Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:13

Токтогул суу сактагычынын агрегатынын авариялык абалга кептелиши жабдуулардын техникалык жактан каралбай калганын айгинеледи.

Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү суу агрегаттын авариялык токтотулушу электр энергиясын өндүргөн жалпы каскаддагы коопсуздук маселесин козгоду. Учурда токтогон агрегаттан башка үчөө иштеп жатат.

Бир агрегаттын токтотулушуна байланыштуу электр энергиясын иштеп чыгаруу 300 мегаваттка кыскарды. Буга чейин каскаддагы абалды Орусиянын Хакасия республикасында жайгашкан "Саян-Шушен“ ГЭСиндеги авариялык кырдаалга окшоштуруп жиберишкен болчу. Бирок “Улуттук электр станциялар” компаниясынын басма сөз катчысы Сагжана Айдаралиева кырдаал толук көзөмөлдө экенин белгиледи:

- “Саян-Шушен” ГЭСиндеги кырдаал менен биздин каскаддагы азыркы абалды салыштырууга болбойт. Ошол төртүнчү агрегаттын турбинасынын капкагынын алдындагы басым жогорулаган. Ошого байланыштуу ал агрегат текшерилип жатат. Ал качан иштей баштаары текшерилип бүткөндөн кийин билинет.

Бөлүнгөн каражат кайда?

Каскаддагы гидротехникалык жабдуулардын көбү көп жылдан бери оңдоп-түзөөгө же ооштурууга муктаж. Анткени электр энергиясын иштеп чыгарчу суу агрегаттары жана турбиналар мындан 37 жыл илгери коюлган. Бул маселе 2000-жылдан баштап эле көтөрүлүп келаткан менен ага өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулган эмес. Анын себеби каражаттын тартыштыгына такалып турган. Анткен менен 2011-жылы “Электр станциялар” ишканасынын ошол кездеги жетекчиси Аман Тентиев компания 3 миллиард 600 миллион сом киреше тапканын жарыялаган. Бирок ал каражаттын канча бөлүгү жабдууларды оңдоп-түзөөгө кеткени белгисиз.

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев бөлүнгөн каражат дарегине жетпей жоголуп кетип жатат деп эсептейт:

- Ал станция ири компания болгондуктан чоң эле каражат жыл сайын түшүп турат. Мындан башка европалык банктан, немис банкынан буга чейин эле ар кандай долбоорлордун алкагында каражат алып келишкен. Бирок ошонун бардыгы натыйжалуу колдонулган эмес. Акыркы 3-4 жылдан бери суу агрегаттарынын абалы каралбай калган.

Буга чейин ички каржы булактарынан сырткары “Улуттук электр станциялар” ишканасы гидроэлектр станцияларды жаңыртууга ири суммадагы каражат керектигин белгилеп келген. 2012-жылы июнь айында Азия өнүктүрүү банкы Токтогул каскадындагы электр энергиясын иштеп чыгаруучу жабдууларды алмаштырууга 55 миллион доллар каражат бөлгөн. Бирок ал каражат электр турбиналары жана кабелдерди алмаштырууга гана багытталган. Өкмөт башчынын биринчи орун басары Жоомарт Оторбаев суу агреттарынын жабдууларын жаңылоо чоң каражатты талап кылаарын белгиледи:

- ГЭСтердеги турбинадан кеткен кабелдер бир топ жылдан бери колдонулуп жатат. Анан буга чейин биз мына ошол кабелдерди алмаштыруу үчүн АӨБдөн каражат сураганбыз. Биз бардык ГЭСтердеги техникалык жабдууларды жаңылашыбыз керек. Бул маселе азыр каралып жатат.

Токтогул каскады кубаттуулугу боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат. Анын аянты 284 чарчы метр, узундугу 65 чакырымга барабар. Токтогул суу сактагычынын бассейни 19 жарым миллиард куб метр сууну сыйдыра алат. Суу сактагычтын тереңдиги 120 метрге жетет. Токтогул электр станциясы 1200 мегаватт, “Күрп-Сай” ГЭСи 800 мегаватт электр энергиясын иштеп чыгарууга жөндөмдүү. Мында өндүрүлгөн электр энергия өлкөнүн 70% камсыздайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG