Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан “Кыргызстандын тышкы саясаты жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу анын демилгечиси, депутат Каныбек Иманалиев ой бөлүштү.

- Бүгүн парламент “Кыргызстандын тышкы саясаты жөнүндө” мыйзам долбоорун карап жатат. Мыйзам долбоорунун акыркы варианты боюнча тышкы саясатты аныктоо укугу бийликтин кайсы бутагына берилди?

- Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин мыйзам түзүлүштөрү жана бийлик философиясы өзгөрдү. Ошого ылайык, жаңы мыйзам керек болчу. Тышкы саясатта кайсы бийлик органдары кандай бийлик ыйгарым укугуна ээ болот, президенттин, парламенттин, аткаруу бийлигинин укугу кандай болот деген маселелер чечилиши керек эле.

Конституцияда тышкы саясатты өкмөт ишке ашырат деп жазылып калган. Бирок ким аныктаары жазылган эмес. Ошондуктан бул - мыйзамдагы эң талашып тартыша турган да, эң негизги да жери.

Конституцияда "президент Кыргызстанда жана тышкы дүйнөдө кыргыз элинин атынан сүйлөйт" деп жазылган. Кыргызстанда эки бийлик эл тарабынан шайланат. Бул – президент жана парламент. Демек тышкы саясатты аныктоодо президент менен парламенттин ролу чечүүчү болушу керек. Ошондо кабыл алынган чечимдерди өкмөт аткарышы керек. Негизинен биз ушул маселеге көңүл бөлдүк.

- Ошондо тышкы саясат багытында президент менен парламент экөөнүн кайсынысына көбүрөөк укук берилүүдө?

- Президент - мамлекет башчысы. Экинчиден, Кыргызстандын тышкы саясатындагы өнөктөшү саналган коңшу мамлекеттер – бул президенттик республикалар.

Үчүнчүдөн, президенттик бийлик алты жыл стабилдүү болот. Парламентте болсо кээде коалиция алмашып, кээде оппозиция коалицияны башкарып, кээде коалиция өкүлдөрү оппозицияга өтүп турушу мүмкүн. Ошондуктан тышкы саясатта туруктуу, ырааттуу көз караш болсун деп, президентке көбүрөөк укук берип жатабыз. Бул мамлекеттик кызыкчылыкты эске алганда туура.

- Буга чейин бир катар депутаттар тышкы саясатты аныктоо укугу президентке берилсе, Кыргызстан мурдагы кейпине түшөт дегени бар. Бул сындар канчалык жүйөлүү?

- Мурунку бийликтердин катасы кадр тандоодо кеткен. Мында тышкы саясат жаатында президент түздөн түз, өз алдынча бир да маселени чече албайт. Мисалы, Тышкы иштер министрлигин парламент дайындайт. Бүт дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү, консулду, элчини парламент дайындайт. Демек кадр айланып келип эле парламент менен өкмөттүн колунда болот. Ал эми тышкы саясатты аныктоодо президент парламент менен биргелешип иш кылат. Аткаруучу орган – бул өкмөт жана Тышкы иштер министрлиги бирден бир координация кылуучу орган болуп саналат.

Тышкы иштер министрлиги тышкы саясий жагдайлар боюнча түздөн түз президент менен иш алып барышы керек. Ал эми экономикалык келишимдер, чек ара же коопсуздук боюнча келишимдер өңдүү глобалдуу маселелер Жогорку Кеңеште ратификация болмоюнча күчүнө кирбейт. Айланып келип эле концептуалдуу маселелерде Жогорку Кеңеш чечүүчү күчкө ээ.

Бирок кээде тактикалык маселелер чыгып калат. Мисалы, жайында парламент эс алууга кетип, БУУда бир маселеге Кыргызстан добуш бериши керек. Мындай учурда Тышкы иштер министрлиги ким менен макулдашууга тийиш? Мен ойлойм, президент менен макулдашышы керек. Бул мамлекеттик кызыкчылыкка байланыштуу. Себеби жайында бул маселелер үчүн парламентти кайра чакырып олтурбайбыз да.

Ошентип тактикалык маселелерде биз президентке көбүрөөк мүмкүнчүлүк бердик. Стратегиялык маселелерде, эл аралык келишимдер, ошол эле АКШ аба базасы жөнүндө маселелер айланып келип эле парламентте чечилет. Стратегиялык маселелерде негизги чечим кабыл алуучу күч парламентте кала берет.

- Кыргызстанда тышкы саясат багытында бир канча мыйзам бар. Соңку мыйзам кандай күчкө ээ болот?

- Былтыр тышкы саясат багытындагы мыйзамдар боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Мен ушул жумушчу топтун жетекчиси элем. Биринчиси, жаңы Конституциянын негизинде “Дипломатиялык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргиздик. Мындан ары элчи, консулдарды даярдоодо Жогорку Кеңештин эл аралык комитети чечүүчү ролго ээ болот.

Экинчиси, “Мамлекеттик протокол жөнүндө” жаңы мыйзам киргиздик. Буга чейин мамлекеттик протокол жобонун негизинде иштеген. Бийлик өзгөргөндөн кийин парламенттин ролун жогорулатуу максатында жана протоколдук улуулукту, кичүүлүктүү туура сактоо максатында бул мыйзам кабыл алынып, азыр иштеп баштады.

Үчүнчүсү, ушу “Тышкы саясат жөнүндө”. Ушул үч мыйзам кабыл алынса, тышкы саясатка байланыштуу укуктук жагдай, укуктук мейкиндик толук түптөлүп бүтөт деп ойлойм.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG