Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:58

Кыргызстан экономикасында өсүш бар экендиги белгиленип келатат. Бирок ага карабай бюджеттин тартыштыгын жабуу татаал маселе бойдон калууда.

Каржы министрлиги маселени чечүү үчүн эл аралык каржы уюмдарына жана Кошмо Штаттардын элчилигине жардам сурап кайрылды.

Ким каражат берет?

Өкмөт быйылкы жылдын бюджетин 22 млрд. сом тартыштык менен кабыл алган. Бул эбегейсиз тартыштыкты жабуу үчүн өкмөт улутташтырылган мүлктөрдү аукцион аркылуу сатуу, “Кыргызтелекомду” менчиктештирүүнү көздөгөн. Андан сырткары Орусиядан жана Евразия экономикалык шериктештигинин антикризистик фондунан 106 млн. доллар, Москванын өзүнөн 30 млн. доллар насыя сураган. Бул өтүнүчтөр ушул кезге чейин аткарылган жок.

Мына ошого байланыштуу Каржы министрлиги бюджетти колдоо үчүн
Кошмо Штаттарга кайрылууга аргасыз болуп отурат. Каржы министри ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан убада кылынган 196 млн. (60 млн. жана 136 млн. доллар) долларды жыл соңуна чейин камсыз кылууга көмөктөшүүнү суранган. Бирок ага кандай жооп болору азырынча белгисиз. Баары президенттик шайлоонун жыйынтыгын күтүп жатат.

Октябрь айынан тарта пенсиялардын көтөрүлүшү да бюджетке кошумча оорчулуктарды жаратууда. Анын үстүнө улутташтырылган объекттерди аукцион аркылуу сатуу да ийгиликтүү болгон жери жок.

Мүлк министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы кезге карай бир нече объект гана аукцион аркылуу сатылды. Алар: бир яхта, “Каприз” эс алуу борборундагы №56 коттедж жана “Дитис” акционердик коомунун 33% акциясы. Алардан түшкөн сумма 40 млн. сомдун тегерегинде гана болууда.

Ал эми улутташтырылган объекттерди сатуудан өкмөт 4 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшөөрүн белгилеп жаткан.

Маяна көтөрүү кайсы булакка негизделүүдө?

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков улутташтырылган мүлктөрдү сатуудан өкмөт күткөн киреше болбой жатканын тастыктап, буларга токтолду:

- Өкмөт бизге жылдын башында келгенде "биз менчиктештирүүнүн эсебинен же улутташтырылган мүлктү, “Кыргызтелекомду” сатып, тартыштыкты жабабыз" деп айтпады беле. Азыр алардан акча түшпөй жатат. Бирок салык менен бажыдан көбүрөөк акча түшө баштады. Бирок келерки жылы аябай кыйын болот. Ошон үчүн эмитен акча издей башташты. Анткени кыйналышат да. Кийинки жылы тартыштык болбойт дешүүдө. Анда эмне үчүн акча сурайт? Азыр АКШдан, Европадан, эл аралык уюмдардын баарынан акча сурап жатышат.

Равшан Жээнбеков

Равшан Жээнбеков

Жээнбековдун айтымында, азыр бюджетте болгон акча айлык акыларды төлөөгө жумшалууда. Капиталдык салым, ремонт жана башка иштерге каралган каражаттар да маянага бурулууда. Шайлоо алдында айлык акы, пенсияларды көтөрүү келерки жылы оор кырдаалды жаратышы мүмкүн дейт Жээнбеков:

- Ар бир шайлоонун алдында айлык акыны көтөрүү, албетте эл үчүн жакшы, бирок ар бир көтөрүү кандайдыр бир булак менен бекемделиш керек. Булагы жок көтөргөн бул негизсиз көтөрүү. Бул шайлоого даярдык. Азыр эми шайлоодон кийин инфляция башталат, девальвация болот. Ошону менен келерки жылдын бюджетин талкалап алабыз.

Курманбек Бакиев да 2009-жылы президенттик шайлоонун алдында пенсияларды олуттуу көтөргөн. Ал мындай кадамды Орусиянын 150 млн. доллар грантынын эсебинен жасаган. Бирок кийинки жылга карай бюджеттин тартыштыгы токтоосуз түрдө өсө баштаган. Мына ошол көрүнүш быйылкы президенттик шайлоодо да кайталанып, октябрь айынан пенсиялар көтөрүлдү.
Кийинки жылы тартыштык болбойт дешүүдө. Анда эмне үчүн акча сурайт?

Азыркы кезде өкмөт экономикада өсүштөр болуп жатканын билдирүүдө. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов бюджетке кошумча киреше түшүп жатканын билдирүүдө:

- Өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда бюджеттин жалпы кирешеси 35% же болбосо 14 млрд. сомго көбөйдү. Салыктан түшкөн киреше 9 млрд. сомго же болбосо 32% көбөйдү.

Өмүрбек Бабановдун мына ушундай сөздөрүнө карабай Каржы министрлиги жана өкмөт насыя, жардам суроону улантууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG