. Эгерде анын көлөмү ачыкка чыгып, аны каттоого алуу мыйзам түрүндө милдеттендирилсе, анда биз өндүрүш көлөмүн так билмекпиз. Ошого жараша салык салынып, казынага акча түшөт эле. Биз учурунда муну анализдеп чыкканбыз. Эсептин жоктугунан салык жашыруунун деңгээли аябай эле жогору. Муну жөнгө салса болот. Бирок азыр парламентте ага каршылык күч. Анткени бул жерде жашырган менен болобу, өтө чоң кызыкчылыктар бар. Албетте, чоң акча бар жерде чоң кызыкчылыктар болот. Анан калса парламентте ишкердикке аралашкан көп депутаттар болгондуктан, бул жерде ишкер чөйрөнүн кызыкчылыгын тымызын колдоо жүрүп жатат десек болот.

Ишкердик менен депутаттыкты айкалыштыргандар

Башка алкоголдук ичимдиктер сыяктуу эле пивонун литрине 14 сомдон акциз салыгы киргизилген. Бирок өндүрүлгөн пивого эн салынып, каттоого алынбагандыктан анын жалпы көлөмү белгисиз болуп, андан түшчү салык бир кыйла аз болуп келген. Парламенттин экономика жана фискалдык комитети пивону маркалап, магниттик эн салуу чарасына каршы экинчи ирет корутунду чыгарды.

Бийлик калкалаган ишкерлик

Бийлик калкалаган ишкерлик

Максим Бакиевдин өнөктөштөрү азыркы бийлик менен кызматташканы тууралуу материалдар жарыяланды. Саясий күчтөрдүн ортосунда бири-биринин мүлкүнө жана көмүскө ээлигин ачыкка чыгарууга байланышкан компроматтар “согушу” уланууда.

Парламенттин тиешелүү комитетинин төрагасы Нурлан Макеев сыркоолоп жатканын айтып, бул чечимди негиздеп бере алган жок:

- Мен азыр ооруканада элем. Мен бул жерден чыккандан кийин сүйлөшөлүчү ээ... Мен негизи эми бул мыйзам долбооруна каршы позициядамын. Бирок азыр ооруканадамын да. Ошол үчүн бул тууралуу кийин айтып берейин...

Пивого эн салуу аркылуу каттоого алууга каршы чыккан тарап муну ата мекендик өндүрүшкө бут тосуу катары карап, бирок комитет жыйынында анысын негиздей алган эмес. Комитеттин айрым мүчөлөрү пивонун идишине марка чаптоо татаал экенин айтышып, штрих код киргизүүнү сунуштап чыгышты. Экономика жана фискалдык саясат комитетинин мүчөсү, депутат Дастан Бекешов өкмөттүн сунушуна парламенттеги комитет төрагасы баш болгон ишкер-депутаттар каршы чыкканын белгиледи:

- Тилекке каршы биздин комитеттин төрагасы мына ошол мыйзам долбооруна кол койбой, аны дагы экинчи ирет аны жокко чыгаруу боюнча комитеттин жыйынына алып чыкты. Мен ага каршы болуп, өкмөттүн сунушун колдоп чыксам, төрага "туура эмес кылып жатасың" деп койду. Анан колго сала келгенде менден башка депутаттардын бардыгы бул мыйзам долбоорун четке кагуу боюнча чечимди колдоп добуш берип салышты. Мен жанагы штрих-код киргизүү боюнча сунушту гана кошумчалап, аны биринчи окуудан кабыл алуу боюнча маселе көтөргөн элем. Бирок кесиптештерим мени угушкан жок.

Сырттан ташылган жана ичте өндүрүлгөн пивонун көлөмүн көмүскөдөн чыгаруу боюнча өкмөттүн жүйөлөрү парламенттин тиешелүү комитет мүчөлөрүн ынандыра алган жок. Ошондуктан буга карата комитет оң корутунду чыгарбады. Буга чейин депутаттардын же алардын туугандарынын пиво өндүрүүгө же сатууга байланыштуу бизнестери бар экени мамлекеттик кадр кызматынын порталында көрсөтүлгөн. Мына ошондуктан саясат талдоочулар парламентте “пиво-королдорунун” лоббиси күчтүү экенин белгилешүүдө.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG