Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

Кыргызстанда быйыл орто мектепти бүтүрүп жаткан 62 миң бүтүрүүчүнүн 48 миңи жогорку окуу жайда окуу үчүн жалпы республикалык сынакка катышып жатат.

Алардын канчасы кандай кесипти тандаары азырынча белгисиз. Бирок Кыргызстанда азыр талап кылынган кесиптерди өздөштүрүүсү күн тартибиндеги көптү ойлондурган олуттуу маселеге айланды. Кайсы тармак болбосун колунда жогорку билимин тастыктаган диплому бар көп жаш адистердин кесиптик жактан даярдыгы канааттандырбайт.

Андан тышкары дээрлик бардык тармактарда инженер, технолог, машина куруучу сыяктуу кесиптеги адистерге суроо-талап жогору болгон менен, андай билим алууга ынтызарлык аз. Буга эмне себеп? Билим берүү министрлиги өлкөгө зарыл кесиптеги адистерди даярдоого мамлекеттик буйрук бере алабы? Кайсы жогорку окуу жайлар замандын талабына шайкеш адистерди даярдайт?

“Азаттык” бүгүнкү “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул суроолорго жооп издеди.

Талкууга Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Абылкасымова, Инновациялык технологиялар эл аралык университетинин ректору Улукбек Бегалиев жана “Имарат строй” курулуш компаниясынын өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Махабат Мамытканова катышты.

“Азаттык”: Махабат айым, “Имарат строй” деген Бишкекте жана башка аймактарда көп үйлөрдү, жайларды куруп жаткан ири компания эмеспи. Кандай кесиптеги адистерге суроо-талап көп болот? Алар менен компания толук камсызбы?

Улуу муундагы ар бир адам өз кесибин улантуучу кийинки муунду үйрөтүүгө, тарбиялоого милдеттүүбүз.

Махабат Мамытканова: Биздин курулуш компаниясынын ичинде беш кичи компания бар. Аларга курулушчулар, технологдор, инженерлер, бухгалтерлер, сантехниктер керек. Биз аларды кулактандыруу жарыялап, келгендерди эки айлык сыноо менен комиссия аркылуу тандап алабыз. Өткөн жылдан бери практикага студенттерди да кабыл ала баштадык.

“Азаттык”: Улукбек мырза, Кыргызстанда так илимдерди окутуу менен адистик берген кесиптерге окугусу келген жаштардын саны эмнегедир жыл сайын азаюуда. Тескерисинче, юрист, экономист, чет тил, эл аралык мамилени окугандардын саны абдан көп. Ал эми азыр инновациялык технологиялар, кен иштетүү, машина куруу адистиктерине талап күчтүү. Сиздердин окуу жай бул багытта адистерди даярдоого кандай көңүл буруп жатат?

Улукбек Бегалиев: Ооба, кийинки кезде өндүрүш жайлары иштебей калгандыктан көп жаштар гуманитардык багыттагы кесиптерге окушту. Ошондон улам азыр техникалык адистерге суроо-талап жогору болуп жатат. Бизде информациялык система технологиясы, электр энергетика, транспортту эксплуатациялоо, тигүү техникасы, айлана-чөйрөнүн архитектурасы боюнча адистер даярдалат. Биз адистерди өндүрүш бирикмелери менен тыгыз иштеп, аларды лаборатория катары колдонуп, алар менен бирге иштеп жатабыз.

“Азаттык”: Гүлмира айым, акыркы иликтөөлөр боюнча Кыргызстанда суроо-талап күчтүү жана ошого жараша маянасы жогору кесиптер – программисттер, финансисттер, бухгалтерлер, риэлторлор, ашпоздор, инженерлер, маркетологдор, энергетиктер экен. Мына ушул адистерди даярдоо боюнча министрлик окуу жайларга мамлекеттик буйрук бере алабы? Же окуу жайлар өздөрү каалаган адистикке окута беришеби?

Гүлмира Абылкасымова: Өкмөттүн 2012-жылдагы №231 токтому менен атайын адистиктер боюнча билим берүү боюнча механизмдер белгиленген. Ошого ылайык мамлекеттик гранттык орундар бөлүнөт. Гранттык орундарга студент кабыл алынганда студент, жогорку окуу жай жана жумуш берүүчүнүн ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт. Ошол келишимдин негизинде окуу жай адисти даярдагандан кийин аларды жумуш берүүчүгө жөнөтөт.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин иликтөөсү боюнча, 2016-2017-жылдар аралыгында 70 миңден ашуун талап кылынса, анын 19 718 адис жогорку билимдүү болушу керек. Азыр ушул суроо-талаптын негизинде гранттык орундар бөлүндү жана алардын арасында айыл чарбасына, курулушка зарыл адистер окутулат.

“Азаттык”: Улукбек мырза, айрым эксперттер жогорку окуу жайлар аталышы кооз кесиптерге окутууга студенттерди кабыл алышат, бирок аларга татыктуу билим берүүгө мыкты окутуучулары жок, кесиптик тажрыйбага үйрөтүүгө материалдык-техникалык мүмкүнчүлүгү жок деп айыптап келишет. Сиздердин окуу жайдын окутуучу-профессордун курамдын деңгээли кандай? Техникалык база да жетиштүүбү?

Улукбек Бегалиев: Бизде материалдык-техникалык база жетиштүү, себеби биздин окуу жайдын ичинде 12 өндүрүш ишканасы бар. Студенттер практикасын мына ошол жерде өткөрүшөт. Андан тышкары ар бир кафедрада иштеп жаткан мугалимдердин жок дегенде экөө өндүрүштө иштеген адамдар. Аларды дагы ар бир эки жылда, эң эле көп болсо үч жылда алмаштырып турабыз, себеби заман талабына ылайык техника жана технология өзгөрүп жаткандан кийин ошолорду иштете турган адамдар иштеши, демек студенттерге да үйрөтө билиши керек.

Бул жерден баса белгилей кетүүчү нерсе - улуу муундагы ар бир адам өз кесибин улантуучу кийинки муунду үйрөтүүгө, тарбиялоого милдеттүүбүз. Демек, билим берүүгө Билим берүү министрлиги эле эмес, өндүрүштүк бирикмелер, илим изилдөө тармагы да милдеттүү болгон жалпы мамлекеттик концепция зарыл. Илимдер академиясы да билим берүүдөн абдан алыстап кетти, азыр кайрадан өндүрүштү, илимди жана билим берүүнү бириктирип иштетүүгө мезгил жетти.

“Азаттык”: Махабат айым, Азия өнүктүрүү банкынын иликтөөсү боюнча Кыргызстанда кыш коюучу, плитка жабыштыруучу, кранда иштечү, электрогаз ширетүүчү, уста жана шыбакчылар курулушка абдан зарыл экен. Ири курулуш компаниялары ушундай зарыл кесиптерге адистерди өз эсебинен даярдоого эмне үчүн Билим берүү министрлигине атайын буйрутмаларды беришпейт? Мисалы, “Имарат строй” ушундай кадамга бара алабы?

Махабат Мамытканова: Бара алат. Биз өзүбүздүн адистердин сапаттуу болушуна абдан кызыкдарбыз.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

XS
SM
MD
LG