Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:43

Аты көп чыкпаган талапкерлер кайда?


Байкоочулар жарышка чыккан19 талапкердин беш-алтоо гана үгүт маалында кенен чабыттап, калганы солгун иштеп жатканын айта башташты.

Президенттик шайлоого камылгаларга байкоо жүргүзүп жаткан Бишкектеги “Медиаполис” институтунун байкоосунда үгүт маалында маалымат каражаттарында аттары баарынан көп аталган талапкерлер деп Алмазбек Атамбаев менен Адахан Мадумаров табылган. Үгүт иштерин кызуу жүргүзүп жаткан талапкерлердин катарында Камчыбек Ташиев, Кубатбек Байболов, Өмүрбек Суваналиев, Турсунбай Бакир уулу аталган. Мындай тыянакка “Медиаполис” 14 кыргыз тилдүү жана 7 орус тилдүү гезит-журналга жүргүзүлгөн байкоонун негизинде келген.


Административдик күч колдонулуп жатабы?


Үгүт өнөктүгүндө аракети анчейин байкалбаган талапкерлердин бири - Курманбек Осмонов. Талапкер өзү болсо тескерисинче үгүт иштерин кызуу жүргүзүүгө аракетин белгилеп, бирок ага каршы административдик күч колдонулуп, өнөктүк үзгүлтүккө учурап жатат деп эсептейт:

- Мыйзам боюнча жергиликтүү бийлик талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуусун камсыз кылыш керек. Бирок алар тескерисинче, ар кандай жол менен үзгүлтүккө учуратып, элге айтпай, чогултпай акимдер “билбейбиз” деп, аймактык шайлоо комиссиялары абдан пассивдүү иштеп жатат.

Дагы бир талапкер Алмазбек Каримов БШК баардык талапкерлерге бирдей шарттарды түзбөй, үгүт өнөктүгү ыплас жүрүп жатат деген ойдо:

- Баарына бирдей шарттар түзүлгөн жок. БШК декларативдик милдеттерин “эптеп-септеп” эле аткарып, көз боёмучулук менен эле шугулданып жатат. Мындай карап көрсөк, шайлоо Бакиев менен Акаевдин мезгилинен эч айырмалбай калды. Эгер Шайлоо кодексин өзгөртпөсөк, мындай балээден кутулбайбыз да, же бийликте отурган адам келет, же капчыгы калың бирөө келет.

Талапкер Сооронбай Дыйканов үгүт маалында Кыргызстанды түрө кыдырып, эл менен жолугушуп жатканын айтты:

- Мына эртең менен Кызыл-Кыяда жолугушуу өттү, кечээ күнү болсо Таласта өткөн. Андан мурун Чүй облусунун кыдырдык. Ага чейин Аксы, Ала-Бука райондорун Ош облусунун Кара-Суу районун кыдырдык. БШК өзү түзгөн графикти кээде сактаса, кээде сактабай жатат. Мисалы Алайдагы жолугушуу болбой калды.

Дыйкановдун оюнда, маалымат каражаттары аркылуу үгүт жүргүзүү добуш берүүгө көп деле таасир эте албайт

БШК өз кезегинде бирдей шарттар түзүлбөй жатат деген талапкерлердин дооматтарын суу кечпеген сөз катары кабылдоодо. БШКнын мүчөсү Нурмамат Ашимов бул маселеде эч кандай маалыматы жок экени билдирди.

- Алар качан айтышты? Эми аны угуш керек. Мен уккан жокмун, ошондуктан бул боюнча айта алабйм.

Дагы бир талапкер Алманбет Матубраимов жетиштүү эле иштеп жаткандыгын белгиледи.


Кендирди кескен каражат


Үгүт иштеринин солгун болушун каражаттын тартыштыгы менен түшүндүргөн талапкерлер да бар. Алардын бири Марат Иманкулов:

- Менин миллиондогон акчаны чачып, телеге чыгууга шартым жок экени баарына эле белгилүү. Ошнетсе да, мекенчилдердин колдоосу менен, анча-мынча каражат менен тияк-биякка чыкканга коротуп иштеп жатабыз.

Талапкер Роман Оморовдун жүйөөсү мындай болду:

- Чындыгын айтканда мен каражат жактан кысталып турам. Ошондуктан бардык аймактарга бара албай калдым. Билборд деген кымбат экен, аны да коё албай койдум. Шайлоо теңдикте өтүш үчүн минималдуу шарт түзүш керек экен. Мисалы, орус тилинде программа чыгардым, кыргыз тилинде чыгарайын десем “акча төлөбөдүң” деп “Кыргыз Туусу” чыгарбай койду. Мындайларга БШК сөзсүз түрдө жардам бериши керек болчу. Себеби мамлекет үчүн шайлоо болуп, анын жетекчиси тандалып жатат да...

БШКнын эсеби боюнча, үгүт иштерине Алмазбек Атамбаев 40 миллион сомго, Адахан Мадумаров 23 миллион 309 миң сомго, Камчыбек Ташиев 16 миллион 497 290 сомго жакын короткон. Ошол эле учурда президенттикке ат салышкандардын ичинде үгүт иштерине 100 миң сомдун тегерегинде гана каражат сарптагандары да аз эмес. Ушул тапта кээ бир талапкерлердин эсебинде 50 миң сомго жетпеген каражат калса, айрымдарында дале болсо миллион сомдун тегерегинде акча бар.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG