Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Коомчулукта президенттик шайлоонун жыйынтыктары түбү жок талаш-тартыштарга жана чыр-чатактарга алып келбейби деген тынчсыздануу бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева президенттикке талапкерлерге өз ара мунасага келип, шайлоонун жыйынтыгын таануунун шарттарын сунуш кылды. Бир катар серепчилер шайлоодогу кырдаалга таасир этүүчү жагдайлар жана аларды алдын-алуунун чараларын белгилешти.

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынан депутат Жылдыз Жолдошева президенттикке талапкерлерди өткөн жылкы апрель жана июнь окуяларын үгүт иштеринде саясий курал катары колдонбоого чакырды. Ошондой эле аймактарда акаевчилер, бакиевчилер, реваншисттер жана реформаторлор деп бөлүп-жаруу мамлекеттин бүтүндүгү үчүн коркунучтуу экендигин эскертти.

- Канча талапкер болсо ошонун бардыгы кеңейтилген альянска барышы керек. Алар мамлекет алдындагы жоопкерчиликтерин сезип, бири-бири менен эсептешип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. Эң көп добуш алганы президент болуп, ал эми калган экинчи, үчүнчү орунду ээлеген талапкерлерге да мамлекеттик жогорку кызмат орундары сунушталышы шарт. Анткени алар да элдин ишенимине ээ болуп, алардын добушун алышты. Кептин бардыгы келип эле кызмат бөлүүдө жатпайбы.

Тынчтыктын кепилдиги

Шайлоонун жыйынтыгын таануу же тааныбоо анын таза өтүшүнө байланыштуу. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыктарын жапырт бурмалоо же талапкерлер ортосундагы аймактык өзгөчөлүктү колдонуу сыяктуу жосундар саясий туруксуздукка алып келиши мүмкүн экендиги айтылып жүрөт.

Шайлоодон жыдыган талапкерлердин айрымдары утулганын мойунга албай, жактоочуларын көчөгө чыгарышы мүмкүнбү деген суроо да кабыргасынан турган учур.

Президенттикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаров шайлоо таза өтсө, өзүнүн атаандашын жеңиши менен куттуктаганга даяр экендигин шайлоочулар менен жолугушуу учурунда билдирди:

- Мен Алмаз Шаршеновичке "таза шайлоо өтүп, ким уткан болсо, жыйырма мүнөт кийин күт, мен калпагымды, чепкенимди үстүнө жаап, куттуктайм. Сыналгыдан чыгып, бири-бирибизди куттуктайбыз, эл да бизге ыраазы болуп батасын берет. Эгерде мен утсам жыйырма мүнөт күтөм, дал мен айткандай кылып келип куттукташалы. Талашпайлы, чабышпайлы, элди ортого салып кыйнабайлы" деген оюмду айттым.

Талаш-тартыштар сөзсүз болобу?

Серепчилер опурталдуу кырдаалга өбөлгө болчу учурларга добуш берүүнүн жыйынтыктары талаш жараткан же алган добуштары боюнча “ит жыгылыш” орун алган жагдайларды киргизишет. Мындай талаш-тартыштарды жөнгө салуучу сотторго болгон ишенимдин аздыгы кырдаалдын курчушуна алып келет дегендер да аз эмес.

Саясат таанучу Бакыт Бакетаев мына ошондой жагдайда айрым талапкерлер аймактык картаны “ойнотуп” жиберүү коркунучу бар экенин белгиледи:

- Утулгандар ошол жерден эле каталарды табат. Мына ошол талаштарды эрежеси менен чечиш үчүн биздин мыйзамдар иштебейт. Сотторго болгон ишеним кандай экенин баарыбыз билебиз. Мындай жагдай кагылышууга алып келиши мүмкүн. Элдин температурасы көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Ушундай учурларда аймактык карталар "ойнотулуп", тирешүү жана өз ара ажырым орун алуу коркунучу бар. Жердешчилик Акаев учурунда башталып, Бакиев учурунда күчөгөн болсо, азыр анын кантип гүлдөгөнүнө күбө болгон мезгилде окуянын мындай өнүгүшү өтө эле коркунучтуу. Ошондуктан амбицияны алдыга чыгара бербей акылга келген жакшы. Бул үчүн негизги талапкерлер өз ара шарттарын аныктап алышса, артыкчылык кылбайт.

Ошол эле учурда шайлоодо чыр-чатактар жана бөлүнүп-жарылуулар болбойбу деп коомчулуктун тынчсыздануусун күчөтүп, элдин тынчын ала берүүнүн өзү туура эмес дегендер бар.

Кыргызстан эл ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов шайлоо коопсуздугун сактоодо президенттикке талапкерлердин гана эмес, жарандардын да жоопкерчилиги мыйзамда көрсөтүлгөнүнө токтолду:

- Коопсуздукка доо кетире турган жагдайлар албетте, көңүл борборунда болуш керек. Бирок ошол эле мезгилде бул маселени улам эле күчөтүп, улам эле көбүртүп, “андай болуп кетиши мүмкүн, тигиндей болуп кетиши ыктымал” деп кулакты кызыта берүү жарабайт. Азыр тынчтык бизге абадай керек экендигин баарыбыз эле түшүнүп турабыз. Талапкерлерди "ашыкча сөз сүйлөбөгүлө, андай кылбагыла, бөлүп-жарбагыла" деген сыяктуу насааттарды айтып жадатууга болбойт. Алар деле эгерде аймактык же улуттар аралык араздашууну козута турган иш-аракеттерге бара турган болсо, мыйзам алдында жооп беришерин билишет.

Ошол эле кезде коомчулуктун бир катар өкүлдөрү бул жолку шайлоонун таза жана чыр-чатаксыз өтүшү өлкөнүн мындан аркы келечегин аныктаарын баса белгилешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG