Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

Кыргызстанда мурда соттолгон жарандарды кийин башка бир ачыла элек кылмышка айыптаган же башка бир кылмышкердин ордуна соттоп жиберген учурлар бар.

Кызыл-Кыянын 31 жаштагы тургуну Азамат Кожомбердиев башка бирөө менен бирге “Жинлипи” телевизорун карактаган деп айыпталып, он жылга эркинен ажыраган. Башында ал Кызыл-Кыя шаардык соту тарабынан акталып, бирок кийинки сот инстанцияларында жабырлануучу тараптын жана күбөлөрдүн кылмышты ал жасаган эмес деген көрсөтмөлөрү эске алынган эмес.

Карактоого шектеген жагдай

2013-жылы 21-январда Кызыл-Кыя шаарынын Фрунзе көчөсүнүн тургуну 1939-жылы туулган пенсионер Аман Маматовду эки адам уруп, бычак менен коркутуп, анын үйүнөн “Жинлипи” үлгүсүндөгү телевизорун жана кийимдерин карактап кеткени тууралуу кылмыш иши катталган.

Бул ишке байланыштуу Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 1988-жылы туулган Улугбек Мурзаев деген жаран кармалган. Ал тергөөдө жана сотто айыбын моюнуна алган. Милиция ошол эле жылы 24-январда анын шериги катары Азамат Кожомбердиевди кармап, камакка алган. Бул кылмыш ишин 2013-жылы 4-июнда Кызыл-Кыя шаардык соту карап, айыпкер Мурзаевди сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Азамат Кожомбердиевдин айыбы сотто далилденбегенине байланыштуу акталып чыккан. Анткени соттук териштирүүдө анын ал кылмышка тиешеси жоктугу туурасында жабырлануучу тараптын жана күбөлөрдүн соттогу көрсөтмөлөрү эске алынган. Бирок мамлекеттик айыптоо аны мыйзамсыз акталган деп сунуш киргизип, ага кийин издөө жарыяланган. Ошентип бир жылдан соң Казакстандан кайтып келе жаткан жеринен кармалган Азамат Кожомбердиев кийинки соттук инстанциялардын чечими менен он жылга эркинен ажыратылган.

Учурда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Азамат Кожомбердиев өзү жасабаган иш үчүн соттолуп кеткен жагдай туурасында буларга токтолду:

- Окуя болгон күнү айылда элем. Аны менин айылдаштарым дагы ырастаган. Кызыл-Кыя шаарына 24-январь күнү паспортко сүрөткө түшкөнү барганымды сотто таксист да айтып берген. Милиция кызматкерлери көчөдөн кармап барып, бир аксакалды уруп-тонопсуңар деп камап койгон. Менин ага тиешем жоктугун айтсам, болбой эле уруп-согуп туруп алышты. Мага чейин кармалган бала менен көздөштүрүп, ал мени кылмышка шерик деп көрсөттү. Кийин камерада ал мага милициялар көрсөтмө берүүгө мажбурлашканын айтты. Мен кылмышты моюнума алган эмесмин. Жабырлануучу дагы тергөөдө тоногондор арасында менин жок экенимди айтып, көрсөтмө берген. Баштапкы сотто ошонун бардыгы ачыкка чыгып, акталгам. Үйлөнүп, Казакстанга кеткем. Келинчегим бул жактан төрөй турган болуп, Кыргызстанга кайтып келгенимде мени кайра кармап, камап салышты. Кийин эстесем, мен милиция бөлүмчөсүнө барганда бир бала бошоп чыгып кеткен эле. Көрсө кийин жанагы шерик бала Алмаз деген өнөгү ошол болгонун, бирок ал органдагы тааныштары аркылуу чыгып кетип, анын ордуна мени киргизишкен тура. Ошентип күнөөсүз жерден соттолуп кеттим. Бул күйүттү көтөрө албай ар жерге арызданып жүрүп атам дагы өтүп кетти.

Ачылбай калган жагдайлар

Соттолуучу Азамат Кожомбердиевдин укугун калыбына келтирүү үчүн анын адвокаты ишти жаңы жагдайларда кароону суранып, жакында кайрадан Башкы прокуратурага кайрылды. Анткени жактоочу тарап алгач Кызыл-Кыя шаардык сотунун өкүмүндө эске алынган Азамат Кожомбердиевдин ал кылмышка катышы жоктугун тастыктаган жабырлануучу Аман Маматовдун жана күбөлөрдүн мурда берген көрсөтмөлөрү четке кагылган учурларды кайрадан териштирүүнү талап кылууда.

Адвокат Калыйбүбү Алыбекова соттолуучуну тергөөдө эле алдын ала дайындалган айыпкер катары даярдаган далилдер бар экенин мындайча белгиледи:

- Башында жабырлануучуга дагы ушул бала деп көргөзүшкөн экен. Бирок ал кийинки көрсөтмөлөрүндө анын окуяга тиешеси жоктугун айтып, аны камактан бошотууну талап кылган түшүнүк кат жазыптыр. Бирок жабырлануучу менен күбөлөрдүн анын кылмышка катышы жоктугун айткан көрсөтмөлөрү жана окуя болгон күнү анын шаарда болбогонун тастыктаган далил жагдайлар турса да кийинки Баткен облустук соту мамлекеттик айыптоочунун гана жүйөсүн колдоп, кесип жибериптир. Мурда соттолгону үчүн гана аны шектүү карап, эркинен ажыратуу мыйзамга туура келбейт. Эгерде сот күмөн санаса, анда аны кайра тергөөгө жөнөтүшү керек эле. Бирок сот ага каршы далилдер жасалма болгонуна карабастан, мамлекеттик айыптоо менен бирге аны соттогонго кызыкдар болушкан. Ал соттон толук акталса, анда тергөөчүлөр жооп берип калмак. Бул ошон үчүн гана жасалган жасалма иш болуп калган.

Күбөлөрдүн күбөлүгү четке кагылганда

Мындан сырткары соттолуучу Азамат Кожомбердиевдин адвокаты аны камакка алуу жана тергөө учурунда кетирилген бир топ мыйзам бузууларды таап чыккан. Анда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү атайылап будамайлоо аркылуу алынган учурлар кийин белгилүү болгону аныкталган.

Каракталган телевизор сатууга сунушталган учурда көргөн күбөлөрдүн бири Нийматилла Акботоев милиция аларды көндүрүп көрсөтмө алганына кезинде анча маани беришпегенине жана анын кесепетинен күнөөсүз адам кесилип кеткен жагдайга азыр өкүнө турганын айтты:

- 22-январь күнү кечинде көз байланып калганда эки бала келип, телевизорун сата турганын айткан. Бирөө аркы четте турган. Анысын тааныган деле эмеспиз. Телевизорун 300 сомго сатып алгам. Анан кийин милициянын балдары келип, уурдалган буюм деп алып кетишкен. Анан милиция кызматкерлери кийин келип телефонго тартылган сүрөттү көргөзүп, уурунун шериги ушул бала деп көргөзүшкөн. Тергөөгө барганда “ушул бала телевизор саткан жигит менен келген” деп айтып берип койсоңуз эле жетет деген. Анан ошентип көрсөтмө берип койгонбуз. Биз аны каяктан таап келип, жөн жеринен камаганын билген жокпуз. Бир бечаранын баласы жок жеринен камалып кеткенин угуп, аябай өкүндүм. Кийин сотто ал шерик бала эмес болчу, бою дагы туура келбейт деп айтканбыз.

Экинчи бир күбө милиция чакырганда жумушка байланыштуу шашылып чыгып кетип, ошонун айынан кийин алардын көрсөтмөсүнүн айрым жерлери бурмаланып кеткен жагдайга токтолду. Бирок Баткен облустук сотунда ишти апелляциялык кароодо ал жагдай эске алынган эмес. Мына ошентип күбө Абдижалил Жунусов тергөөдө да, сотто да айыпкер Кожомбердиевге каршы көрсөтмө бербегенин белгиледи:

- Телевизор көтөрүп келген эки баланын бири чынында эле ал жигит эмес эле. Анан тергөөдө деле ал кийин пайда болуптур да. Тергөөгө түшүнүк берүүгө барганда биз жумушка шашылып жаткандыктан тез эле бошоткула деп сурандык. Бизге тергөөчүлөр актай кагазга кол коюп берип, кете бергиле деген. Тигил балдарды сөөмөй менен көрсөтүп жатканда мен ал Азамат деген жигит телевизор көтөрүп келгендердин арасында жок болчу деп эле айткам. Бирок кийин ал башкача болуп жазылып калыптыр.

Мамлекеттик айыптоочу: көрсөтмөлөр ыңгайга жараша өзгөргөн

Башында Кызыл-Кыя шаардык сотунан Азамат Кожомбердиевдин акталып чыгышына карата шаар прокурорунун ага жардамчысы жана мамлекеттик айыптоочу Исак Насиров аны мыйзамсыз акталды деген негизде Баткен облустук сотунун жазык иштерди кароо боюнча соттук коллегиясына сунуштама киргизген.

Анда баштапкы соттун Кожомбердиевди актоо өкүмүн жокко чыгаруу жагы суралган. Анткени мамлекеттик айыптоочу Кожомбердиев мурда бир нече жолу соттолгонуна карабастан, акталып кеткенин баса белгилеген. Ошондой эле ал тергөөдө Азамат Кожомбердиевдин Улугбек Мурзаев менен бирге кылмышка барганы жана каракталган телевизордун базардын кароолчуларынын бирине саткан учуру тергөөдө далилденген деп эсептейт.

Бул айыптоону караган мамлекеттик айыптоочу Исак Насиров күбөлөр менен жабырлануучу кийин сотто көрсөтмөлөрүн өзгөртүп жиберишкен деген жүйөнү келтирди:

- Телевизорду базарга алып барып саткан шериги жана аны сатып алгандар башында анын ошол окуяда болгонун тастыктап беришкен. Кийин эле сотто дагы көргөзүп беришкен. Эми азыр башкача кылып жатышпайбы. Анан сотто ал акталып кеткенде мен сот туура эмес актады деп сунуштама киргизгем. Себеби, бир нече жолу соттолгон адамды сот залынан бошотуп жибергени Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин ченемдерине каршы келет. Анан кийин кармалып, анан кийинки соттон камалбадыбы. Кийин булар күбөлөрдү сатып алып, көрсөтмөлөрүн өзгөртүүгө аракет жасашкан. Башкы прокуратурага кайрылып, жаңы жагдайлар менен ишти кайра кароону сураган. Биз кайрадан текшерип чыгып, күбөлөрдүн эмнеге сүрөттөр атайын көрсөтүлгөн деп көрсөтмөлөрүн өзгөрткөн жагдайларды аныктап чыкканбыз. Ошон үчүн иш токтотулуп, аны жаңы жагдай менен кароого негиз жок деп тапканбыз. Жабырлануучунун берген көрсөтмөсүндө негиз жок дегенибиз, бейиши болгур ал киши аябай ичкич адам эле.

Жабырлануучу Аман Маматов бул иш Баткен облустук сотунда каралганга чейин көзү өтүп кеткен. Бирок анын берген көрсөтмөсү кийинки соттук инстанцияларда эске алынган эмес. Жабырлануучунун бир тууган иниси Абиш Маматов анын агасы тергөөдөн баштап баштапкы сотко чейин милиция Азамат Кожомбердиевди күнөөсүз камап отурат деп айтып, көрсөтмө берген учурлары туурасында билдирди:

- Агам мына ошол жигиттин айыбы жок, аны милиция жөн эле кармап отурат деп мага бир нече жолу айткан эле. Азамат деген бала баштапкы соттон акталып чыккан. Кийин эле аны кармап, кайра түрмөгө киргизип коюшуптур. Кийинки сот маалына чейин эле менин агам өтүп кетти. Мени болсо анын иниси болсом дагы кийинки сот жабырлануучу катары тааныбай койду, эмнегедир. Бирок мен сотто агам ал жигиттин окуяга катышы жок экенин айтканын жана ал боюнча берген көрсөтмөлөрүн эске алууну сурадым эле. Бирок андай болбоду. Эми сот-прокурорлор өздөрү билгендей кыла беришет турбайбы. Жабырлануучу катары башында ошол агам, анын аны иниси мен айтсам дагы укпай коюшту да. Күнөөсүз бирөө камалып кете берди.

Баштапкы сот актаган мыйзамдык жүйөлөр

Ошол эле учурда бул кылмыш иши боюнча Азамат Кожомбердиевге карата баштапкы соттун актоо өкүмүн чыгарган мурдагы судья Калдарбек Кыдыровго байланышка чыктык. Калдарбек Кыдыров эки айыпкердин биринин күнөөсү далилденип, анын экинчиси боюнча тергөөнүн чогулткан материалдары суроо жаратканын белгиледи.

Ага карата далилдер мыйзамдуу эмес жолдор менен чогултулганы соттук териштирүүдө аныкталып калганын айткан Калдарбек Кыдыров соттолуучу Азамат Кожомбердиевди актоого негиз берген жагдайлардын мыйзамдуулугу туурасында буларга токтолду:

- Мыйзамда өкүм соттук териштирүүдө түздөн түз изилденген далилдердин негизинде гана чыгарылат деп турат. Ошого ылайык Кожомбердиевдин айыбы сотто аныкталган эмес. Ошон үчүн мен ага карата актоо чечимин чыгаргам. Себеби, тергөө анын айыбы бар экенин толук далилдеп бере алган эмес. Анан калса күбөлөр жана жабырлануучу өзү окуяда ал адам болгон эмес деп жатса, анан мен кантип аны мурда сотттолгон экен деп эле кайра соттоп жиберейин? Эгерде тергөө боюнча гана сот өкүмү чыга берсе, анда эмне болот. Анын карактоого катышы бары далилденсе, анда мен ага жаза чарасын чегерүүдө анын мурда соттолгонун эске алмакмын. Бирок ага далил табылган жок. Анан эми милицияда ачылбаган иштерди мурда соттолгондорго илип эле, анан аны жаап коюп жаткан тажрыйба бар да. Ошол үчүн соттогу иштерде көп эпизоддуулук болуп жатпайбы. Конституциянын 24-26-беренелеринде адам өзүнүн айыбын далилдөөгө милдеттүү эмес жана териштирүүдөгү күмөн саноолордун бардыгы айыпкердин пайдасына чечилет деп турат. Мен мына ошолорду жетекчиликке алып, анан өкүм чыгаргам.

Жабырлануучунун жазганын эске албаган сот

Баткен облустук соту 2014-жылы 2-сентябрда буга байланыштуу кылмыш ишин апелляциялык негизде карап, соттолуучу Азамат Кожомбердиевди сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бул соттук коллегиянын өкүмүндө жабырлануучу тараптын жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү көңүлгө алынбай, өкүм жалаң гана мамлекеттик айыптоочу менен тергөөнүн баштапкы версиясына таянып чыгарылган. Бул ишти кароого төрайымдык кылган судья Уулча Толубаева кийинки өкүм жабырлануучу тарап менен күбөлөрдүн көрсөтмөсү ишеним жараткан эмес деген негизде чыгарылганын айтты:

- Жеңил же анча оор эмес кылмыштар болсо, жабырлануучу тарап айыптоодон баш тартса, анда иш кыскарышы мүмкүн. Бирок бул жерде оор кылмыш болуп жатпайбы. 168-берене – карактоо деген оор кылмыш да. Оор кылмыштарды жасап коюп, адамдарды өлтүрүп, карактай беришсе, анан кийин жабырлануучу тарап аны менен жарашып алса, анда алардын бардыгы жазасыз кала бербейби. Мына ошондуктан мыйзам боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштар жасалган учурда жабырлануучу тарап айыптоодон баш тартса, анда анын жаза чарасы жеңилдетүүгө жатпайт.

Бул сот өкүмүнө нааразы болгон Кожомбердиевдин адвокаты 2014-жылы ноябрда ишти кайра тергөөгө жөнөтүү өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган. Бирок ал ишти караган Жогорку Соттун жазык иштери боюнча коллегиясы күбөлөр менен жабырлануучу тараптын айткан көрсөтмөлөрү боюнча ишти жаңы жагдайда карап, терең иликтөөнүн ордуна Азамат Кожомбердиевдин жаза чарасын күчөткөн өкүм чыгарган. Мурдагы сот өкүмүндө Азамат Кожомбердиевдин бир нече жолу соттолгону эске алынган эмес деген негизде анын мурдагы жаза мөөнөтүнө кайра тескерисинче эки жыл алты ай кошулган. Мына ошентип соттолуучу Азамат Кожомбердиев “Жинлипи” деген телевизорду карактоого шерик болду деген айып менен жалпысынан он жылдан ашуун мөөнөткө эркинен ажыратылып, абакта отурат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG