Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Энергетика тармагын реформалоо жолдору тууралуу бул тармакты жакшы билген адис, ЖКнын мурдагы депутаты Райымбек Мамыров ой бөлүшөт.

- Быйыл кыш кеминде эле 20 күнгө эрте келип, авариялык өчүрүүлөр көп байкала баштады. Мындай жагдай эмне себептен чыгып жатат? Энергeтика министрлиги айткандай, чындап эле жабдыктар эскилиги жеткендиктен туруштук бере албай жатабы? Же айрым адистер белгилегендей, энергожабдыктарга шалаакы мамиле жасалуудабы?

- Негизинен эки тараптын тең айтканында негиз бар. Бирок көбүнчө кыштын башталышында болуп жаткан өчүрүүлөр кайталанып эле жатпайбы. Илгертен бери эле белгилүү маселелер болуп жатат. Быйылкы жылкы кышка даярдык боюнча, бөлүштүрүүчү компаниялардын тетиктери жакшы каралбай калгандай болду. Көп эле электр станцияларга, ТЭЦке көңүл буруп, жогорку чыңалуудагы линияларга, бөлүштүрүүчү трансформаторлорго маани берилбей калды.

- Бул жагдайдан кантип чыкса болот? Министрлик белгилегендей, электр энергиясына болгон тарифтерди көтөрүү абалдан чыгуунун жападан жалгыз жолубу?

- Мен бир гана тарифти көтөрүү менен ушул нерсени чечсе болот деп ойлобойм. Бул үчүн комплекстүү иштер жасалышы керек. Ошентсе да, тарифти караш керек. Илгеркидей, өткөн бийликтин учурундагыдай, 50-100%га көбөйтпөй, жылдан жылга 15-20%дан жогорулатып, көпкө созулган тариф саясаты болушу абзел. Мисалы үчүн эл кийинки жылы электр энергиясынын баасы канча болоорун билүүгө тийиш. Быйыл 70 тыйын болуп жатса, келерки жылы 85-90 тыйын, анан инфляцияга жараша 10-15 пайыздан көтөрүлүп турат деген саясат болушу керек.

Экинчиси, энергетиктердин өзүлөрүнүн резервдерин иштетүү керек. Мисалы үчүн, коммерциялык жоготуулардын эсебинен, дебитордук карызды өндүрүүнүн жолу менен табылган пайданы туура, оңдоп-түзөө өңдүү керектүү жерге пайдалануу абзел. Анан акырында элдин электр энергиясына болгон муктаждыгын канааттандырганда гана, эки жак бири-бирин түшүнөт.

- Кыргызстан коңшу өлкөлөргө да белгилүү бир өлчөмдө электр энергиясын сатат. Андан түшкөн каражат канчалык туура колдонулат? Ал каражат менен станцияларды жаңылоо иштерин жүргүзсө болобу?

- Эми бул жерде бөлүнгөн да. Мисалы үчүн, электр энергиясын экспорттоодон түшкөн каражаттар негизинен “Электр станциялары” акционердик коомунда калып, ошол жерде жумшалат. Себеби, ал электр энергиясы жогорку чыңалуудагы линиялар менен кеткендиктен, азыр аны улуттук электр тармактары ишканасы көзөмөлгө алат. Ал эми бөлүштүрүүчү компанияларга экспорттон эч нерсе түшпөйт.

Бирок экспорттолгон электр энергиясынын эсебинен “Электр станциялары” ишканасы жашайт да. Бүт ошол көмүрдү, газды сатып алат. Акыркы жылдары электр станциялары менен жогорку чыңалуудагы линияларга көбүрөөк көңүл бурулуп, көздүн сыртында калып баратат. Аларга кереги тиерде гана, акча чогултканда гана кайрылып, акыркы жылдары саясат бир гана акча чогултуп, коммерциялык жоготууларды азайтуу жөнүндө гана сөз болуп калды да. Ал эми эксплуатация, линияларды оңдоого көңүл дээрлик бурулбай калып жатат.

- Энергетика министрлигин коомдук көзөмөл кеңешинин мүчөсү Николай Кравцов таптакыр жашабаган адамдарга, элестүү айтканда “өлүк жандарга” карыздарды иле берип, чоң деңгээлде, жең ичинен уурдоо уланып жатканын айрым булактарга билдирген экен. Чындап эле уурдоо уланып жатабы?

- “Өлүк жандарга” койгондун бирден бир себеби - коммерциялык жоготууларды азайтуу жолун ошол жакка буруу болуп саналат. Анан коммерциялык жоготуулар азайды дешет. Быйыл мындай жоготуулар 19 пайызга азайды деп жатат. Бул көрсөткүч болбогон сөз. Алардын бир бөлүгү “өлүк жандарга” жазылган электр энергиясы болуп эсептелет.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG