Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Дем алышты жумага жылдыруу демилгеси


Депутат Турсунбай Бакир уулу дем алышты жума күнгө жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун даярдады.

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу Кыргызстанда мусулмандар ислам өлкөлөрүндөй жума күнү эс алышы керек деп эсептейт.

Анын маалыматы боюнча, кыргызстандыктардын 80 пайыздан ашыгы өздөрүн мусулман катары сыпатташат. Мындан улам Эмгек кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңешке сунушталды:

Турсунбай Бакир уулу
Турсунбай Бакир уулу
- Мусулман эл жашаган жерде жума күн дем алыш болуп эсептелет. Ал күндү өзүнө, Кудайга, үй-бүлөсүнө багыштайт. Ошол күндөрү адам баласы мечитке барып, жума намазын окуйт. Ошондуктан жума күндү базар күндүн ордуна сунуш кылып жатам. Ишемби күн жөөттөрдүн дем алыш күндөрү, жекшемби болсо христиандардын дем алыш күндөрү. Албетте эмгек жамааттын жетекчилиги кааласа, жекшембини мурдагыдай эле дем алыш күн катары эсептесе болот. Эгер ал жамаатта мусулмандар жок болсо...

Мыйзам долбооруна ылайык, аптасына беш күн иштеген жарандар жума жана ишемби күндөрү удаа эс алышмакчы. Жекшемби күн болсо жуманын башталышы катары эсептелинүүгө тийиш.

Бир катар ислам өлкөлөрүндө, маселен Сауд Арабиясы, Иран, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттарында жума күн дем алыш катары жарыяланган. Ошол эле учурда Пакистан, Түркия сыяктуу мусулмандар басымдуу кылган мамлекеттер калк көндүм болгон ишемби, жекшемби күндөрү эс алат.

Кыргызстанда жуманы дем алышка айландыруу аракетине Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен муфтият өз позицияларын расмий билдире элек. Ал эми жарандык коомдун өкүлдөрү болсо бул демилге дүняби өлкөгө ылайыксыз деген пикирди карманышууда. Алардын бири “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова:

- Бул демилге Кыргызстандын өнүгүү стратегиясына каршы келет. Ошондой эле демократиялык өнүгүү жана Орто Азияда биринчилерден болуп парламенттик башкаруу системасына кирген Кыргызстанга да ылайыктуу эмес.

“Демократия жана жарандык коом” үчүн коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова мындай өзгөрүүлөргө зарылчылык жок деген пикирде:

- Биринчиден, бизде халифат эмес. Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү мусулман болгону менен анын баары эле жумушка чыга бербейт. Алар кааласа, жуманын каалаган күнү эс алат. Мамлекеттик органдар болсо Конституцияга баш ийет. Конституцияда баары эле так жазылып турат. Андыктан бул демилге анчалык деле актуалдуу эмес. Экинчиден, бул демилге чындап эле элдин жашоосун жакшыртып кетсе, анда көтөрүлө берсин.

Турсунбай Бакир уулу бул сунушун мындан 17 жыл мурда Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышында да айтып чыккан. Анда эл өкүлүнүн аракети колдоого ээ болбой калган. Эми Бакир уулу азыркы парламент бул мыйзам долбоорун колдойт деп ишенгени менен анын кабыл алынарынан күмөн санагандар жок эмес. Бул багытта депутат Исмаил Исаков ой бөлүштү:

- Бешинчи күндү базар күнгө алмаштыруу демилгесин колдой албайм. Бул адамдарга канча жылдардан бери калыптанып калган салт болуп калды. Биз эми биринчи күндү деле, экинчи күндү деле базар күн деп койсок боло берет. Бирок андан эмне пайда табабыз?

Мечиттердин бириндеги жума намаз
Мечиттердин бириндеги жума намаз
Дем алышты өзгөртүү демилгеси интернеттеги “Фейсбук” социалдык түйүнүндө талкууланып, кайчы пикирлер менен коштолууда. Бул демилгени көбүнесе жума намазга барган жарандар колдоого алышууда. Бишкек көчөлөрүндө сурамжылоо жүргүзгөндө да андай пикирди карманган жарандарды кездештирдик:

Сейдакмат Икрамидин уулу: Буга кошулам. Себеби азыр биз студентпиз. Канчалык жума намазга барайын деп, арыз жазган сайын директорлор уруксат бербей жатат. Ошондуктан жума дем алыш күн болушуна кошулам.

Галина: Жок, мен буга терс көз караштамын. Анткени канча убактан бери жекшемби күнү эс алып көнүп калганбыз.

Акжолтой: Дем алыш күндү жылдыргандан эмне өзгөрөт? Эч нерсе өзгөрбөйт. Көнгөн эле күнү эс ала берген жакшы.

Кыргызстанда исламдын жол-жоболорун күнүмдүк турмушка киргизүү демилгелери биринчи жолу эле көтөрүлгөн жок. Мурдагы парламенттердин тушунда исламда жол берилген көп аял алуу көрүнүшүн мыйзамдаштыруу сунуштары айтылган.

Азыркы парламент шайлангандан кийин Турсунбай Бакир уулунун Жогорку Кеңеште намазкана ачуу демилгеси да талкуу жараткан. Жарандык коомдун өкүлдөрү бийлик динден ажыратылган өлкөнүн парламентинде намазкананын ачылышы Конституцияга каршы келет деп билдирип чыгышкан. Бирок Бакир уулунун айтымында, жарандык коомдун каршылыгына карабай ачылган бул намазканага азыр жума сайын 200гө жакын адам топтолууда.

Соңку кездери исламга ыктаган коомдук ишмер, депутаттардын жаңы жыл тосууга тыюу салуу демилгеси да кызуу талкууларга жем таштап кетет.
XS
SM
MD
LG