Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:56

Адам органын алмаштыруунун оош-кыйышы


Талгат Осмонов башында турган дарыгерлер тобу операция жасоодо, 30-январь, 2013-жыл

Талгат Осмонов башында турган дарыгерлер тобу операция жасоодо, 30-январь, 2013-жыл

Кыргызстанда бөйрөгүн алмаштырган 40тан ашуун адам болсо, алардын 90 пайызы операцияны чет өлкөдөн чоң акчага жасаткан. Мындай операциялар чет жакта өтө кымбат жасалгандыктан жүздөгөн адамдар ажалынан эрте кетүүдө.

Кыргызстанда адам органдарын жана эт кыртышын башкаларга жамоо тууралуу мындан мурдарак сөз кылуу мүмкүн эмес эле. Бирок адистер оорулуулар жана кырсыктар саны арткан сайын ушундай муктаждык пайда болгонун белгилешет.

Органды алмаштыруу же башкага көчүрүү операцияларын жасоого жеке медициналык клиникаларга да уруксат берүү демилгесин депутат Игорь Гусаров көтөрүүдө. Анын айтымында, буга муктаж адамдардын саны жыл сайын өсүүдө.

- Бул мыйзам долбоор Кыргызстан жарандарынын өз убагында жана толук кандуу медициналык жардам алуу укугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Ошондой эле бөйрөгү оорулуулардын жана аны алмаштырууга муктаждардын саны өсүүдө. 2012-жылы 300 оорулуу болсо, азыр алардын саны 1200дөн ашты. Өлкө аймагында бөйрөгүн алмаштыргандар да көбөйдү. Алардын 90 пайызы чет өлкөдө жасалган.

Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясы 2012-жылдын 16-июлунда болгон

Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясы 2012-жылдын 16-июлунда болгон

Операция жасоо жана аны ишке ашыруу жагына көзөмөлдү Саламаттык сактоо жана укук коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар, анын ичинде Ички иштер министрлиги жүргүзөт. Анткени коомчулукта орган сатуу бизнеси күчөп, ал тургай криминалдашып кетет деген кооптонуулар жок эмес.

ИИМдин орун басары Курсан Асановдун белгилешинче, органды соодалагандар адам сатуу беренесине ылайык 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

- Операция материалдык жана башка маселеде көз каранды болгон адамдарга байланыштуу жасалса, үч жылга эркинен ажыратылат. Ал эми органды башка жактарга сатуу максатында жасалса, мыйзамдын негизинде мүлкү мамлекетке чегерилет жана 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

"Уулум үчүн бөйрөгүмдү берем..."

Жүрөк хирургия жана органдарды алмаштыруу илимий изилдөө институтунун мурдагы башчысы, профессор Талгат Осмонов мындай уруксатты жеке клиникаларга берүү эрте деген ойдо. Ал мындай операцияларды азыр мамлекеттик ооруканалар деле ишке ашыра алат деп эсептейт. Осмонов донорлордун алкагын кеңейтүүнү сунуштоодо.

- Өкмөттүк ооруканалар мындай операцияны өздөрү деле жасай алат. Жасай албаса менчикке берсе болот. Мындай операциялар Кыргызстанда башталган. Болгону аныктоо керек, Жүрөк хирургия жана органдарды алмаштыруу илимий изилдөө институттун күчү буга жетпейт. Муну Республикалык оорукананын Урологиянын жаңы корпусуна берсе, жакшы эле жасап кетет. Экинчиден, азыр маселе менчикке берелиби же мамлекетке караштуу мекемелер жасайбы дегенде эмес. Мыйзам жагынан маселе чыгууда. Учурда донорлордун тизмесин кеңейтүү керек. Анткени бизде жакын туугандары гана бере алат деп атабыз. Түркияда беш муунга чейин жакын тууган деп эсептелет, ал тургай бул тизмеге аялынын туугандары да кирет.

Кыргызстанда мыйзамга ылайык, жакын туугандары гана донор боло алат. Ошого карабай "бөйрөгүмдү сатам" деп жарыя бергендер арбын. Кыргызстанда колунда жок жарандар органын сатуу үчүн Казакстанга, башка мамлекеттерге барганы айтылып жүрөт.

Ысык-Көлдүн тургуну Марияны да биз ошондой жарнамалардан таптык. Ал оорулуу уулун дарылоого акча керек болуп жатканын, бир бөйрөгүн 25 миң долларга сата турганын билдирди.

- Баламды дарылоо үчүн мага акча керек. 21 жаштагы баламдын омурткасына операция жасатуу керек. Балам жакшы болуп кетсе эле болду. Башка нерседен коркпой эле турам. Башка мүмкүнчүлүгүм жок, ошондуктан бул оюмдан кайтпайм.

Жеке клиникалар: Биз даярбыз!

Кыргызстанда биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы 2012-жылы жасалган. Анда апасы баласына бир бөйрөгүн берген эле. Ошондон бери 9 кишиге операция жасалыптыр. Жеке клиникалардын өкүлдөрү эгер аларга уруксат берилсе, мындан алда канча көп адамдын түйшүгүн жеңилдетет элек дешет.

Бишкектеги көп профилдүү КАМЭК клиникасынын башчысы Эркин Маматов мындай операцияларды жасоого жеке клиникалар төрт-беш жыл мурда эле даяр болгонун айтат.

- Эмнеге менчикке берүүгө эрте болсун? Менчик клиникалар баарын жасайт, ошого керектүү жабдуунун баары бар. Мамлекеттик мекемелер азыр даяр эмес, алардын каражаты жок. Адистер даяр эмес.

Бөйрөгүмдү 25 миң долларга сатам. Баламды дарылоо үчүн мага акча керек. 21 жаштагы баламдын омурткасына операция жасатыш керек.

Айрымдар башка адамдарга да донор болууга уруксат берилсе, бала-чаканы уурдоо күч алат деп санаага түшүүдө. Ал эми мыйзамды жактагандар ар бир органды салууда анын тек-жайы – кайдан жана кимден алынганы расмий тастыкталганда гана уруксат берилет деп ишендирип жатышат. Азырынча депутаттар жакын туугандары донор болгон шартта гана жеке менчик клиникалар операция жасай алат дегенге гана макулдугун беришти. Мыйзам биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

Экинчи окууда башка каалоочуларга донор болууга уруксат берүү маселеси да каралышы мүмкүн. Өнүккөн өлкөлөрдө оор кырсыкка кабылып, өлүм алдында жаткан адамдардын, жаңы каза болгондордун органын алып калуу боюнча атайын комиссия иштейт. Андай органдар атайын базада сакталат. Кыргызстандык дарыгерлер муну ишке ашырууга эрте экенин белгилешүүдө.

Ушул тапта Кыргызстанда 1500гө жакын адам бөйрөк оорусунан жабыркап келет. Алардын 473ү бюджеттик негизде гемодиализ аппараты менен камсыз болот. Дагы кезекте тургандары бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG