Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Ош: Шайлоо алдында кооптонуу күчөдү


Ош шаары.
Ош шаары.

Оштогу коопсуздук жана тартип коргоо кызматтары шайлоо алдындагы кырдаалды кооптуу деп баалап жатат.

Шаар жетекчиси болсо чыр-чатактар административдик ресурсту колдонуудан келип чыгаарын айтып, күч органдарын шайлоодо мыйзам бузгандарды таап жоопко тартууга чакырды. Ал эми шаар тургундары ар кандай ушак-айыңдар элди дүрбөтүп жатканын айтууда.


Кооптонууга негиз барбы?


Шаар бийлигинин аппарат жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош облустук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Абдразак Дунаев шайлоо алдындагы жагдай тууралуу буларды билдирди:

- Ош шаарында жана Ош облусунда коомдук-саясий кырдаал салыштырмалуу тынч көрүнгөнү менен абал жөнөкөй эмес. Шайлоону утурлай диний экстремисттик, террористтик жана реваншисттик күчтөр активдешти. Алар өз максаттары үчүн ар кандай иштерге барышы мүмкүн.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Марат Орозбаев болсо кырдаал шайлоодон кийин курчушу мүмкүндүгүн эскертти:

- Шайлоодо өтпөй калган талапкерлер ар кандай ыкмалар менен саясий абалды курчутууга аракет кылат деген оперативдик маалыматтар бар. Бирок булар шайлоонун жыйынтыгы чыгышы менен кыймылга келет. Бул боюнча да биздин кызматкерлер иштеп атышат.

Ал эми калаа жетекчиси Мелис Мырзакматов үгүт маалында кээ бир атка минерлер административдик ресурс колдонуп жатат деп, алардын жоопкерчилигин кароого чакырды:

- Мен былтыркы июнь окуясынын алдында да эскерткен элем, азыр да айтып коңюн. Силер сырткы күчтөр, сырттан келе турган террористтерден эмес, ички “террористтерден” корккула. Ушул жерде туруп алып эле акча берип, бирөөлөрдү коркутуп административдик ресурсту колдонуп аткандар бар. Тополоңду так мына ошолор баштайт. Шайлоодо көз боёмочулукка бара турган болсо, эл нааразы болуп көтөрүлөт. Анан ушуну көрүп турган эл козголот да, улуттар аралык, же башка конфликтке баруусу мүмкүн.


Санааркаткан шайлоо


Шайлоонун алдында бийликтегилер ушинтип тынчсызданып, туруктуулукту сактоонун чараларын көрүп жатабыз деп жаткан кезде шайлоочулар президенттик шайлоо тынч өтсө экен деп санаа тартып турушат.

Оштун тургуну Турнакан Асанова кооптонгон менен, элдин тилегени ынтымак экендигин белгилейт:

- Эми сыналгыдан бийликтегилер «андай болот, мындай болот» деп эле элдин үшүн алып атат. Бирок элдин ичи тынчтай эле го. Баары эле ынтымакты, тынчтыкты каалап турат. Кантсе да биз өткөн жылкы окуяларды көрүп көнүп калбадыкпы? Балдар же жаштар ар кандай имиш кептерге кирип кетиши мүмкүн да. Ошентсе да баардыгына даяр болуу керек.

Шаардын башка бир тургуну Адылжан Каримов болсо, калаадагы өзбек кварталдарынынын жашоочуларын терезелери кара түс менен чүмбөттөлгөн машинелерде жүргөн белгисиз бирөөлөр коркутуп жаткандыгын айтууда:

- Мен өз көзүм менен көргөн жокмун, бирок кара терезечен машинелер элдерди аралап «Атамбаевге добуш берип койгула, бербесеңер болбойт» деп кетишти деп айтышты. Эми алар ачык коркуткан жок, маданияттуу түрдө гана «шайлабасаңар эмне болооруна эч ким кепилдик бере албайт, баардык нерсени күтө бергиле» дептир да.

Буга чейин да президент Роза Отунбаева, андан кийин премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов атайы келип жергиликтүү бийликтер жана күч органдары менен жолугушуп, шайлоо алдындагы Оштогу коопсуздук боюнча абалды талкуулап кеткен эле.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG